https://sputnik.kg/20260221/1099862411.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп, УКМКда кандай реформалар жүргүзүлөрү тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, реформадан кийин УКМК... 21.02.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-02-21T13:00+0600
2026-02-21T13:00+0600
2026-02-21T13:36+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/02/15/1099862245_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5db57e3d2fa27cd0d31433bd3bb62685.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп, УКМКда кандай реформалар жүргүзүлөрү тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, реформадан кийин УКМК мурдагы КГБдай накта атайын кызмат болот. Жапаров УКМКда ким иштээрин жана эмне жумуш жасаарын эч ким билбеши керектигине токтолгон. "Атайын кызмат өзүнө тиешелүү чалгындоо, контрчалгындоо, конституциялык түзүлүштү коргоо, террорчулук, экстремизм, бандитизм, баңгизатка каршы күрөш сыяктуу иштер менен алек болот. Экономикага киришпейт. УКМК эмне менен алек болуп жүргөнүн, ким кызматкери экенин эч ким билбеши керек", — деген Жапаров. ИИМ дагы өздөрүнө түздөн-түз тиешелүү милдеттер менен гана иш алып барат. Бул үчүн имараттар, техникалык базалар даярдалат. Жарлык чыгып, тиешелүү мыйзамдар Жогорку Кеңеште кабыл алынгандан кийин уюштуруу иштери башталат. Президент мындай реформаны мурда эле жасоону пландап, бирок ар кандай себептер менен улам жылдырып келгенин белгилеген. Бийлик реформаны ишке ашырууга эмдиги жылы киришет. Президент маегинде УКМКнын иши боюнча мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге бир нече жолу эскертүү бергенин да белгилеген. "Досум, УКМКнын кадыр-баркын көтөр. Мурдагы СССРдин КГБсындай баркы болушу керек. Антпесең эл арасында "УКМКнын кызматкеримин" деп күбөлүгүн "камокторго" да көрсөткөн учурлар бар деп бир топ жолу айткам", — деген Жапаров. Ошондой эле интимдик кызмат көрсөткөндөргө каршы күрөш боюнча видео жарыяланган күнү Ташиевди чакырганын айткан. Анда президент бул тармакты ИИМге бериши зарылдыгын, УКМК мындай иштер менен алектенип, атайын кызматтын деңгээлин түшүрбөшү керектигин эскерткенин кошумчалаган.
Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Айбек Маткеримов кызматынан кетти. Маалыматты министрлик тастыктап, иштен өз каалоосу боюнча кетүү арызы кечээ жазылганын билдирди. Маткеримов кызматка былтыр 15-декабрда дайындалган. Кесиби боюнча дарыгер. 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
2026-жылдын 20-февралына карата 192 миң 14 адам "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Белгилей кетсек, бул механизм насыяга байланыштуу алдамчылыктын алдын алуу максатында 2025-жылдын 1-ноябрынан тарта иштей баштаган.
АКШ Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хименеи менен уулу Можтабаны жок кылуу жагын караштырууда. Бул тууралуу Axios президент Дональд Трамптын атын атабаган кеңешчисине таянуу менен жазды. "Ар кандай болуп кетиши мүмкүн, бардык сценарийге вариант бар. Биринде аятолланы уулу менен, ошондой эле молдолорду жок кылуу камтылган. Трамптын өзү баш болуп натыйжада кайсы вариант ишке ашарын эч ким билбейт", — деген басылманын маектеши. Маалымат берген дагы бир адам Хименеини жок кылуу боюнча план Трампка бир нече жума мурун түшкөнүн билдирген. Кечээ The Wall Street Journal өзүнүн маалымат булагына таянуу менен Трамп Иранды өзөктүк келишим түзүүгө мажбурлоо үчүн анча катуу эмес сокку урууга белсенип турганын жазган. Ал эми Трамп Тегеран менен келишим түзүлөр-түзүлбөсү он күн аралыгында белгилүү болорун айткан.
Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп, УКМКда кандай реформалар жүргүзүлөрү тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, реформадан кийин УКМК мурдагы КГБдай накта атайын кызмат болот. Жапаров УКМКда ким иштээрин жана эмне жумуш жасаарын эч ким билбеши керектигине токтолгон. "Атайын кызмат өзүнө тиешелүү чалгындоо, контрчалгындоо, конституциялык түзүлүштү коргоо, террорчулук, экстремизм, бандитизм, баңгизатка каршы күрөш сыяктуу иштер менен алек болот. Экономикага киришпейт. УКМК эмне менен алек болуп жүргөнүн, ким кызматкери экенин эч ким билбеши керек", — деген Жапаров. ИИМ дагы өздөрүнө түздөн-түз тиешелүү милдеттер менен гана иш алып барат. Бул үчүн имараттар, техникалык базалар даярдалат. Жарлык чыгып, тиешелүү мыйзамдар Жогорку Кеңеште кабыл алынгандан кийин уюштуруу иштери башталат. Президент мындай реформаны мурда эле жасоону пландап, бирок ар кандай себептер менен улам жылдырып келгенин белгилеген. Бийлик реформаны ишке ашырууга эмдиги жылы киришет. Президент маегинде УКМКнын иши боюнча мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге бир нече жолу эскертүү бергенин да белгилеген. "Досум, УКМКнын кадыр-баркын көтөр. Мурдагы СССРдин КГБсындай баркы болушу керек. Антпесең эл арасында "УКМКнын кызматкеримин" деп күбөлүгүн "камокторго" да көрсөткөн учурлар бар деп бир топ жолу айткам", — деген Жапаров. Ошондой эле интимдик кызмат көрсөткөндөргө каршы күрөш боюнча видео жарыяланган күнү Ташиевди чакырганын айткан. Анда президент бул тармакты ИИМге бериши зарылдыгын, УКМК мындай иштер менен алектенип, атайын кызматтын деңгээлин түшүрбөшү керектигин эскерткенин кошумчалаган.Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Айбек Маткеримов кызматынан кетти. Маалыматты министрлик тастыктап, иштен өз каалоосу боюнча кетүү арызы кечээ жазылганын билдирди. Маткеримов кызматка былтыр 15-декабрда дайындалган. Кесиби боюнча дарыгер. 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган.2026-жылдын 20-февралына карата 192 миң 14 адам "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Белгилей кетсек, бул механизм насыяга байланыштуу алдамчылыктын алдын алуу максатында 2025-жылдын 1-ноябрынан тарта иштей баштаган.АКШ Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хименеи менен уулу Можтабаны жок кылуу жагын караштырууда. Бул тууралуу Axios президент Дональд Трамптын атын атабаган кеңешчисине таянуу менен жазды. "Ар кандай болуп кетиши мүмкүн, бардык сценарийге вариант бар. Биринде аятолланы уулу менен, ошондой эле молдолорду жок кылуу камтылган. Трамптын өзү баш болуп натыйжада кайсы вариант ишке ашарын эч ким билбейт", — деген басылманын маектеши. Маалымат берген дагы бир адам Хименеини жок кылуу боюнча план Трампка бир нече жума мурун түшкөнүн билдирген. Кечээ The Wall Street Journal өзүнүн маалымат булагына таянуу менен Трамп Иранды өзөктүк келишим түзүүгө мажбурлоо үчүн анча катуу эмес сокку урууга белсенип турганын жазган. Ал эми Трамп Тегеран менен келишим түзүлөр-түзүлбөсү он күн аралыгында белгилүү болорун айткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/02/15/1099862245_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_fb1bcdbbc9ff9d37d6f85e2d9956867b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио