00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
15:57
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От подвига к наследию: музеи и образовательные проекты, посвящённые памяти Победы
16:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Поэзияда жаңы ысымдар, жаңы дем – Жаштарга жол ачкан “Жаш акын” сынагы өттү
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как регулируется туристическая сфера в КР и нужен ли ей более жесткий контроль
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
2025-жыл. Кыргызстан эл аралык экономикалык алакаларын кандай түздү?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Курчаган тоолор жана аба коридорлорунун орду өзгөчө - Эмне үчүн Бишкек ыштан арыла албай жатат?
21:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Москвада Андрей Стенин атындагы XII эл аралык фотосынак башталды

© Photo / Rakibul Alam Khan/StenincontestБангладештик фотограф Ракибул Алам Хандын "Аббас кеме куруучу жайда кеме аркандары менен ойноп жатат" сүрөтү. Архив
Бангладештик фотограф Ракибул Алам Хандын Аббас кеме куруучу жайда кеме аркандары менен ойноп жатат сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2025
Жазылуу
Москвада жаш фотожурналисттер үчүн Андрей Стенин атындагы XII эл аралык сынакка эмгектерди кабыл алуу башталды.
Москвада жаш фотожурналисттер үчүн Андрей Стенин атындагы XII эл аралык сынакка эмгектерди кабыл алуу башталды.
2014-жылдын жай айларында Донецкинин жанында курман болгон "Россия сегодня" медиатобунун фотокабарчысынын элесине арналган сынак, салтка ылайык, анын туулган күнүндө — 22-декабрда старт алды.
"Россия сегодня" эл аралык медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев быйылкы сынак өзгөчө экендигин белгиледи.
"Стенин конкурсу 12-жолу эмгектерди кабыл алууда. Быйыл мурдагылардан айырмаланып, катышуучуларга кубанычтуу сюрприз даярдадык. Жылдын жаңы номинациясы "Жашоонун энергиясы" деп аталды. Ага 34 жаштан жогору курактагы фотожурналисттер өз иштерин тапшыра алат. Биздин миссиябыз — жаңы ысымдарды таанытуу жана жаш фотографтарга жол ачуу. Ошол эле учурда, жаштарга багыт берген тажрыйбалуу кесипкөйлөрдүн эмгектерин көрүү да абдан кызыктуу болот. Биз устаттардын да, жаңы баштаган авторлордун да долбоорлорун күтүп жатабыз", — деген ал.

Номинациялар жана катышуу шарттары

Фотоконкурс алты номинация боюнча өткөрүлөт:
"Башкы жаңылыктар", "Спорт", "Менин планетам", "Портрет. Заманыбыздын карманы", "Бийиктен көрүнүш" жана жаңы номинация — "Жашоонун энергиясы".
"Башкы жаңылыктар", "Менин планетам" жана "Портрет. Заманыбыздын каарманы" номинацияларында эки категория бар — жалгыз сүрөт жана фотосерия.
"Спорт" жана "Бийиктен көрүнүш" номинацияларында жалгыз сүрөт гана кабыл алынат.
"Жашоонун энергиясы" аталышындагы жаңы номинация 34 жаштан жогору фотографтар үчүн ачык, ал эми калган беш номинацияга 18ден 33 жашка чейинки авторлор катыша алышат.
Кесипкөй фотографтар өз арыздарын конкурстун расмий сайтына орус жана англис тилдеринде 2026-жылдын 28-февралына чейин (кошо алганда) тапшыра алышат.
2025-жылкы конкурстун байге фонду ар бир номинация боюнча биринчи орунга — 125 миң рубль, экинчи орунга — 100 миң рубль жана үчүнчү орунга 75 миң рублди түзөт. Конкурстун эң жогорку сыйлыгы — гран-принин ээси 700 миң рубль алат.
Андрей Стенин атындагы XII эл аралык фотожурналистика конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи, салтка ылайык, Москва шаарында 2026-жылдын сентябрь–ноябрь айларында өтөт.

Жылдыздуу калыстар тобу жана мурунку жылдардын жеңүүчүлөрү

Ар кайсы жылдары калыстар тобунун курамына белгилүү фотографтар кирген: Владимир Вяткин (Россия), Габриэль Чеккони (Италия), Сефа Караджан (Турция), Хуан Каньете (Аргентина) жана башкалар.
Конкурстун лауреаттарынын арасында дүйнөлүк деңгээлдеги фотографтар бар:
Елена Аносова (Россия) — аялдар түрмөлөрү тууралуу сериясы менен;
Данило Гарсия Ди Мео (Италия) — шал болуп калган кыз тууралуу "Летиция: көрүнбөгөн жашоонун тарыхы" аттуу баяны менен;
Алехандро Мартинес Велес (Испания) — Белграддагы мигранттар тууралуу репортажы менен.
2025-жылы гран-прини Екатерина Якель (Россия) "Орус мүнөзү: тоскоолдуктар менен чуркоо" аттуу сүрөттөр сериясы үчүн алган. Бул серия согуштук аракеттерде жаракат алып майып болуп калган, бирок тынч жашоодо да кайраттуулуктун жана күчтүн үлгүсүн көрсөтүп келе жаткан ардагерлерге арналган.
Жаңы жылдагы сынак жеңүүчүлөрдүн эмгектерин Россиянын жана чет өлкөлөрдүн шаарларында көргөзмө турне аркылуу көрсөтүү салтын улантат. Конкурс өткөн 12 жыл ичинде жеңүүчүлөрдүн көргөзмөлөрүн Кытайда, Түштүк Африка Республикасында, Мексикада, Аргентинада, Уругвайда, Колумбияда, Конго Демократиялык Республикасында, Түркияда, Ливанда, Германияда, Испанияда, Италияда, Грецияда, Венгрияда, Польшада, Египетте жана башка өлкөлөрдө көрүүчүлөр көрүштү.
Неон жарыкта смартфону менен келин. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2025
Пресс-борбор
"Россия сегодня" агенттигинин редактору: ЖИ жандуу сүрөттү алмаштыра албайт
Жаңылыктар түрмөгү
0