Адабияттын, педагогиканын баба дыйканы. Абдыкерим Муратовдун 70 жылдыгы белгиленди
Адабияттын, педагогиканын баба дыйканы. Абдыкерим Муратовдун 70 жылдыгы белгиленди
Sputnik Кыргызстан
Муратовдун өзгөчөлүгү — билим берип, адамдын жан дүйнөсүн агарткан мугалимдик, андан сырткары адамдын көркөм дүйнөсүн тереңдеткен жазуучулукту кошо алып жүрүп... 20.05.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Педагогика илиминин доктору, профессор, жазуучу, публицист Абдыкерим Муратовдун 70 жылдык юбилейине арналган иш-чара борбор калаа Бишкекте өттү. Ал — педагогика илимдеринин доктору, профессор, РФтин Табигый илимдер академиясынын академиги, "Билим берүүнүн жана илимдин эмгек сиңирген ишмери" ардактуу наамынын, К.Д. Ушинский медалынын ээси, Кыргыз өкмөтүнүн балдар адабияты боюнча мамлекеттик сыйлыгынын, Улуттук Жазуучулар биримдигинин Тоголок Молдо атындагы жана "Алтын калем" сыйлыктарынын лауреаты, жазуучу, публицист-журналист, методист, этнопедагог. Муратов студент чакта эле биринчи рецензиялары, адабий сындары жазылып, аларда кыргыз адабиятынын айрым өкүлдөрүнүн чыгармалары өз баасын алган. Кийин көптөрдүн колунан келе бербеген нерсени — адабияттын бир нече жанрын биргеликте алып кетти. Ал эми педагогика Муратовдун ишиндеги эң негизги орунду ээлейт. Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясындагы бул иш-чара эл аралык деңгээлде өттү. Казакстандын адабият менен маданиятынын үлкөн өкүлдөрү жана Кытайда жашаган кыргыз окумуштуу, филолог Макелек Өмүрбай баштаган коноктор келди. Ал эми өлкөнүн ичинен илим жана жогорку билим берүү министри Гүлзат Исаматова, Агартуу министрлигинин, кыргыз адабиятынын, маданиятынын өкүлдөрү, педагогика боюнча илимпоз-окумуштуулар юбилярды куттуктап, каалоо-тилектерин айтышты. Ведомство, уюмдар ыйгарган наамдарын тапшырды. Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев Муратовду куттуктап жатып, анын ат көтөргүс эмгегин баса белгилеп, союздун "Адабияттагы артыкчылыгы" медалын тапшырды. Муратовдун педагогдуктан сырткары, аңгеме да, илимий эмгек да, роман да, публицистика да жазып келгенине кеңири токтолду. Муратов түзгөн "Кыргыз элинин этнопедагогика боюнча билимдери, тажрыйбалары" деп аталган китебин шедевр деп атады. Казакстандан келген делегация мүчөлөрү акын, котормочулар Саят Камшыгер, Даулетбек Байтурсунулы, жазуучу Абдилдабек Салыкбай Муратовдун чыгармалары казак тилине которулуп, учурда боордош элдин адабият сүйүүчүлөрүнүн сүймөнчүлүгүнө арзыгандыгын айтып беришти. Юбилярга чын жүрөктөн чыккан каалоо-тилектерин билдиришип, адабий алаканын бекемделишин белгилешти. Этнопедагог 70 жылдыгына карата эмгектеринин 7 томдугун чоң энелеринен улам кийинки муундарга тапшырылып келе жаткан үч кылымдык тарыхы бар сандыкка салып, сахнага алып чыгып, андан соң бет ачарын өткөрдү.
Муратовдун өзгөчөлүгү — билим берип, адамдын жан дүйнөсүн агарткан мугалимдик, андан сырткары адамдын көркөм дүйнөсүн тереңдеткен жазуучулукту кошо алып жүрүп, бул эки кесипти аркалаганы.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Педагогика илиминин доктору, профессор, жазуучу, публицист Абдыкерим Муратовдун 70 жылдык юбилейине арналган иш-чара борбор калаа Бишкекте өттү.
Ал — педагогика илимдеринин доктору, профессор, РФтин Табигый илимдер академиясынын академиги, "Билим берүүнүн жана илимдин эмгек сиңирген ишмери" ардактуу наамынын, К.Д. Ушинский медалынын ээси, Кыргыз өкмөтүнүн балдар адабияты боюнча мамлекеттик сыйлыгынын, Улуттук Жазуучулар биримдигинин Тоголок Молдо атындагы жана "Алтын калем" сыйлыктарынын лауреаты, жазуучу, публицист-журналист, методист, этнопедагог.
Педагогика илиминин доктору, профессор, жазуучу, публицист Абдыкерим Муратов
Муратов студент чакта эле биринчи рецензиялары, адабий сындары жазылып, аларда кыргыз адабиятынын айрым өкүлдөрүнүн чыгармалары өз баасын алган. Кийин көптөрдүн колунан келе бербеген нерсени — адабияттын бир нече жанрын биргеликте алып кетти. Ал эми педагогика Муратовдун ишиндеги эң негизги орунду ээлейт.
Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясындагы бул иш-чара эл аралык деңгээлде өттү. Казакстандын адабият менен маданиятынын үлкөн өкүлдөрү жана Кытайда жашаган кыргыз окумуштуу, филолог Макелек Өмүрбай баштаган коноктор келди. Ал эми өлкөнүн ичинен илим жана жогорку билим берүү министри Гүлзат Исаматова, Агартуу министрлигинин, кыргыз адабиятынын, маданиятынын өкүлдөрү, педагогика боюнча илимпоз-окумуштуулар юбилярды куттуктап, каалоо-тилектерин айтышты. Ведомство, уюмдар ыйгарган наамдарын тапшырды.
Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев Муратовду куттуктап жатып, анын ат көтөргүс эмгегин баса белгилеп, союздун "Адабияттагы артыкчылыгы" медалын тапшырды. Муратовдун педагогдуктан сырткары, аңгеме да, илимий эмгек да, роман да, публицистика да жазып келгенине кеңири токтолду.
"Абдыкерим агайдын (Муратов — ред.) өзгөчөлүгү — Кыргызстанда билим берип, адамдын жан дүйнөсүн агарткан мугалимдик, андан сырткары адамдын көркөм дүйнөсүн тереңдеткен жазуучулукту кошо алып жүрүп, бул эки кесипти аркалаганы. Дегеле, адабиятты, кыргыз тилин өнүктүрүүдө, анын эбегейсиз бай тил экендигине салымын кошуп, сактоодо эбегейсиз эмгек өтөдү", — деди төрага.
Муратов түзгөн "Кыргыз элинин этнопедагогика боюнча билимдери, тажрыйбалары" деп аталган китебин шедевр деп атады.
Казакстандан келген делегация мүчөлөрү акын, котормочулар Саят Камшыгер, Даулетбек Байтурсунулы, жазуучу Абдилдабек Салыкбай Муратовдун чыгармалары казак тилине которулуп, учурда боордош элдин адабият сүйүүчүлөрүнүн сүймөнчүлүгүнө арзыгандыгын айтып беришти. Юбилярга чын жүрөктөн чыккан каалоо-тилектерин билдиришип, адабий алаканын бекемделишин белгилешти.
Этнопедагог 70 жылдыгына карата эмгектеринин 7 томдугун чоң энелеринен улам кийинки муундарга тапшырылып келе жаткан үч кылымдык тарыхы бар сандыкка салып, сахнага алып чыгып, андан соң бет ачарын өткөрдү.