Жапаров Пакистан сапарында ЖМКлар үчүн билдирүү жасады. Урунттуу учурлар
18:57 04.12.2025 (Жаңыртылды: 18:58 04.12.2025)
Жазылуу
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапардын алкагында Пакистандын өкмөт башчысы Шахбаз Шариф менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКлар үчүн билдирүү жасады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Анын урунтуу жерлери:
Кыргызстандын президентинин Пакистанга акыркы 20 жылдан берки биринчи жана өзүнүн да алгачкы сапары болгонун айтты;
Сүйлөшүүдө соода-экономика, инвестиция, транспорт, логистика жана илим-билим чөйрөлөрүндөгү өз ара кызматташууну активдештирүүгө өзгөчө көңүл бурулду;
Кыргызстан менен Пакистандын транспорттук-транзиттик дараметин толук ишке ашыруу өнөктөштүктүн абдан маанилүү багыттарынын бири;
Борбордук жана Түштүк Азиянын ортосундагы энергетикалык системаны түзүүдө негизги ролун ойной турган "CASA-1000" долбоорунун мааниси өзгөчө;
Кыргызстандын ЖОЖдорунда 12 миңден ашуун пакистандык студент билим алууда жана өлкө биргелешкен жаңы демилгелерди ишке ашырууга жана илимий кызматташууну мындан ары да күчөтүүгө даяр;
2026-жылдын күзүндө Бишкекте өтө турган ШКУнун саммитине, Көчмөндөрдүн дүйнөлүк VI оюндарына жана Эгемендик күнүндөгү иш-чараларга Пакистан премьери Шахбаз Шарифти ардактуу мейман катары катышууга чакырды. Дегеле, Шарифтин өзүнө ыңгайлуу болгон убакта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүнө сунуштады.

