https://sputnik.kg/20260509/mariupolgo-kol-salgan-ukrain-bijligi--1101180406.html
9-Майды белгилеп жаткан Мариуполго кол салган украин бийлиги. Видео
9-Майды белгилеп жаткан Мариуполго кол салган украин бийлиги. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-май. — Sputnik. Украинанын улуттук батальондору өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө таянып Жеңишти майрамдап жаткан Мариуполь шаарына кол салган. Каргашаны... 09.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-09T16:31+0600
2026-05-09T16:31+0600
2026-05-09T16:31+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
украина
мариуполь
жеңиш күнү
майрам
ок чыгаруу
аткылоо
https://sputnik.kg/img/07ea/05/08/1101180224_0:285:3135:2048_1920x0_80_0_0_c9296b98433e20a6b61b6f7c925db7aa.jpg
БИШКЕК, 9-май. — Sputnik. Украинанын улуттук батальондору өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө таянып Жеңишти майрамдап жаткан Мариуполь шаарына кол салган. Каргашаны @SputnikLive эске салды. Ал күнү Мариуполдун миңдеген тургуну ата-бабалардын эрдигине таазим этүү үчүн көчөгө чыгышкан эле. Улуттук батальондор милициядан "россиялык митингди" курал менен таркатууну талап кылат, бирок тартип сакчылары элге ок чыгаруудан баш тартат. Куралды биринчи болуп майдандык бийлик дайындаган Мариуполь милициясынын башчысы алып, кол алдындагы кызмакерди атып салат да, кабинетине бекинип "жардам" чакырат. Баш бербей жаткан милиционерлерди "тынчытууга" "Азов"* жана "Днепр"** улуттук батальондорунун согушкерлери БМП-2, БТР-70 менен кошо тартылган. Жай тургундарды башаламан аткылап, гвардиячылар шаардык милициянын имаратына келип, гранатометтон ок чыгарышат. Ушу кезге чейин улутчулдардын огунан бийликке каршы чыккан милиция кызматкерлери менен жай жашоочулардын канчасы өлгөнү белгисиз. * — Россияда тыюу салынган уюм ** — Россияда тыюу салынган уюм
https://sputnik.kg/20260505/kiyev-moskvadagy-paraddy-uzgultukko-uchuratsa-kesepeti-katuu-bolot-1101139136.html
украина
мариуполь
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/08/1101180224_404:0:3135:2048_1920x0_80_0_0_df6098efbf7cb61f8eeb0b765af74ab1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, мариуполь, жеңиш күнү, майрам, ок чыгаруу, аткылоо
дүйнөдө, украина, мариуполь, жеңиш күнү, майрам, ок чыгаруу, аткылоо
БИШКЕК, 9-май. — Sputnik. Украинанын улуттук батальондору өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө таянып Жеңишти майрамдап жаткан Мариуполь шаарына кол салган. Каргашаны @SputnikLive эске салды.
Ал күнү Мариуполдун миңдеген тургуну ата-бабалардын эрдигине таазим этүү үчүн көчөгө чыгышкан эле. Улуттук батальондор милициядан "россиялык митингди" курал менен таркатууну талап кылат, бирок тартип сакчылары элге ок чыгаруудан баш тартат.
Куралды биринчи болуп майдандык бийлик дайындаган Мариуполь милициясынын башчысы алып, кол алдындагы кызмакерди атып салат да, кабинетине бекинип "жардам" чакырат. Баш бербей жаткан милиционерлерди "тынчытууга" "Азов"* жана "Днепр"** улуттук батальондорунун согушкерлери БМП-2, БТР-70 менен кошо тартылган.
Жай тургундарды башаламан аткылап, гвардиячылар шаардык милициянын имаратына келип, гранатометтон ок чыгарышат.
Ушу кезге чейин улутчулдардын огунан бийликке каршы чыккан милиция кызматкерлери менен жай жашоочулардын канчасы өлгөнү белгисиз.
* — Россияда тыюу салынган уюм
** — Россияда тыюу салынган уюм