https://sputnik.kg/20251126/ukraina-aksh-zhongo-saluu-chetke-kakty-1098112182.html
Украина АКШнын 28 пунктудан турган жөнгө салуу планын четке какты
Украина АКШнын 28 пунктудан турган жөнгө салуу планын четке какты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Владимир Зеленскийдин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак АКШнын Россия менен жаңжалды жөнгө салуу боюнча баштапкы планын четке какты... 26.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-26T12:14+0600
2025-11-26T12:14+0600
2025-11-26T12:14+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
россия
акш
владимир зеленский
андрей ермак
нато
украина
дональд трамп
куралдуу күчтөр
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/1a/1098112335_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_be45fc3c509ae69a868e3fe067ba9d7b.jpg
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Владимир Зеленскийдин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак АКШнын Россия менен жаңжалды жөнгө салуу боюнча баштапкы планын четке какты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Ермак ошондой эле Украина Конституциядан НАТОго мүчөлүк тууралуу жобону алып салууну карабай турганын белгилеген. Ал шейшемби күнү Зеленский 27-ноябрда Дональд Трамп менен жолугуп, Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу шарттарын макулдашышы мүмкүн экенин билдирген. Ермактын айтымында, Киев режиминин башчысы АКШнын президенти менен аймактардан баш тартуу маселесин талкуулайт. Ал эми "Каалоочулар коалициясы" Украина үчүн коопсуздук кепилдигин иштеп чыгуу максатында Франция менен Улуу Британиянын жетеги астында Түркия жана АКШнын катышуусунда жумушчу топ түзөрү белгилүү болгон. АКШнын тынчтык демилгеси жана европалык "өзгөртүүлөр" Өткөн аптада Кошмо Штаттардын администрациясы Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча тынчтык демилгесин иштеп чыкканын жарыялаган. Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, бул планда Донбасстын бүт аймагын Москванын карамагына өткөрүү жана Крымды Россиянын аймагы катары расмий таануу, Запорожье, Херсон облустарындагы кагылышууну жүрүп жаткан жеринен токтотуу камтылган. Мындан тышкары, Украина Куралдуу күчтөрүнүн санын эки эсе кыскартуу, Россиянын аймагына терең сокку урууга жөндөмдүү чет элдик аскерлерди жана курал-жаракты Украинага киргизүүгө тыюу салуу каралган. 23-ноябрда Женевада Евробиримдиктин, АКШ жана Киев өкүлдөрү жолугуп, анда америкалык сунушка өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талкууланган. Reuters жана The Telegraph агенттиктери өзгөртүүлөрдүн эки версиясын жарыялашты. Биринчиси боюнча Евробиримдик Украинанын куралдуу күчтөрүнүн санын 800 миң деп белгилөөнү сунуштаса, экинчисинде эч кандай чектөө жок. Запорожье АЭСи боюнча Reuters агенттигинин маалыматына караганда, аны МАГАТЭнин көзөмөлү астында кайра иштетүү сунушталып, өндүрүлгөн электр энергиясы Россия менен Украинанын ортосунда тең бөлүштүрүлөт. Ал эми Telegraph жарыялаган сунушта заводду толугу менен Киев режиминин карамагына берүү көрсөтүлгөн. Айрым булактардын айтымында, европалык планда Украинага тынчтык мезгилинде НАТО күчтөрүн киргизүүгө тыюу салынат, ал эми башка маалыматтар боюнча, чет элдик аскерлердин кириши тууралуу чечимди Киев кабыл алат. Ошол эле маалда, эки медианын тең билдирүүсү боюнча, Евробиримдиктин планында фронт линиясындагы жаңжалды токтотуу каралган. Бул АКШнын Украина Куралдуу күчтөрүн Донбасстан чыгаруу планынын башкы пунктуна каршы келет.
https://sputnik.kg/20251126/tramp-ukraina-kelishim-tuzuugo-baryshy-kerek-1098105475.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/1a/1098112335_251:0:2982:2048_1920x0_80_0_0_0b26a13fc88a558e9a6d6482d5ec6ed2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, акш, владимир зеленский, андрей ермак, нато, украина, дональд трамп, куралдуу күчтөр, европа биримдиги
дүйнөдө, россия, акш, владимир зеленский, андрей ермак, нато, украина, дональд трамп, куралдуу күчтөр, европа биримдиги
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Владимир Зеленскийдин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак АКШнын Россия менен жаңжалды жөнгө салуу боюнча баштапкы планын четке какты. Бул тууралуу
РИА Новости жазды.
"Мен 28 пунктуну унутууну сунуштайм. Жашоо ушунчалык тездик менен өзгөрүп жатат, ал өткөн чак болуп калды", — деген ал.
Ермак ошондой эле Украина Конституциядан НАТОго мүчөлүк тууралуу жобону алып салууну карабай турганын белгилеген.
Ал шейшемби күнү Зеленский 27-ноябрда Дональд Трамп менен жолугуп, Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу шарттарын макулдашышы мүмкүн экенин билдирген. Ермактын айтымында, Киев режиминин башчысы АКШнын президенти менен аймактардан баш тартуу маселесин талкуулайт.
Ал эми "Каалоочулар коалициясы" Украина үчүн коопсуздук кепилдигин иштеп чыгуу максатында Франция менен Улуу Британиянын жетеги астында Түркия жана АКШнын катышуусунда жумушчу топ түзөрү белгилүү болгон.
АКШнын тынчтык демилгеси жана европалык "өзгөртүүлөр"
Өткөн аптада Кошмо Штаттардын администрациясы Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча тынчтык демилгесин иштеп чыкканын жарыялаган. Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, бул планда Донбасстын бүт аймагын Москванын карамагына өткөрүү жана Крымды Россиянын аймагы катары расмий таануу, Запорожье, Херсон облустарындагы кагылышууну жүрүп жаткан жеринен токтотуу камтылган. Мындан тышкары, Украина Куралдуу күчтөрүнүн санын эки эсе кыскартуу, Россиянын аймагына терең сокку урууга жөндөмдүү чет элдик аскерлерди жана курал-жаракты Украинага киргизүүгө тыюу салуу каралган.
23-ноябрда Женевада Евробиримдиктин, АКШ жана Киев өкүлдөрү жолугуп, анда америкалык сунушка өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талкууланган. Reuters жана The Telegraph агенттиктери өзгөртүүлөрдүн эки версиясын жарыялашты. Биринчиси боюнча Евробиримдик Украинанын куралдуу күчтөрүнүн санын 800 миң деп белгилөөнү сунуштаса, экинчисинде эч кандай чектөө жок.
Запорожье АЭСи боюнча Reuters агенттигинин маалыматына караганда, аны МАГАТЭнин көзөмөлү астында кайра иштетүү сунушталып, өндүрүлгөн электр энергиясы Россия менен Украинанын ортосунда тең бөлүштүрүлөт. Ал эми Telegraph жарыялаган сунушта заводду толугу менен Киев режиминин карамагына берүү көрсөтүлгөн.
Айрым булактардын айтымында, европалык планда Украинага тынчтык мезгилинде НАТО күчтөрүн киргизүүгө тыюу салынат, ал эми башка маалыматтар боюнча, чет элдик аскерлердин кириши тууралуу чечимди Киев кабыл алат. Ошол эле маалда, эки медианын тең билдирүүсү боюнча, Евробиримдиктин планында фронт линиясындагы жаңжалды токтотуу каралган. Бул АКШнын Украина Куралдуу күчтөрүн Донбасстан чыгаруу планынын башкы пунктуна каршы келет.