00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Без салютов и петард: почему кыргызстанцев просят отказаться от пиротехники
08:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кунарсыз жерлерди калыбына келтирүү долбоору — мигранттар үчүн ийгиликтүү боло алабы?
09:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Что показала евразийская интеграция в цифрах и экономике — беседа с министром ЕЭК
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Калкты көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн кандай аракеттер көрүлүүдө?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Улуттук академиялык драма театрынын чыгармачылык саясаты жана өнүгүү багыттары
13:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Быйыл калкты тейлөө борборлору 3,6 миллион кызмат көрсөттү — жыл жыйынтыгы
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
ЕАЭБдин эркин экономикалык зонасы. Ири экономикалуу өлкөлөрдү эмнеси менен өзүнө тартат?
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Тоолуктардын ден соолугун бөлүп изилдеген институт 70 жыл мурда эле түзүлгөн
19:06
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Быйыл калкты тейлөө борборлору 3,6 миллион кызмат көрсөттү — жыл жыйынтыгы
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкекте айтылуу режиссер Төлөмүш Океевдин эстелиги ачылды. Сүрөт, видео

© Sputnik / Мээримай АлыбековаБишкекте айтылуу режиссер Төлөмүш Океевдин эстелиги ачылды
Бишкекте айтылуу режиссер Төлөмүш Океевдин эстелиги ачылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Бишкекте "кыргыз кереметин" жаратуучулардын бири, айтылуу режиссер жана дипломат Төлөмүш Океевдин эстелиги салтанаттуу ачылды.
Монументтин автору — КР эл сүрөтчүсү Садабек Ажиев. Ал эми коло куюу ишин Екатеринбург шаарындагы "Дубровин" үйү аткарган.
Айкелдин бийиктиги 2,5 метр болсо, салмагы 800 килограммдын тегерегинде.
Эстеликтин ачылышына мамлекеттик катчы, маданият министри, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, маданият ишмерлери жана режиссёрдун замандаштары катышты.
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев президент Садыр Жапаровдун кайрылуусун окуп берди. Анда өлкө башчы эстеликтин ачылышы жөн гана эскерүү эмес, тарыхка кайрылуу, улуу руханий мураска жасалган урмат экенине токтолгон. Президенттин айтымында, эмгек менен эрдик дайым өз баасын алат.
© Sputnik / Мээримай АлыбековаМамлекеттик катчы Арслан Койчиев
Открытие памятника кинорежиссеру Толомушу Окееву в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2025
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев
"Төлөмүш Океев — улуттук кинону дүйнөлүк деңгээлге көтөргөн кыргыздын чыгаан уулдарынын бири. Көркөм тасмалары аркылуу ал кыргыз элинин тагдырын, ички дүйнөсүн, азап-кайгысын, үмүт менен ишенимин, ар-намысын ачып берген. Чыныгы жашоону сүрөттөп берген тасмалары жөнөкөйлүгү менен көрөрманга жакын. Бул эстелик жаш муунга Ата Мекенге жана мамлекетке кылган ак кызмат эртеби-кечпи, акыры татыктуу баасын аларын эскертип туруучу сабак болот", — деди Койчиев.
Маданият министри Мирбек Мамбеталиев Океевдин тасмалары бүгүн да көрөрманды ойго салып, жан дүйнөсүн азыктандырып, байытып, жаш муунду патриоттуулук менен гумандуулукка тарбиялай турганын белгиледи.
© Sputnik / Мээримай АлыбековаМаданият министри Мирбек Мамбеталиев Океев
Открытие памятника кинорежиссеру Толомушу Окееву в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2025
Маданият министри Мирбек Мамбеталиев Океев
"Океев — тагдыр-турмуш философиясын, элдин жан дүйнөсүн, улуттук мүнөздү көркөм образ аркылуу ачып берип, кыргыз киноискусствосун дүйнөлүк маданият айдыңына алып чыккан улуу чебер", — деди Мамбеталиев.
Режиссердун кызы Азиза Окееванын айтымында, эстелик орнотуу идеясы көп жыл мурун талкууланып, эми гана ишке ашып отурат.
"Бул айкел 23 жыл мурун тургузулушу керек эле, бирок ар кандай себептер менен жыла берди. Натыйжада демөөрчү таап, ишти аягына чыгардык", — деди ал.
© Sputnik / Мээримай Алыбекова

Бишкекте "кыргыз кереметин" жаратуучулардын бири, айтылуу режиссер жана дипломат Төлөмүш Океевдин эстелиги салтанаттуу ачылды

Бишкекте "кыргыз кереметин" жаратуучулардын бири, айтылуу режиссер жана дипломат Төлөмүш Океевдин эстелиги салтанаттуу ачылды - Sputnik Кыргызстан
1/4

Бишкекте "кыргыз кереметин" жаратуучулардын бири, айтылуу режиссер жана дипломат Төлөмүш Океевдин эстелиги салтанаттуу ачылды

© Sputnik / Мээримай Алыбекова

Монументтин автору — КР эл сүрөтчүсү Садабек Ажиев

Монументтин автору — КР эл сүрөтчүсү Садабек Ажиев - Sputnik Кыргызстан
2/4

Монументтин автору — КР эл сүрөтчүсү Садабек Ажиев

© Sputnik / Мээримай Алыбекова

Ал эми коло куюу ишин Екатеринбург шаарындагы "Дубровин" үйү аткарган

Ал эми коло куюу ишин Екатеринбург шаарындагы "Дубровин" үйү аткарган - Sputnik Кыргызстан
3/4

Ал эми коло куюу ишин Екатеринбург шаарындагы "Дубровин" үйү аткарган

© Sputnik / Мээримай Алыбекова

Айкелдин бийиктиги 2,5 метр болсо, салмагы 800 килограммдын тегерегинде

Айкелдин бийиктиги 2,5 метр болсо, салмагы 800 килограммдын тегерегинде - Sputnik Кыргызстан
4/4

Айкелдин бийиктиги 2,5 метр болсо, салмагы 800 килограммдын тегерегинде

1/4

Бишкекте "кыргыз кереметин" жаратуучулардын бири, айтылуу режиссер жана дипломат Төлөмүш Океевдин эстелиги салтанаттуу ачылды

2/4

Монументтин автору — КР эл сүрөтчүсү Садабек Ажиев

3/4

Ал эми коло куюу ишин Екатеринбург шаарындагы "Дубровин" үйү аткарган

4/4

Айкелдин бийиктиги 2,5 метр болсо, салмагы 800 килограммдын тегерегинде

Калык Акиев көчөсү менен Чүй проспектинин кесилишкен жерине орнотулган эстелик А.Акматова атындагы коомдук фонд тарабынан каржыланып тургузулганы айтылды.
Төлөмүш Океев (1935–2001) — кыргыз жана совет маданиятынын тарыхында төбөсү көрүнгөн адамдардын бири. Анын дебюттук "Бакайдын жайыты" тасмасы дүйнөнүн эң мыкты 100 картинасынын тизмесине кирип, бир катар эл аралык сыйлыктарга татыган. Режиссерго 1985-жылы СССР эл артисти наамы ыйгарылган.
Миражи любви или Как сирийцы требовали эротику - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2020
Дипломдук иши дүйнөнүн 100 мыкты тасмасына кирген. Режиссёр Океев жөнүндө 9 факты
Жаңылыктар түрмөгү
0