https://sputnik.kg/20251117/baysalov-antikytaylyk-chagymdar-tuuraluu-un-katty-1097906828.html
Байсалов: антикытайлык чагымдарды кырдаалды чайпалткысы келгендер жасап жатат
Байсалов: антикытайлык чагымдарды кырдаалды чайпалткысы келгендер жасап жатат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Антикытайлык чагымдардын артында Кыргызстанды чайпалткысы келгендер турат. Мындай пикирин министрлер кабинетинин төрагасынын орун... 17.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-17T14:51+0600
2025-11-17T14:51+0600
2025-11-17T14:51+0600
кыргызстан
эдил байсалов
кытайлык жарандар
айдоочу
чатак
милиция
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/17/1069283421_746:181:2957:1425_1920x0_80_0_0_4b771c748b88f8f9c3a729b98297aec9.jpg
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Антикытайлык чагымдардын артында Кыргызстанды чайпалткысы келгендер турат. Мындай пикирин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармакка жазды. Ал коомдо кырдаалды курчуткусу келгендердин кадамдарына түйшөлүп жатканын билдирип, тартип сактоо органдарын ортодо от жакчу иштерди дароо токтотууга чакырган. Байсалов Пакистанга болгон сапарындагы бир учурду мисал келтирген. Анын айтымына таянсак, Карачи шаарында кытайлык ишканалар, соода жайлары жана инвестициялар жок. Ал жергиликтүүлөр бул көрүнүш сырттан колдоо алган антимамлекетчилердин Кытайга каршы кампаниясынын натыйжасы болгонун, мындай иштер айрым учурларда террордук чабуулдарга чейин жеткенин айтып бергенин баяндады. Байсаловдун айтымында, Кытай менен стратегиялык жакындыгына карабастан Пакистан эң маанилүү өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнүн бирин өзү эле жаап алган. Ал эми мындай кадам алардын экономикалык өсүшүнө олуттуу тоскоол болгон. Эске салсак, кечээ Чүйдүн Константиновка айылында "Чайна-Роуд" жана "Чжунзцы" компанияларынын айдоочулары жол талашып, жаңжалдаша кеткен. Анын кесепетинен улам бир киши ооруканага кайрылган. ИИМден айдоочулардын мушташынан кийин 44 кишини милиция алып кетип, алардын ичинен 16сы кармалганын кабарлаган. Бул темада, тагыраагы, Кыргызстанда иштеп жаткан башка кытайлыктар боюнча ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев үн каткан. Министрдин айтымында, алар эмгек визасынын негизинде иштеп жатышат, виза мөөнөтү бүтөрү менен чыгып кетип, чыкпагандары депортацияланмакчы.
https://sputnik.kg/20251113/karaoke-bar-dep-aldap-soykukana-ishtetken-chet-eldik-karmaldy-1097821411.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/17/1069283421_346:0:3077:2048_1920x0_80_0_0_69ded7ddc2dedf95d6ecf30a250bf217.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, эдил байсалов , кытайлык жарандар, айдоочу, чатак, милиция
кыргызстан, эдил байсалов , кытайлык жарандар, айдоочу, чатак, милиция
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Антикытайлык чагымдардын артында Кыргызстанды чайпалткысы келгендер турат. Мындай пикирин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармакка жазды.
Ал коомдо кырдаалды курчуткусу келгендердин кадамдарына түйшөлүп жатканын билдирип, тартип сактоо органдарын ортодо от жакчу иштерди дароо токтотууга чакырган.
Байсалов Пакистанга болгон сапарындагы бир учурду мисал келтирген. Анын айтымына таянсак, Карачи шаарында кытайлык ишканалар, соода жайлары жана инвестициялар жок. Ал жергиликтүүлөр бул көрүнүш сырттан колдоо алган антимамлекетчилердин Кытайга каршы кампаниясынын натыйжасы болгонун, мындай иштер айрым учурларда террордук чабуулдарга чейин жеткенин айтып бергенин баяндады.
Байсаловдун айтымында, Кытай менен стратегиялык жакындыгына карабастан Пакистан эң маанилүү өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнүн бирин өзү эле жаап алган. Ал эми мындай кадам алардын экономикалык өсүшүнө олуттуу тоскоол болгон.
Эске салсак, кечээ Чүйдүн Константиновка айылында "Чайна-Роуд" жана "Чжунзцы" компанияларынын айдоочулары жол талашып, жаңжалдаша кеткен. Анын кесепетинен улам бир киши ооруканага кайрылган. ИИМден айдоочулардын мушташынан кийин 44 кишини милиция алып кетип, алардын ичинен 16сы кармалганын кабарлаган.
Бул темада, тагыраагы, Кыргызстанда иштеп жаткан башка кытайлыктар боюнча ТИМ башчысы
Жээнбек Кулубаев үн каткан. Министрдин айтымында, алар эмгек визасынын негизинде иштеп жатышат, виза мөөнөтү бүтөрү менен чыгып кетип, чыкпагандары депортацияланмакчы.