00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Орбан Киевди каржылоону күчөтүүнү талап кылган Еврокомиссияга жооп берди

© AP Photo / Evan VucciВенгриянын премьер-министри Виктор Орбан
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Еврокомиссиянын жетекчиси Урсула фон дер Ляйендин коррупциялык жаңжалдын чордонунда калган Киев режимин каржылоону көбөйтүү өтүнүчүнө нааразы болду. Бул тууралуу ал соцтармакка жазганын РИА Новости кабарлады.
"Өтө таң калычтуу. Аскердик мафия европалыктардын акчасын соруп алып жатканы аныкталгандан кийин, көрсөтүлгөн колдоону көзөмөлдөп же токтотуунун ордуна, Еврокомиссия башчысы көбүрөөк каржы жөнөтүүнү талап кылып жатат", — деген Орбан.
Венгр өкмөтүнүн жетекчиси Киевге берилип жаткан жардамды "арактан башы чыкпаган кишиге бир ящик ичимдик жөнөтүү" менен салыштырган.
"Венгрия акыл-эсинен ажырай элек", — деди Орбан.
Буга чейин Reuters агенттиги Еврокомиссия башчысы Урсула фон дер Ляйен Евробиримдик лидерлерине Украинаны каржылоонун варианттары көрсөтүлгөн кат жолдоп, эртерээк чечим кабыл алууну өтүнгөнүн жазган.
ЕК жетекчиси көрсөткөн варианттардын биринде мүчө мамлекеттердин грант түрүндө берген акчасы айтылган. Экинчисинде ЕБдин финансы рынокторунан алган карызынын эсебинен насыя берүү камтылган. Акыркысында тоңдурулган россиялык активдеринен акча бөлүү белгиленген.
Европалык комиссия Россиянын тоңдурулган активин пайдаланууга ЕБ өлкөлөрүн макулдатуу менен алек. Мында кеп 140 миллиард евро тууралуу болууда. Еврокомиссиянын айтымында, бул репарациялык насыя болот, башкача айтканда, акчаны Украина согуш бүткөндөн кийин "Москва зыяндын ордун толтурган соң" кайтарып берет. Тоңдурулган каражаттын басымдуу бөлүгүн кармап турган Бельгия акчаны пайдаланууга макулдугун бере элек.
Москва активдердин тоңдурулушун уурулук деп сыпаттап, ТИМдин расмий өкүлү Мария Захарова айтылган репарацияларды реалдуулуктан алыстоо деп атаган.
Украина герби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2025
Коррупцияны жашырышкан. Батышта Киевдин европалык өнөктөштөрүнө кине коюлду
Жаңылыктар түрмөгү
0