00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров каалоочулар чексиз тарифке өтүп алса болот деген энергетика министри Таалайбек Ибраевди жемеледи. Президент электр энергиясы тартыш болуп жаткан шартта буга жол берилбестигин, коомдо социалдык ажырымды жаратышы мүмкүн экенин белгилеген. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Аскат Алагөзов кабарлады. Жапаров Таалайбек Ибраевге чексиз тарифти дароо токтотуп, кышында элге электр энергиясын адилеттүү жана бирдей берүүнү тапшырды. Эске салсак, буга чейин энергетика министри Таалайбек Ибраев элге электр кубаты жетпей жатса чектөөсүз тарифке өтүп алууну сунуштаган. Ал үчүн аймактык электр тармактары ишканасына кайрылуу зарыл экенин кошумчалаган.
Кыргызстанда эми айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 14 ай окуш керек болот. Маалыматты Sputnik агенттигине президенттин иш башкармалыгынын маалымат кызматы тастыктады. Билдирүүдө буга чейинки эки айлык окуулар токтой турганы айтылат. "2026-жылдан тарта айдоочуларды окута турган жеке мектептер жабылып, мамлекеттик мектептер ачылат. Ар мезгилге карата экзамендер тапшырылат. Ал жактан дөңгөлөктү алмаштырууга чейин үйрөтүлөт", — дешти иш башкармалыктан. Маалымат кызматы жаңы жылдын алдында кошумча маалымат берилерин белгиледи.
Улуттук статистика комитети экономиканын реалдуу секторундагы алдыңкы 200 ишкананын тизмесин жарыялады. 2024-жылдагы рейтинг беш көрсөткүч боюнча түзүлгөн. Анда 32,7 миң ишканадагы кызматкерлердин саны, соода жүгүртүүсү жана тапкан пайдасы изилденген. Тизмедеги алдыңкы компанияларга Кумтөр Голд Компани, Кыргызстан аэропорттору, "Альянс Алтын, Алтынкен,."НУР Телеком, Альфа Телеком, Газпром компаниялары кирди.
Бишкекте ата мекендик спортчулар үчүн "Мүрөк" аттуу медициналык жана реабилитациялык борбор ачылат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди. Ал ФИФА жана Эл аралык спорттук медицина федерациясынын талаптарына жооп берет. Бул жерде спортчулар диагностика, дарылоо, реабилитация жана спортко кайтуу процессинен өтө алышат.Анын ачылышы спорттук уюмдардын чет өлкөдө дарыланууга жана калыбына келтирүүгө кеткен чыгымдарын кыйла кыскартууга мүмкүндүк берет. Борбордо лабораториялар, машыгуу залы, бассейн, физиотерапиялык жана диагностикалык кабинеттер болот. КФС борборду футбол боюнча улуттук курама командалар үчүн туруктуу медициналык база катары колдонууну пландап жатат. Курулуш иштери 2026-жылы бүтөт.
Россия менен Кытай санкцияларга каршы турууда бири-бирине жардам берүү үчүн бардык аракеттерди көрөт. Бул тууралуу эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын жолугушуусунун жыйынтыгы менен кабыл алынган коммюникеде айтылганын РИА Новости кабарлады.РФ өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Кытайга дүйшөмбү күнү барган. КЭР Мамлекеттик кеңешинин төрагасы Ли Цян менен жолугуп, бир катар документтерге кол коюлган.Тараптар көз карандысыз мамлекеттин активин анын уруксатысыз бөгөттөө, конфискациялоо глобалдуу финансылык системага доо кетирерин белгилешти. Мындан тышкары, үчүнчү өлкөлөрдө жүргөн жарандарын коргоо, өзгөчө абал жана куралдуу кагылыш учурунда эвакуациялоо боюнча кызматташууну күчөтүүнү макулдашышты.Кытай өз кезегинде Россиянын коопсуздукту, стабилдүүлүктү камсыздоо багытындагы аракеттерин колдой турганын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0