https://sputnik.kg/20251116/zheenbek-kulubayev-kytay-zhanzhal-chagym-1097889105.html
ТИМ башчысы кытайларга карата чагымдарга алдырбоого чакырды
ТИМ башчысы кытайларга карата чагымдарга алдырбоого чакырды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кытайлык жарандар эмгек визасынын негизинде иштеп жатышат, көзөмөлсүз эле каптап кирип жаткан жери жок. Бул тууралуу тышкы иштер... 16.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-16T11:13+0600
2025-11-16T11:13+0600
2025-11-16T11:13+0600
кыргызстан
жээнбек кулубаев
кытай
жаңжал
чагымчыл
айдоочу
https://sputnik.kg/img/07e9/04/0b/1093272629_0:190:3031:1895_1920x0_80_0_0_077356271156760c7b843e79f63a0cdf.jpg
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кытайлык жарандар эмгек визасынын негизинде иштеп жатышат, көзөмөлсүз эле каптап кирип жаткан жери жок. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев “Кабар” агенттигиндеги маегинде билдирди.Анын айтымында, алар виза мөөнөтү бүтөрү менен чыгат, чыкпагандары аныкталып, депортацияланат.Ал Чүйдөгү "Чайна-Роуд" жана "Чжунзцы" компанияларынын айдоочуларынын жаңжалы боюнча коментарий берип, укук коргоо органдары териштирип жатканын айткан. Ошондой эле ал кытайларга карата чагымдарга алдырбоого чакырган.Ал Кытайдын элчилигине дагы жергиликтүү тургундарга сый мамиле кылуу, мыйзамдарды катуу сактоо зарылдыгы боюнча өз жарандарына түшүндүрүү иштерин күчөтүүсү керектиги айтыларын кошумчалаган.
https://sputnik.kg/20250530/kamchybek-tashiyev-ukmk-migrant-1094309256.html
кытай
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/0b/1093272629_0:0:2729:2047_1920x0_80_0_0_e67fc30027a1e8c025d999abcddbbc9c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жээнбек кулубаев, кытай, жаңжал, чагымчыл, айдоочу
кыргызстан, жээнбек кулубаев, кытай, жаңжал, чагымчыл, айдоочу
ТИМ башчысы кытайларга карата чагымдарга алдырбоого чакырды
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кытайлык жарандар эмгек визасынын негизинде иштеп жатышат, көзөмөлсүз эле каптап кирип жаткан жери жок. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев “Кабар” агенттигиндеги маегинде билдирди.
Анын айтымында, алар виза мөөнөтү бүтөрү менен чыгат, чыкпагандары аныкталып, депортацияланат.
“Кытай жарандары мурдагы жылдарга салыштырмалуу көбүрөөк. Учурда биринчи эле кезекте Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды. Бул долбоордо каралган иштерге кытай жарандары дагы өздөрүнүн заманбап технологиялары менен тартылды. Өзүбүз дагы бул долбоордун алкагындагы ички темир жолдорубузду куруп жатабыз. Бирок бул ири долбоорду биз өзүбүздүн гана күчүбүз менен сала албай турганыбызды жарандарыбыз жакшы түшүнүүсү кажет”, — деген Кулубаев.
Ал Чүйдөгү "Чайна-Роуд" жана "Чжунзцы" компанияларынын айдоочуларынын жаңжалы боюнча коментарий берип, укук коргоо органдары териштирип жатканын айткан. Ошондой эле ал кытайларга карата чагымдарга алдырбоого чакырган.
“Ошол кытайлыктар каптап жатат деп провокациялык маалыматты таратып жаткандар жана Нарында же дагы башка жакта “жолдорубуз айлап-жылдап салынбай жатат” деп ач айкырык салгандар бир эле кишилер го дейм. Же Балыкчы — Барскоон жолун алалы. Жергиликтүү компаниялар биз жасайбыз деп жоопкерчилик алышкан. Төрт жылдан бери аягына чыккан жок. Кытайлык компанияларды биз жалдап иштетип жатабыз. Жолбу, көпүрөбү, туннелби, бүткөн соң кайра эле өз өлкөсүнө кайтышат. Эч ким түбөлүккө калып кетип жаткан жери жок. Ошондуктан учурдан пайдаланып жарандарыбызга, айрыкча “Кытай жарандары каптап кетет” деп негизсиз чочулап жаткандарга жана алар бул жакта мыйзамдуу, убактылуу иштеп жүргөнүн билип туруп абалды чыңалткысы келгендерге кайрылат элем. Биз жаңы бир нерсе ойлоп тапкан жерибиз жок. Өнүккөн мамлекеттерден квалификациялуу же арзан жумушчу күчүн долбоорлорго тартып туруу — дүйнөлүк практика. Баарыбыз өлкө өнүксүн дейбиз. Ошону талап кылабыз. Бирок ошол багытта иш жүрүп жатса элди козуткан, чагымчыл сөздөрдү айткандар бар. Бул такыр туура эмес көрүнүш”, — деген Кулубаев.
Ал Кытайдын элчилигине дагы жергиликтүү тургундарга сый мамиле кылуу, мыйзамдарды катуу сактоо зарылдыгы боюнча өз жарандарына түшүндүрүү иштерин күчөтүүсү керектиги айтыларын кошумчалаган.