00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Личный интерес
Айтматов и его наследие: Иссык-кульский форум как часть большой программы ШОС
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстан адал индустрияны өнүктүрүү боюнча алдыда — бирдиктүү реестр, лицензия, экспорт, стандарттар
09:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун ишмердүүлүгү: натыйжалар жана келечек
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Диний чөйрөнү иретке келтирүү: мыйзамдын маңызы жана практикалык колдонулушу
13:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Мектептерде психологиялык басым күчөп жатат. Ата-энелер менен мугалимдер эмне кылышы керек?
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Два языка, один мир: литературное наследие Айтматова
16:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Самсак Станалиевди эскерүү: чыгармачылык мурасы жана адабияттагы орду
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Что изменится в правилах изъятия земель и какие права получат собственники - объясняет юрист
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мектептерде психологиялык басым күчөп жатат. Ата-энелер менен мугалимдер эмне кылышы керек?
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Бишкек жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасына барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, сапардын максаты ЖЭБдин ишин жана учурдагы жылытуу мезгилине даярдыкты карап чыгуу болгон. Минкаб башчысы объекттин үзгүлтүксүз иштөөгө даярдыгын кылдаттык менен текшерип, жетиштүү отун запастарынын топтолушуна өзгөчө көңүл бурду. Текшерүүдөн кийин министрлер кабинетинин төрагасы Энергетика министрлигинин, муниципалитеттин жетекчилиги жана компаниянын адистери менен кеңейтилген жумушчу жыйын өткөрдү. Жыйынтыгында ал борбор калааны ишенимдүү жылуулук менен камсыз кылуу үчүн координацияны жана жоопкерчиликти күчөтүүгө чакырды.
Камчыбек Ташиев Балыкчы шаарынын коммуналдык кызматтарына баасы 100 миллион сомдук атайын техника тапшырганын УКМК билдирди. Маалыматта шаардын көрүнүшүнө жооп берген кызматтарга жол тазалаган, таштанды чыгарган жана суу чачкан 36 даана техника берилгени айтылат.Ташиев Ысык-Көлдүн астанасындагы Балыкчы шаары негизги туристтик аймактардын бири болгондуктан инфраструктурасын жакшыртуу артыкчылыктуу багыт экенин белгилеген. Бул максаттарга президенттин фондунан 500 миллион сом бөлүнмөкчү. УКМК төрагасы техника тапшырылгандан кийин жергиликтүү тургундар менен да баарлашкан.
Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жолугушуп, үгүт иштерине аралашпоону эскертти. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда шайлоо мыйзамдарындагы акыркы өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берилип, аны окутуучу жамааттарга туура жеткирүү зарылдыгы белгиленди. Атап айтканда, мамлекеттик кызматкерлер, жогорку окуу жайлардын жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курамы, мугалимдер жана тарбиячылар шайлоо учурунда үгүт иштерине катышууга тыюу салынгандыгы эскертилди. Элчибек Жантаев бардык билим берүү мекемелеринде бейтараптуулукту сактоо жана мыйзам бузуу фактыларына жол бербөө маанилүүлүгүн белгиледи.
Евразия экономикалык комиссиясы Бириккен Араб Эмирликтери менен транспорт, инфраструктура жана логистиканы санариптештирүү жаатында кызматташууну пландаштырууда. Бул тууралуу ЕЭКтин транспорт жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошевдин Абу-Даби порттору тобунун жетекчиси жана башкаруучу директору Мохамед Жума Аль Шамиси менен Абу-Дабиде өткөн жолугушуусунда айтылды. Кызматташтыктын негизги максаты санариптик транспорттук коридорлорду жана санариптик кластерлерди түзүүдө алдыңкы технологияларга ээ, транспорттук жана логистикалык чечимдерди камсыздоочу AD Ports Group компаниясынын тажрыйбасын изилдөө болуп саналат./// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 100 сом 46 тыйынга рубль 1 сом 8 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 75 сом 90 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 81 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 80 сом сом 90 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом 40 тыйындан сатылууда ** АБА ЫРАЙЫ 7-ноябрга караган караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жума күнү республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +5...+10, Талас аймагында +4...+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +7...+12, Ысык-Көлдө +3...+8, Нарын өрөөнүндө +2...+7 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +7…+9, Ош шаарында +9...+11 градуска көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0