Кантта МИК салып жаткан 5250 батирлүү комплекс кийинки жылы берилет
Кантта МИК салып жаткан 5250 батирлүү комплекс кийинки жылы берилет
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Кант шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания салып жаткан 5 250 батирлүү турак жай кийинки жылы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу... 13.05.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Кант шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания салып жаткан 5 250 батирлүү турак жай кийинки жылы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев курулушту көрүп жатканда белгилүү болду. Иш сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы долбоордун эскиздик чечимдери, инфраструктуралык камсыздоо жана курулуштун даярдык этабы боюнча жооптуу тараптардан кеңири маалымат алды. Долбоор үчүн Кант шаарынын батыш бөлүгүнөн №3 контурда жайгашкан жалпы 60 гектар жер тилкеси бөлүнгөн. Ал жерге 150 жети кабаттуу үй түшүп, 750 орундуу мектеп жана 280 орундуу бала бакча каралган. Батирлердин бөлүштүрүлүшү төмөнкүдөй: Ошондой эле долбоордо жер үстүндөгү унаа токтотуучу жайлар, балдар аянтчалары жана социалдык инфраструктура объектилери камтылган. Касымалиев долбоордун маанилүүлүгүн белгилеп, курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө аткаруунун зарылдыгын баса көрсөттү. Ал мындай ири социалдык долбоорлор калктын турак жай маселесин чечүүгө жана аймактын инфраструктурасын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошорун белгиледи.
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Кант шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания салып жаткан 5 250 батирлүү турак жай кийинки жылы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев курулушту көрүп жатканда белгилүү болду.
Адылбек Касымалиев долбоордун эскиздик чечимдери, инфраструктуралык камсыздоо жана курулуштун даярдык этабы боюнча жооптуу тараптардан кеңири маалымат алды
Адылбек Касымалиев долбоордун эскиздик чечимдери, инфраструктуралык камсыздоо жана курулуштун даярдык этабы боюнча жооптуу тараптардан кеңири маалымат алды
Ал жерге 150 жети кабаттуу үй түшүп, 750 орундуу мектеп жана 280 орундуу бала бакча каралган
Иш сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы долбоордун эскиздик чечимдери, инфраструктуралык камсыздоо жана курулуштун даярдык этабы боюнча жооптуу тараптардан кеңири маалымат алды.
Долбоор үчүн Кант шаарынын батыш бөлүгүнөн №3 контурда жайгашкан жалпы 60 гектар жер тилкеси бөлүнгөн. Ал жерге 150 жети кабаттуу үй түшүп, 750 орундуу мектеп жана 280 орундуу бала бакча каралган. Батирлердин бөлүштүрүлүшү төмөнкүдөй:
бир бөлмөлүү — 1050 батир;
эки бөлмөлүү — 3150 батир;
үч бөлмөлүү — 1050 батир.
Ошондой эле долбоордо жер үстүндөгү унаа токтотуучу жайлар, балдар аянтчалары жана социалдык инфраструктура объектилери камтылган.
Касымалиев долбоордун маанилүүлүгүн белгилеп, курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө аткаруунун зарылдыгын баса көрсөттү. Ал мындай ири социалдык долбоорлор калктын турак жай маселесин чечүүгө жана аймактын инфраструктурасын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошорун белгиледи.