00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Креативдүү экономика өлкөнү өнүктүрүүнүн күчтүү драйвери болот — Create4 Design фестивалы жаратмандардын башын бириктирет
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Госпрограммы и поддержка инициатив: зачем власти делают ставку на развитие Токмока, Нарына и Кара-Балты
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПИНдеги каталарды оңдоону жөнөкөйлөтүү: жарандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему о домашнем насилии стали говорить чаще, а случаев меньше не становится
12:05
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ишкерлерден 44 арыз түштү. Ак ниет ишкерлерди реестрге каттоо процесси кандай жүрүүдө?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Кыргызстанда жөлөк пул алгандардын саны азайдыТрамп АКШдан элди чыгара турган "тескери миграциянын" концепциясын сунуштадыЧет өлкөдө 26 миңден ашык кыргызстандык добуш бергенин министрлик маалымдады. Алдыда кененирээкЧет өлкөлөрдө добуш берүүгө катышкан кыргызстандыктардын жалпы саны 26 миң 66 адамды түздү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, добуш берүү күнү тынч жана конструктивдүү маанайда өттү. Жарандар чет өлкөдө жүргөн шартта да өздөрүнүн конституциялык добуш берүү укугун пайдалануу менен жогорку жарандык жоопкерчиликти жана жигердүүлүктү көрсөтүштү. Тышкы иштер министрлигинин штабы чет өлкөдөгү шайлоо тилкелеринин ишин күнү-түнү көзөмөлдөп, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүүнү камсыздады. Белгилей кетсек, күн мурун Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Парламенттеги 90 орунга 460 талапкер ат салышты. Добуш берүү үчүн өлкө аймагы боюнча 2492, чет мамлекеттерде 100 шайлоо тилкеси ачылды. Аралыктан добуш берүүгө 27 шайлоо тилкеси уюштурулду.
Жогорку Кеңешке шайлоо жакшы деңгээлде өттү. Бул тууралуу КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын башкы катчысы Дмитрий Кобицкий билдирди.Ал 36,9 пайыздык катышууну "жетиштүү деңгээл" деп атап, бул көрсөткүч мурдагы парламенттик шайлоолорго (34 пайыз) салыштырмалуу жакшы экенин белгиледи. "Шайлоо участкалары билим берүү же саламаттык сактоо мекемелеринде гана эмес, базарларда, вокзалдарда, аэропорттордо жана башка жерлерде уюштурулгандыктан добуш берүүдө адамдарга ыңгайлуу болду", — деди Кобицкий. Ал ошондой эле жарандарды шайлоого келбегени үчүн айыпка жыгуу ашыкча экенин, ар бир өлкө добуш берүүнү кызыктуу кылуу үчүн өз ыкмаларын колдонушу зарылдыгын белгиледи.
Кыргызстанда ушул жылдын 1-ноябрына карата 108,4 миң адам ар айлык социалдык жөлөк пул алат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жөлөк пул алуучулардын саны 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 пайызга азайды. Маалыматка караганда, ар айлык социалдык жөлөк пул пенсиялык камсыздандырууга укугу жок, эмгекке жарамсыз жарандарга чектелет. Алар: 18 жашка чейинки майыптуулугу бар балдар; ата-энесинин биринен ажыраган балдар; ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган балдар; бала кезинен майыптыгы бар адамдар; жалпы оорудан улам майыптыгы барлар; баатыр энелер; улгайган жарандар. Ар айлык социалдык жөлөк пул категориясына жараша 2000 сомдон 8000 сомго чейинки өлчөмдө дайындалат.
Президент Дональд Трамп элди АКШдан чыгара турган "тескери миграциянын" концепциясын сунуштаганын РИА Новости кабарлады. Ак үйдүн расмий өкүлү Каролин Левитт Афганстандан келген эки кишинин террорчулукка шектелип камакка алынган окуясынан улам Жо Байден башында турган АКШнын мурунку администрациясы улуттук коопсуздукка доо кетирген кризисти жаратканын белгиледи. Анын айтымында, масштаб өтө чоң. New York Post гезити өлкөнүн Ички коопсуздук министрлигинин маалыматына таянуу менен АКШга 2021-жылдан тарта келген 5000 афгандыкты күч түзүмдөрү улуттук коопсуздукка коркунуч жаратышы мүмкүн болгон топко кошкон. "Бул өлкөбүздө жүргөн адамдарды кууп чыгыш керек дегенди түшүндүрөт. Алардын жоголушун каалайм. Мамлекет ичинде жүрбөшү керек болгон адамдар өтө көп", — деди Трамп Флоридадан Ак үйгө кайтып бара жатып. Эскерте кетсек, мигранттарга нааразычылык Ак үйдүн улуттук гвардиячыларына жасалган кол салуудан кийин күчөгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0