00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Креативдүү экономика өлкөнү өнүктүрүүнүн күчтүү драйвери болот — Create4 Design фестивалы жаратмандардын башын бириктирет
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Госпрограммы и поддержка инициатив: зачем власти делают ставку на развитие Токмока, Нарына и Кара-Балты
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПИНдеги каталарды оңдоону жөнөкөйлөтүү: жарандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему о домашнем насилии стали говорить чаще, а случаев меньше не становится
12:05
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ишкерлерден 44 арыз түштү. Ак ниет ишкерлерди реестрге каттоо процесси кандай жүрүүдө?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Мамлекеттик кызматтардагы жетекчи аялдар окутулууда. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттиги мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматтарды ээлеген аялдар үчүн эки күндүк семинар-кеңешмесин баштады. Ага мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын аял кызматкерлери катышып жатат. Жыйынды аталган агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев ачып, кеңешме аялдардын лидерлигин колдоо үчүн өтүп жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, учурда жергиликтүү шайлоолордо аялдардын активдүүлүгү жогорулады. Кеңешмеде 2030-жылга чейинки өнүктүрүүнүн Улуттук программасы, башкаруунун санариптик трансформациялоо сыяктуу маселелер көтөрүлдү.
Кыргызстанда сом менен камсыздалган алгачкы улуттук стейблкоини ишке кирди. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматы боюнча, санарип активди мамлекеттик каттоо ушул жылдын 27-октябрынан 31-октябрына чейин жүргүзүлгөн. Активди жүгүртүүгө "Виртуалдык активдердин эмитенти" ААКы чыгарган, анын милдеттенмелерин аткарууга да жооптуу болот. Компаниянын негиздөөчүсү — Финансы министрлиги. Бул улуттук валютанын негизинде чыгарылган алгачкы санарип актив болуп саналат. Жөнөкөй тил менен айтканда, бул — сомдун наркына байланган санарип акча. Санарип мейкиндикте колдонулат, бирок анын наркы сомго тең. Ар бир 1 USDKG стейблкоиндин артында реалдуу сом бар. Ошондуктан анын баасы сомдун курсуна теңделип, башка санарип активдердей болуп курсу өйдө-төмөн ойнобойт.
Балыкчы шаарынын коммуналдык кызматтарына жаңы техникалар тапшырылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Техникаларды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тапшырды. Жалпы баасы 100 млн сом болгон 36 даана ар түрдүү коммуналдык техникалар: жол тазалоочу, таштанды ташуучу, суу чачуучу жана атайын тейлөө унаалары Балыкчы шаарынын муниципалдык чарбасына берилди. Камчыбек Ташиев тапшырылган техникалар шаардын инфраструктурасын жакшыртууга, санитардык тазалыкты жана коомдук кызматтардын сапатын жогорулатууга чоң салым кошорун белгиледи. Ташиев техникаларды тапшыруу аземинде чогулган элдин кайрылууларына дагы көңул бурду. Анда аймактагы жерлердин мыйзамсыз берилиши, калкты турак жай менен камсыздоо жана жергиликтүү социалдык кызматтардагы мыйзамсыздыктар боюнча маселелер айтылды. Мындан улам төрага айтылган көйгөйлөрдү чечүүнү жеринде тийиштүү кызматтагыларга табыштады.
Жалал-Абаддагы Сары-Кыр ашуусунда калган киши тоңуп каза болуп калганын ӨКМ билдирди. Эскерте кетсек, министрлик бүгүн ашууда калган адамды куткаруу үчүн тик учак жөнөтүлгөнүн кабарлаган болчу. "Маркум темир жол куруп жаткан компаниянын Тогуз-Тородогу базасына бара жатып, кар күрткүдө калган. Сөөгү машинасынын жанынан табылды. Эртең менен жөнөтүлгөн тик учак компанияда иштеген сегиз кытайлык жаранды кошо эвакуациялады", — дешти ӨКМден. Сөөк Манас шаарына жеткирилгени айтылды. ӨКМ буга чейин Манас — Казарман жолунун ашуудагы бөлүгү 1-октябрдан тарта жабылганын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0