https://sputnik.kg/20260221/1099863786.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев борбор калаадагы медициналык мекемелердеги оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерди.Алгач микаб башчысы Мирсаид... 21.02.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-02-21T15:00+0600
2026-02-21T15:00+0600
2026-02-21T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/02/15/1099863620_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6340b4b44ae67ece4859e2f2d7a9875b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев борбор калаадагы медициналык мекемелердеги оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерди.Алгач микаб башчысы Мирсаид Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия улуттук борборундагы капиталдык оңдоонун жүрүшү менен таанышты. Учурда имараттын бир катар корпустарында, анын ичинде поликлиникада, операциялык блокто жана инженердик тармактарда жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө. Нефрология, ревматология жана терапия бөлүмдөрүндөгү оңдоо иштери аяктап, лифттер орнотулду, жылытуу жана электр системалары жаңыртылды. Борбордогу бардык иштерди үч ай ичинде бүткөрүү тапшырмасы берилди.Андан соң Касымалиев Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтундагы калыбына келтирүү иштерин көрдү. Былтыр өрттөн жабыркаган имаратта азыр оңдоо иштери соңуна чыгып калды. Инженердик системалар толугу менен жаңыланып, операциялык блоктун иштеши үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Институт үчүн 270 миллион сомго заманбап медициналык жабдуулар сатылып алынган.Жыйынтыгында Адылбек Касымалиев оңдоо иштерин 1-мартка чейин сапаттуу аяктоону тапшырды. Ошондой эле медициналык мекемелерди заманбап жабдуулар менен камсыздап, калкка көрсөтүлүүчү кардиологиялык жардамдын сапатын жогорулатуу милдети коюлду.
Кыргызстан Новосибирскиге 20 тонна продукция бата турган соода-логистикалык борбор курат. Бул туурасында экпортту өнүктүрүү боюнча иш алып барган "Кыргыз экспорт" борборунун директорунун орун басары Тилек Жумалиев радиолордун биринде маек куруп жатып айтты. Учурда Евразиялык өнүктүрүү банкы менен биргеликте техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип жатат. "Ал жерде биздин жашылча-жемиштер сакталып гана турбастан, сорттолуп, кайра иштетилет. Температураны ылайык кылып кармап туруу үчүн атайын кампаларды куруп, кыска мөөнөттө тоңдура салган камераларды орнотуу каралууда", — деген Жумалиев. Мындай жайлар Уралга, анын ичинен Екатеринбург, Омск шаарларына жеткирилген продукцияны бөлүштүрүп, Россиянын башка аймактарындагы соода тармактарга берүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бермекчи. Директордун орун басары ушундай эле борборду Алматы шаарында куруу пландалып, ага 10-20 гектар жер бөлүнгөнүн кошумчалады.
Венгрия Украинага жардам көрсөтүү үчүн 90 миллиард евро өлчөмүндөгү насыя берүүнү колдоодон баш тартты. Бул тууралуу чет элдик басылма өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен жазды. "Венгриянын элчиси жума күнү блоктун Украинага карыз берүү чечимине каршылыгын билдирди", — деп белгилеген басылма. Макалада Украина айтылган каражатсыз калса экинчи кварталда эле финансылык туңгуюкка кабылары айтылат. Еврокомиссия мурдагысындай эле ЕБ бюджетинин резервин колдоно алганы менен карыз берүү бардык 27 мүчө мамлекеттин макулдугу менен чечилери белгиленген. Эскерте кетсек, ушул айдын башында Евробиримдик насыя бөлүү милдетин алган. Жарыяланагн документке ылайык, бул кеңейтилген кызматташууга катышуудан баш тарткан Чехия, Венгрия жана Словакиянын бюджеттик төгүмүнө таасир этпейт.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев борбор калаадагы медициналык мекемелердеги оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерди.Алгач микаб башчысы Мирсаид Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия улуттук борборундагы капиталдык оңдоонун жүрүшү менен таанышты. Учурда имараттын бир катар корпустарында, анын ичинде поликлиникада, операциялык блокто жана инженердик тармактарда жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө. Нефрология, ревматология жана терапия бөлүмдөрүндөгү оңдоо иштери аяктап, лифттер орнотулду, жылытуу жана электр системалары жаңыртылды. Борбордогу бардык иштерди үч ай ичинде бүткөрүү тапшырмасы берилди.Андан соң Касымалиев Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтундагы калыбына келтирүү иштерин көрдү. Былтыр өрттөн жабыркаган имаратта азыр оңдоо иштери соңуна чыгып калды. Инженердик системалар толугу менен жаңыланып, операциялык блоктун иштеши үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Институт үчүн 270 миллион сомго заманбап медициналык жабдуулар сатылып алынган.Жыйынтыгында Адылбек Касымалиев оңдоо иштерин 1-мартка чейин сапаттуу аяктоону тапшырды. Ошондой эле медициналык мекемелерди заманбап жабдуулар менен камсыздап, калкка көрсөтүлүүчү кардиологиялык жардамдын сапатын жогорулатуу милдети коюлду.Кыргызстан Новосибирскиге 20 тонна продукция бата турган соода-логистикалык борбор курат. Бул туурасында экпортту өнүктүрүү боюнча иш алып барган "Кыргыз экспорт" борборунун директорунун орун басары Тилек Жумалиев радиолордун биринде маек куруп жатып айтты. Учурда Евразиялык өнүктүрүү банкы менен биргеликте техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип жатат. "Ал жерде биздин жашылча-жемиштер сакталып гана турбастан, сорттолуп, кайра иштетилет. Температураны ылайык кылып кармап туруу үчүн атайын кампаларды куруп, кыска мөөнөттө тоңдура салган камераларды орнотуу каралууда", — деген Жумалиев. Мындай жайлар Уралга, анын ичинен Екатеринбург, Омск шаарларына жеткирилген продукцияны бөлүштүрүп, Россиянын башка аймактарындагы соода тармактарга берүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бермекчи. Директордун орун басары ушундай эле борборду Алматы шаарында куруу пландалып, ага 10-20 гектар жер бөлүнгөнүн кошумчалады.Венгрия Украинага жардам көрсөтүү үчүн 90 миллиард евро өлчөмүндөгү насыя берүүнү колдоодон баш тартты. Бул тууралуу чет элдик басылма өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен жазды. "Венгриянын элчиси жума күнү блоктун Украинага карыз берүү чечимине каршылыгын билдирди", — деп белгилеген басылма. Макалада Украина айтылган каражатсыз калса экинчи кварталда эле финансылык туңгуюкка кабылары айтылат. Еврокомиссия мурдагысындай эле ЕБ бюджетинин резервин колдоно алганы менен карыз берүү бардык 27 мүчө мамлекеттин макулдугу менен чечилери белгиленген. Эскерте кетсек, ушул айдын башында Евробиримдик насыя бөлүү милдетин алган. Жарыяланагн документке ылайык, бул кеңейтилген кызматташууга катышуудан баш тарткан Чехия, Венгрия жана Словакиянын бюджеттик төгүмүнө таасир этпейт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/02/15/1099863620_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5189a40902487c4b9d4022eb4fbc686f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио