00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Тема дня
Информационно-аналитическая программа
14:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Орбан: Еврокомиссия Киевге деп сураган каражат чынында жок акча

© AP Photo / Denes ErdosВенгриянын премьер-министри Виктор Орбан. Архив
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Украинаны каржылоого деп Еврокомиссия сурап жаткан 135 миллиард евро чынында жок акча, демек, мындай жардам көрсөтүү үчүн Евробиримдик карыз алышы керек болот. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан соцтармактагы баракчасына жазганын РИА Новости кабарлады.
Эскерте кетсек, дүйшөмбү күнү Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен ЕБ лидерлерине Украинаны 2026-2027-жылдарга каржылоонун үч варианты көрсөтүлгөн кат жолдогон. Ага ылайык, Евробиримдик финансы рынокторунан карыз алып, Киевге 90 миллиард евролук насыя берүүсү каралган. Же ички дүң өндүрүмүнө карап 0,16 пайыздан 1,27 пайызга чейинки коюм менен жылына 45 миллиард евродон бөлүү сунушталган. Болбосо Россиянын тоңдурулган каражатынын эсебинен 185 миллиарддан 210 миллиард еврого чейин кредит берүү камтылган.
"Асман чапчыган мындай сумма чынында жок. Брюсселдин кезектеги "оюну" европалыктарды карызга белчесинен батырып, керек болсо неберелерибиздин мойнуна илинген жүк болот. Венгрия буга барбайт", — деп жазды Орбан.
Эл аралык валюта фондунун алдын ала маалыматы боюнча, Украинаны 2026-2027-жылдары макрофинансылык жана аскердик жаатта колдоо көрсөтүү үчүн 135,7 миллиард евро керек. Евробиримдик мамлекеттери Киевдин муктаждыгын жабууга 23-октябрда өткөн жыйында макул болушкан.
Белгилей кетсек, Украина акыркы жылдары бюджетин чоң дефицит менен түзүп, Батыштын жардамына ишенип келет. 2024-жылы тартыштык 43,9 миллиард долларды түзгөн. Быйылкы жылдын бюджети 37,3 миллиард долларлык дефицит менен бекип, аскердик чыгымга бөлүнгөн акчаны көбөйтүү үчүн эки ирет өзгөртүү кирди.
2026-жылдын бюджетинин долбоорунда чыгаша 116 миллиард доллар, киреше 68,6 миллиард доллардын чегинде деп турат. Тартыштык ИДПнын 18,4 пайызын түзөт. Ортодогу "тешикти" тыштан келчү каражат менен жабуу көздөлгөн, бирок сентябрда финансы министри Сергей Марченко келе турган каражат аз экенин, дагы 16 миллиард евро керек экенин айткан.
Ал арада Батышта кошумча жардам бөлүү кызуу талкууга алынып, Киев өзүн-өзү каржылай турган булактарды табышы керектиги айтыла баштады.
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2025
Орбан Киевди каржылоону күчөтүүнү талап кылган Еврокомиссияга жооп берди
Жаңылыктар түрмөгү
0