00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:03
49 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
10 мин
Особый акцент
Ловушки бессрочной аренды: как правильно оформить договор, чтобы не потерять деньги - советы юристы
20:11
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
Араванда биринчи түшүмдү жыйноо башталды. Кыргызстанда жазгы талаа иштеринин жүрүшү кандай болуп жатат?
21:08
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Калпак – кыргыздын руханий баалуулуктардын ажырагыс бөлүгү. Мамкатчынын куттуктоосу

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүКалпакчан эркек менен элчекчен аял
Калпакчан эркек менен элчекчен аял - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Кыргызстандыктар бүгүн Ак калпак жана улуттук кийим күнүн белгилейт, буга байланыштуу мамлекеттик катчы Арслан Койчиев элди куттуктады.
Төмөндө куттуктоонун текстин толугу менен беребиз.
Бүгүн, 5-мартта, биз мамлекеттик деңгээлде элибиздин өзгөчө сыймыктануучу майрамы болгон Ак калпак жана улуттук кийим күнүн салтанаттуу түрдө белгилеп жатабыз.
Ак калпак жөн гана баш кийим эмес. Ал — элибиздин тарыхый эс тутуму, ата-бабаларыбыз бизге мурас катары калтырган ыйык символ, ар-намыстын, тазалыктын, асылдыктын жана улуулуктун чагылдырылышы. Кылымдарды карыткан кыргыз эли үчүн ак калпак улуттук биримдиктин, каада-салттын жана руханий баалуулуктардын ажырагыс бөлүгүнө айланган.
Улуттук кийим – бул элдин жүзү, анын маданияты жана дүйнө таанымы. Кыргыз улуттук кийиминин ар бир оюмунда, ар бир деталында терең философиялык маани бар. Алар көчмөн цивилизациянын жогорку эстетикасын, адамдын жаратылыш менен айкалышын жана анын руханий тереңдигин туюндурат.
Глобалдашуу доорунда улуттук өзгөчөлүктү сактоо – мамлекеттик көз карандысыздыкты жана руханий эркиндикти сактоо дегенди билдирет. Заманбап өнүгүү жолунда ишенимдүү бара жатып, биз улуттук баалуулуктарыбызды, каада-салтыбызды, эне тилибизди жана маданий мурасыбызды аяр сактап, өркүндөтүшүбүз керек.
Ата-бабаларыбыз калтырган баалуулуктарды жаш муунга өткөрүп берүү өзгөчө маанилүү. Бул — ар бир үй-бүлөнүн, билим берүү мекемелеринин жана бүтүндөй коомдун ыйык милдети. Өз тарыхын билген жана маданияты менен сыймыктанган, улуттук аң-сезими бекем муун – мамлекетибиздин келечегинин бекем жана гүлдөп-өнүгүшүнүн ишенимдүү кепилдиги.
Ак калпак Ала-Тоонун бийиктигинин, улуулугунун жана элдин жан дүйнөсүнүн тазалыгынын символу болуп саналат. Аны кийген ар бир кыргыз жараны өз элинин тарыхын, маданиятын жана Мекен алдындагы жоопкерчилигин жүрөгүндө алып жүрөт.
Бул жаркыраган майрам күнү сиздерди Ак калпак жана улуттук кийим күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.
Өлкөбүздө ар дайым тынчтык, биримдик жана ынтымак өкүм сүрсүн! Кыргызстандын асманы ачык, келечеги кең жана жаркын болсун! Улуттук баалуулуктарыбыз түбөлүктүү болсун!
Sputnik Кыргызстан агенттиги калпактын жасалышы, маани-маңызы тууралуу кызыктуу инфографика даярдаган.
Разновидности кыргызской национальной одежды  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2020
Салттуу кийим куп жарашкан кыргыздын мырзалары. Көз кубанткан 15 сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0