00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Новая «золотая лихорадка»: почему кыргызстанцы скупают слитки и что будет с ценами
08:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Бир кылымга чукул тарыхы бар окуу жай жана кадр даярдоодогу монополия. КММА тууралуу маек
09:05
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Ноль пошлин на фосфаты: как решение ЕЭК скажется на урожае в Кыргызстане
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мобилдик тиркеме менен көзөмөлдөнөт — Пробация департаментинин кардарлары өстүбү?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкө боюнча 820 жергиликтүү кеңеш өкүлү окутулду — депутаттар эмнени үйрөнүштү?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Страховка: что она даёт торговцам и можно ли получить кредит без залога
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как события в Иране повлияли на Центральную Азию — беседа с экспертом
14:05
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Монополия на медицинское образование в КГМА: как перестраивают систему подготовки врачей
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргыз киносу жасалма интеллект менен жаңы доорду баштады
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Лицензия для такси: что изменилось и почему водители просят упростить правила
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Кыргыз АССРинин түзүлгөнүнө 100 жыл болдуТрамп Гренландияны, Канаданы жана Венесуэланы АКШга кошуу тууралуу оюн айттыАдылбек Касымалиев БАЭге иш сапары менен барат. Алдыда кененирээкБириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти, премьер-министри, Дубай эмиратынын башкаруучусу шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактумдун чакыруусу боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бүткүл дүйнөлүк өкмөттүк саммитке (World Governments Summit) катышуу үчүн БАЭге иш сапары менен барат. Сапардын алкагында министрлер кабинетинин башчысы саммиттин ишине катышат, БАЭнин жогорку жетекчилиги жана бир катар министрликтердин жана суверендүү фонддордун жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Мындан тышкары, сапардын жүрүшүндө эмират тарап менен эки тараптуу документтерге кол коюу жана саммиттин алкагында БАЭнин жогорку кызмат адамдарынын катышуусунда «Кыргызстандын экономикалык өсүү модели «Ак илбирс»: Өкмөттүк акселераторлор, институттар жана инвестициялар» аттуу сайд-ивент өткөрүү пландаштырылууда
Кыргыз АССРинин түзүлгөнүнө 100 жыл болду. Тарых беттерин барактасак, 1926-жылдын 1-февралында СССР Бүткүл союздук борбордук Аткаруу комитетинин кабыл алган токтомуна ылайык, Кыргыз автономдук облусу Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы деп өзгөртүлгөн. Кыргыз АССРинин түзүлүшүнө 1925-жылдын ноябрь айында өткөн Кыргыз Автономиялык Облусунун III сессиясында Автономиялык Союздук Республиканы уюштуруу чечими негиз боло алды. Республиканын борбору болгон Пишпек шаары 1926-жылдын 12-майында Фрунзе деп өзгөртүлгөн. Он жылдан кийин, тагыраагы 1936-жылы 5-декабрда Кыргыз АССРи Кыргыз ССРи болуп жаңы макамга көтөрүлгөн. Ал эми 1990-жылдын 15-декабрында ошол кездеги Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Мамлекеттик суверенитет жөнүндөгү декларацияны” бекиткен. Тарыхый документ 8 айдан кийин, 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстанды жаңы көз карандысыз мамлекет катары жарыялоого мыйзамдык негиз түздү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.Ага ылайык, бүгүн Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана төмөнкү унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт:Бишкек – Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында;Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда.Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Дональд Трамп Канаданы, Гренландияны жана Венесуэланы АКШга кошуу тууралуу пикирин билдиргенин америкалык Washington Post гезити жазды. "Биз Гренландияга басып кирбейбиз, биз аны сатып алабыз. Гренландияны 51-штат кылуу ниетим жок. Мен Канаданы 51-штат кылгым келет. Гренландия 52-штат болот. Ал эми Венесуэла 53-штат болушу мүмкүн", — деген Трамп. Макалада белгиленгендей, Трамп АКШнын аймактык экспансия маселесине бир нече жолу кайрылган. Кийинчерээк ал Гренландияга "Американын киришин" түз эфирден көрүүгө үлгүрүү үчүн сөзүн кыскартууга туура келерин тамаша иретинде айткан. Гренландия Дания Королдугунун курамына кирет. Бирок АКШ президенти Дональд Трамп арал улуттук коопсуздук үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин жүйө келтирип, ал Кошмо Штаттардын бир бөлүгү болушу керектигин бир нече жолу кайталаган. Америкалык лидер Гренландияга көзөмөл орнотуу үчүн аскердик күч колдонбоо тууралуу убада берүүдөн баш тарткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0