https://sputnik.kg/20251201/1098280523.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Жеке мектептерге лицензия автоматташтырылган система менен гана берилетКыргызстан навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоорду баштадыСаламаттык... 01.12.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-12-01T19:00+0600
2025-12-01T19:00+0600
2025-12-01T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/01/1098280357_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_f723774d198caf576fd89bfd298db471.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Жеке мектептерге лицензия автоматташтырылган система менен гана берилетКыргызстан навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоорду баштадыСаламаттык сактоо министри алмашты. Алдыда кененирээкСаламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаевдин ордуна министрдин милдетин аткаруучу болуп Каныбек Досмамбетов дайындалды. Мындай жарлыкка президент кол койгон. Досмамбетов мурда УКМКнын коррупцияга каршы кызматында жетекчилердин бири болгон жана ушул кезге чейин УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгын жетектеп иштеген.
Бүгүн Кыргызстандан Россияга жана Казакстанга жүк ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор башталганын Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Долбоор келерки жылдын 15-январына чейин созулат, ага катышуу ыктыярдуу жана акысыз. Навигациялык пломбалар соода агымынын ачыктыгын жакшыртып, көзөмөлдөө процедураларын тездетет. Ошондой эле рыноктун катышуучуларын ЕАЭБ алкагында жүктөрдү көзөмөлдөө системасына киргизүүгө даярдайт. Катышуу үчүн салыктык каттоодо турган жер боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү салык органдарына, ошондой эле борбордогу жана Мамлекеттик салык кызматынын түндүктөгү аймактардын ири салык төлөөчүлөрүн көзөмөлдөө боюнча башкармалыгына кайрылууга болот. Белгилей кетсек, долбоор 22-августта Кыргызстандын Салык кызматы менен Казакстандын Каржы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин ортосунда кол коюлган меморандумдун алкагында ишке ашырылууда.
Мамлекеттик салык кызматы иштебеген юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин тизмесин жарыялады. Ведомствонун маалыматына ылайык, тизме аймактык салык органдарына ал расмий жарыяланган учурдан тартып 30 күн өткөндөн кийин юридикалык жактарды мажбурлап жоюу жана жеке ишкерлердин каттоосун жокко чыгаруу жол-жобосун баштоого мүмкүндүк берет. Бул мөөнөт ичинде кредиторлор жана башка кызыкдар тараптар, негиздери болсо же суроолору пайда болсо, салык органдарына мажбурлап жоюу же каттоодон чыгаруу жол-жобосун токтотуу боюнча арыз менен кайрыла алышат. Салык төлөөчүлөр тизмени Салык кызматынын sti.gov.kg сайтынын башкы бетиндеги "Башка бөлүмдөр" бөлүмүнөн же https://sti.gov.kg/section/0/tizme шилтемеси аркылуу көрө алышат.
Жеке менчик мектептерге лицензия берүү автоматташтырылган системада гана жүргүзүлөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 8-декабрынан тартып жеке менчик башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын ишке ашырууга лицензия алуу үчүн бардык арыздар жана документтер "Лицензиялоо" автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу гана кабыл алынат. Арыз берүү үчүн шилтеме: https://license.edu.gov.kg/ 2025-жылдын 5-декабрында саат 18:00дөн кийин кагаз түрүндөгү документтер кабыл алынбайт. Жаңы тартип санариптик трансформацияны өркүндөтүү жана лицензиялоо процессин жөнөкөйлөтүү боюнча Өкмөттүк акселераторлор программасынын алкагында ишке киргизилди. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 17 тыйынга рубль 1 сом 12 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 76 сом 40 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 81 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 80 сом сом 90 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом 50 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ2-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 2-декабрь, шейшемби күндүз республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +9...+14, Талас аймагында +7...+12, Ош. Жалал-Абад жана Баткен облустарында +8...+13, Ысык-Көл кылаасында +5...+10, Нарын өрөөнүндө +1...+6 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +10...+12 градуска чейин көтөрүлөт.
Жеке мектептерге лицензия автоматташтырылган система менен гана берилетКыргызстан навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоорду баштадыСаламаттык сактоо министри алмашты. Алдыда кененирээкСаламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаевдин ордуна министрдин милдетин аткаруучу болуп Каныбек Досмамбетов дайындалды. Мындай жарлыкка президент кол койгон. Досмамбетов мурда УКМКнын коррупцияга каршы кызматында жетекчилердин бири болгон жана ушул кезге чейин УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгын жетектеп иштеген. Бүгүн Кыргызстандан Россияга жана Казакстанга жүк ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор башталганын Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Долбоор келерки жылдын 15-январына чейин созулат, ага катышуу ыктыярдуу жана акысыз. Навигациялык пломбалар соода агымынын ачыктыгын жакшыртып, көзөмөлдөө процедураларын тездетет. Ошондой эле рыноктун катышуучуларын ЕАЭБ алкагында жүктөрдү көзөмөлдөө системасына киргизүүгө даярдайт. Катышуу үчүн салыктык каттоодо турган жер боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү салык органдарына, ошондой эле борбордогу жана Мамлекеттик салык кызматынын түндүктөгү аймактардын ири салык төлөөчүлөрүн көзөмөлдөө боюнча башкармалыгына кайрылууга болот. Белгилей кетсек, долбоор 22-августта Кыргызстандын Салык кызматы менен Казакстандын Каржы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин ортосунда кол коюлган меморандумдун алкагында ишке ашырылууда.Мамлекеттик салык кызматы иштебеген юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин тизмесин жарыялады. Ведомствонун маалыматына ылайык, тизме аймактык салык органдарына ал расмий жарыяланган учурдан тартып 30 күн өткөндөн кийин юридикалык жактарды мажбурлап жоюу жана жеке ишкерлердин каттоосун жокко чыгаруу жол-жобосун баштоого мүмкүндүк берет. Бул мөөнөт ичинде кредиторлор жана башка кызыкдар тараптар, негиздери болсо же суроолору пайда болсо, салык органдарына мажбурлап жоюу же каттоодон чыгаруу жол-жобосун токтотуу боюнча арыз менен кайрыла алышат. Салык төлөөчүлөр тизмени Салык кызматынын sti.gov.kg сайтынын башкы бетиндеги "Башка бөлүмдөр" бөлүмүнөн же https://sti.gov.kg/section/0/tizme шилтемеси аркылуу көрө алышат. Жеке менчик мектептерге лицензия берүү автоматташтырылган системада гана жүргүзүлөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 8-декабрынан тартып жеке менчик башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын ишке ашырууга лицензия алуу үчүн бардык арыздар жана документтер "Лицензиялоо" автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу гана кабыл алынат. Арыз берүү үчүн шилтеме: https://license.edu.gov.kg/ 2025-жылдын 5-декабрында саат 18:00дөн кийин кагаз түрүндөгү документтер кабыл алынбайт. Жаңы тартип санариптик трансформацияны өркүндөтүү жана лицензиялоо процессин жөнөкөйлөтүү боюнча Өкмөттүк акселераторлор программасынын алкагында ишке киргизилди. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 17 тыйынга рубль 1 сом 12 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 76 сом 40 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 81 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 80 сом сом 90 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом 50 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ2-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 2-декабрь, шейшемби күндүз республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +9...+14, Талас аймагында +7...+12, Ош. Жалал-Абад жана Баткен облустарында +8...+13, Ысык-Көл кылаасында +5...+10, Нарын өрөөнүндө +1...+6 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +10...+12 градуска чейин көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/01/1098280357_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_cbb95034fb44195ba9274eb1717e48c6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио