https://sputnik.kg/20260213/kyrgyzstan-bshk-mandat-1099730863.html
13-округ. Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова мандат алмакчы
13-округ. Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова мандат алмакчы
Sputnik Кыргызстан
Талкуунун жыйынтыгында БШК мурдагы токтомду жокко чыгарды. 13.02.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-02-13T20:34+0600
2026-02-13T20:34+0600
2026-02-13T20:51+0600
кыргызстан
бшк
мандат
жогорку кеңеш
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/1e/1098238606_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_55e34d5a69a464dd4ffe4c33882bff6f.jpg
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу 13-округдагы жокко чыккан шайлоону жаңы ачылган жагдайга ылайык, кайра карап чыгып, өттү деп таанууну чечти. Жыйында шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Кожокеева аталган округдан талапкер болгон Айбек Алтынбеков, Айгүл Карабекова жана Талант Мамытов тарабынан жамааттык арыз түшкөнүн билдирди. Алар 30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда шайлоосунун жыйынтыгы боюнча 3-декабрдагы №161 токтомду жаңы жагдайлардын негизинде кайра кароону өтүнүшкөн. БШК ишти кароо үчүн Ички иштер министрлигине расмий суроо-талап жөнөткөн. ИИМдин тергөө кызматынын өкүлү Мавлянов буга чейин козголгон кылмыш иштин алкагында шайлоо тилкелерине коюлган телефондор талапкер Бактыбек Сыдыковдун тарапташтары тарабынан орнотулганы аныкталганын билдирди. Аларга айып тагылган. Ал эми башка талапкерлерге карата иш козголгон эмес. Мамытов шайлоого мыйзамдуу катышканын жана мыйзам бузууга барбаганын белгилеп, күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керектигин айтты. Анын айтымында, жаңы жагдайлар аныкталгандан кийин талапкерлер өз укуктарын коргоону өтүнүшкөн. Талкуунун жыйынтыгында БШК №161 токтомду жокко чыгарды. №13 округ боюнча мөөнөтүнөн мурда болгон шайлоо "өткөн" деп табылды. Сыдыков үчүн берилген добуштар жараксыз делинди. Ал эми Айбек Алтынбеков, Талант Мамытов жана Айгүл Карабекова депутат деп таанылды. Кайталап шайлоо дайындоо тууралуу токтом да жокко чыгарылды. Чечимди БШКнын тогуз мүчөсү колдоп, экөө каршы добуш берди.
https://sputnik.kg/20251230/kayra-shayloo-1-martta-otot-1098928556.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/1e/1098238606_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_5377a980ec4833474887d45a5064cfcb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бшк, мандат, жогорку кеңеш
кыргызстан, бшк, мандат, жогорку кеңеш
13-округ. Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова мандат алмакчы
20:34 13.02.2026 (Жаңыртылды: 20:51 13.02.2026) Талкуунун жыйынтыгында БШК мурдагы токтомду жокко чыгарды.
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу
13-округдагы жокко чыккан шайлоону жаңы ачылган жагдайга ылайык, кайра карап чыгып, өттү деп таанууну чечти.
Жыйында шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Кожокеева аталган округдан талапкер болгон Айбек Алтынбеков, Айгүл Карабекова жана Талант Мамытов тарабынан жамааттык арыз түшкөнүн билдирди. Алар 30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда шайлоосунун жыйынтыгы боюнча 3-декабрдагы №161 токтомду жаңы жагдайлардын негизинде кайра кароону өтүнүшкөн.
БШК ишти кароо үчүн Ички иштер министрлигине расмий суроо-талап жөнөткөн. ИИМдин тергөө кызматынын өкүлү Мавлянов буга чейин козголгон кылмыш иштин алкагында шайлоо тилкелерине коюлган телефондор талапкер Бактыбек Сыдыковдун тарапташтары тарабынан орнотулганы аныкталганын билдирди. Аларга айып тагылган. Ал эми башка талапкерлерге карата иш козголгон эмес.
Мамытов шайлоого мыйзамдуу катышканын жана мыйзам бузууга барбаганын белгилеп, күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керектигин айтты. Анын айтымында, жаңы жагдайлар аныкталгандан кийин талапкерлер өз укуктарын коргоону өтүнүшкөн.
Талкуунун жыйынтыгында БШК №161 токтомду жокко чыгарды. №13 округ боюнча мөөнөтүнөн мурда болгон шайлоо "өткөн" деп табылды. Сыдыков үчүн берилген добуштар жараксыз делинди. Ал эми Айбек Алтынбеков, Талант Мамытов жана Айгүл Карабекова депутат деп таанылды.
Кайталап шайлоо дайындоо тууралуу токтом да жокко чыгарылды. Чечимди БШКнын тогуз мүчөсү колдоп, экөө каршы добуш берди.

30 Бештин айы 2025, 14:40