00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как сохранить здоровье стоп и ногтей — беседа с подологом
14:05
60 мин
Ачык кеп
ART DIALOG: Кыргызстандагы маданий мекемелер кандай абалда?
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Почему помощь семьям становится приоритетом государства
16:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Төрөттөн кийинки калыбына келүү: тренддер жана чыныгы пайдалуу ыкмалар
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Оползни и паводки: как в МЧС готовятся к самому опасному сезону года
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Госдолг Кыргызстана: безопасный уровень или скрытая угроза для экономики?
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ART DIALOG: Кыргызстандагы маданий мекемелер кандай абалда?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Суук күчүндө эле болот. Январдагы аба ырайынын божомолу

© Sputnik / Жоомарт УраимовСнегопад в Бишкеке
Снегопад в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Синоптиктер жаңы жылдын, тагыраагы, 2026-жылдын январь айында аба ырайы кандай боло тургандыгы боюнча алдын ала маалыматтарды берди.
Анда абанын айлык орточо температурасы жана жаан-чачындын айлык көлөмү өзгөчөлөнбөй, норманын чегинде боло турганын айтышты.
Чүй облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде, –3…–5 градус, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө –5…–7 градус болушу мүмкүн. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн –9…–14 градус болуп, кээ бир түндөрү …+1 градуска чейин жылыйт. Айрым түндөрү –20…–25 градуска чейин жетет. Күндүз –2…–7, кээде +3…+8 градусту көрсөтөт. Айрым күндөрү –13…–18 градуска түшөт. Кээ бир күндөрү аба +10…+15 градуска чейин жылуу тартышы ыктымал. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.
Талас аймагы
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде, –1…–3 градус болот. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн –11…–16, өтө суук болгондо –20…–25 градуска чейин түшөт.
Күндүз –3…–8 градус болсо, кээде термометр +2…+7ни көрсөтөт. Айрым учурларда күндүз –11…–16 градуска түшсө, кээ бир күндөрү +8…+13 болушу болжолдонууда. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору белгиленди.
Ош облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп, –1…–3 градус, тоо этектериндеги райондордо –2…–4 градус болот. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн –3…–8, кээде –2…+3 градус болуп өзгөрүлүп турат.
Кээ бир түндөрү түнкүсүн –9…–14 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз …–5 градус, айрым күндөрү +4…+9 градуска чейин жылыйт. Тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн өтө суук болгондо –11…–16 градуска чейин түшүп, күндүз –2…–7 градус болот. Кээ бир күндөрү +10…+15 градуска чейин жылыйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.
Жалал–Абад аймагы
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, термометр –1…–3, тоо этектериндеги райондордо –2…–4 градусту көрсөтөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн –3…–8, кээде –2…+3 градус болуп өзгөрүлүп турат.
Кээ бир түндөрү –9…–14 градуска чейин суук түшөт. Күндүз аябай суук болгондо ...–5 градуска жетет. Айрым күндөрү күн кескин жылып +11…+16 градуска чейин жогорулашы ыктымал. Тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн аябай суук болгондо –11…–16 градуска чейин түшүп, кээ бир күндөрү күндүз +10…+15 градуска чейин жылыйт.
Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн –8…–13, күндүз 0…–5 градус сууктан +2…+7 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу болжолдонууда.
Баткен облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп, –1…–3 градус, тоо этектериндеги райондордо –2…–4 градуска чейин суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн –3…–8, кээде –2…+3 градус болуп өзгөрүлүп турушу ыктымал. Кээ бир түндөрү –9…–14 градуска чейин түшүшү мүмкүн. Күндүз 0…–5 градуска чейин болуп, айрым күндөрү +4…+9 градус болуп жылыйт. Өтө жылыганда +11…+16 градуска жетиши күтүлөт. Тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн суук күчүнө киргенде –11…–16 градуска жетсе, күндүз –2…–7 градусту көрсөтөт. Кээде +10…+15 градуска чейин жогорулайт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу ыктымал.
Ысык–Көл өрөөнү
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, –1…–3 градус, чыгышында –4…–6 градуска чейин суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн –9…–14 градуска чейин жетет. Чыгышында кээ бир түндөрү –15…–20 градуска чейин суук болот. Күндүз ...–5 градуска чейин суук, айрым күндөрү +4…+9 градуска чейин күн жылышы болжолдонууда. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.
Нарын облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп, –13…–15 градус суук, Кочкор районунда –6…–8 градус суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн –13…–18, кээде –3…–8 градус суук болот. Кээ бир түндөрү –22…–27 градуска чейин суук болуп, чилденин ызгаары сезилет. Күндүз –10…–15, айрым күндөрү –1…–6 градус болушу ыктымал. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору айтылды.
Аба ырайы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2025
Кар жаап, күндүн көзү бузулат. Келерки жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0