https://sputnik.kg/20251102/1097583203.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинети кайра иштетүүгө, өндүрүштө кайрадан колдонууга жарактуу калдыктарды көмүүгө тыюу салууну сунуштоодо. Тиешелүү токтом долбоору коомдук... 02.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-02T11:00+0600
2025-11-02T11:00+0600
2025-11-02T11:36+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/02/1097583037_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_96b8dbf4d41f605e42abb8e7f0b77ed5.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинети кайра иштетүүгө, өндүрүштө кайрадан колдонууга жарактуу калдыктарды көмүүгө тыюу салууну сунуштоодо. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Кеп курамында металл, пластик, айнек, кагаз, аккумулятор, электрондук компоненттери бар калдыктар тууралуу болуп жатат. Өкмөт учурдагы калдыктардын колдонулушу, сакталышы жана көмүлүшү жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу колдонууга жатпай турганын, абал биологиялык ар түрдүүлүктүн жок болушуна жана жердин такырлануусуна алып келерин айткан. “Таштанды заводдору жок болгондуктан, катуу калдыктарды көмүү иши чоң көйгөй жаратат”, — деп айтылат документте. Демилгечилер калдыктардан пайдалуу элементтерди чыгарып калуу менен таштандынын көлөмүн азайтса болорун белгилешкен. Мындан улам кайра колдонулуучу ресурстардын рыногу өнүгүп, калдыксыз технологияларды киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Бишкекте Кыргызстандын мектеп директорлорунун III форуму аяктады. Иш-чарага Кыргызстандын 273 жана Россиянын 20 мектеп директору катышып, аймактар аралык диалог жана билим берүүнүн актуалдуу маселелерин биргелешип чечүү маселелерин талкуулашкан. "Евразия" уюму уюштурган “Россия жана Кыргызстан мектептеринин боордоштугу" стратегиялык сессиясы форумдун негизги бөлүктөрүнүн бири болду. Анын алкагында эки өлкөнүн билим берүү мекемелеринин жетекчилери боордош мектептердин бирдиктүү жол картасын түзүү маселесин карашты. Бул документ биргелешкен демилгелерди системалаштыруу, тажрыйба жана ресурстар менен алмашууну шарттайт”, — деп белгиленген маалыматта. “Евразия” уюмунун Билим берүү программалары департаментинин жетекчиси Екатерина Дынниктин айтымында, мекеме документти ишке ашырууга көмөктөшөт жана мектептерге керектүү колдоо көрсөтөт.
Алайда жол кырсыктан каза болгон 5 кишинин тажыясынан келе жаткан 5 киши дагы жол кырсыктан көз жумду Эки каргаша тең 30-31-октябрь күндөрү Алайда катталганын милиция кабарлады. Биринчи кырсыкта "Ауди" менен оор жүк ташуучу унаа кагышып, 5 киши, анын ичинде бир үй-бүлөдөгү 3 адам каза болгон. Эртеси алардын тажыясынан жеңил унаа менен келе жаткан 5 эркек киши да оор жүк ташуучу транспорт менен кагышып көз жумганын милициядан тастыкташты. Маркумдардын бирөө 34, калгандары 33 жашта болгон.
Украиналык оппозиция энергетикалык саясаттын натыйжасыздыгынан улам Владимир Зеленскийге Украинанын коопсуздугуна шек келтирген деген айып тагууга даярданып жатканын Politico журналы маалымат булагына таянып жазды. Оппозиция Зеленский электр энергиясынын узакка өчүрүлүшүнө же жылуулуктун жоктугуна жол бербөө үчүн алдын ала сактык чараларын көрүшү керек болчу деп билдирүүнү көздөп жатканы белгиленди. Киевде жана Украинанын бир нече аймактарында электр жарыгын көп саатка өчүрүүлөр 10-октябрда башталган. Бийлик энергетикалык тармактар жана коммуналдык системалар жабыркаганын билдирди. Киев режиминин башчысы натыйжасыз чечимдери үчүн бир нече жолу сынга кабылган. Ал эми "Страна.ua" басылмасы оппозиционерлер Зеленскийдин позициясын алсыратуу үчүн иштеп жатканын жазган. Андагы маалыматка караганда, ал үчүн фронттогу татаал кырдаал эң кооптуу.
Министрлер кабинети кайра иштетүүгө, өндүрүштө кайрадан колдонууга жарактуу калдыктарды көмүүгө тыюу салууну сунуштоодо. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Кеп курамында металл, пластик, айнек, кагаз, аккумулятор, электрондук компоненттери бар калдыктар тууралуу болуп жатат. Өкмөт учурдагы калдыктардын колдонулушу, сакталышы жана көмүлүшү жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу колдонууга жатпай турганын, абал биологиялык ар түрдүүлүктүн жок болушуна жана жердин такырлануусуна алып келерин айткан. “Таштанды заводдору жок болгондуктан, катуу калдыктарды көмүү иши чоң көйгөй жаратат”, — деп айтылат документте. Демилгечилер калдыктардан пайдалуу элементтерди чыгарып калуу менен таштандынын көлөмүн азайтса болорун белгилешкен. Мындан улам кайра колдонулуучу ресурстардын рыногу өнүгүп, калдыксыз технологияларды киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.Бишкекте Кыргызстандын мектеп директорлорунун III форуму аяктады. Иш-чарага Кыргызстандын 273 жана Россиянын 20 мектеп директору катышып, аймактар аралык диалог жана билим берүүнүн актуалдуу маселелерин биргелешип чечүү маселелерин талкуулашкан. "Евразия" уюму уюштурган “Россия жана Кыргызстан мектептеринин боордоштугу" стратегиялык сессиясы форумдун негизги бөлүктөрүнүн бири болду. Анын алкагында эки өлкөнүн билим берүү мекемелеринин жетекчилери боордош мектептердин бирдиктүү жол картасын түзүү маселесин карашты. Бул документ биргелешкен демилгелерди системалаштыруу, тажрыйба жана ресурстар менен алмашууну шарттайт”, — деп белгиленген маалыматта. “Евразия” уюмунун Билим берүү программалары департаментинин жетекчиси Екатерина Дынниктин айтымында, мекеме документти ишке ашырууга көмөктөшөт жана мектептерге керектүү колдоо көрсөтөт.Алайда жол кырсыктан каза болгон 5 кишинин тажыясынан келе жаткан 5 киши дагы жол кырсыктан көз жумду Эки каргаша тең 30-31-октябрь күндөрү Алайда катталганын милиция кабарлады. Биринчи кырсыкта "Ауди" менен оор жүк ташуучу унаа кагышып, 5 киши, анын ичинде бир үй-бүлөдөгү 3 адам каза болгон. Эртеси алардын тажыясынан жеңил унаа менен келе жаткан 5 эркек киши да оор жүк ташуучу транспорт менен кагышып көз жумганын милициядан тастыкташты. Маркумдардын бирөө 34, калгандары 33 жашта болгон. Украиналык оппозиция энергетикалык саясаттын натыйжасыздыгынан улам Владимир Зеленскийге Украинанын коопсуздугуна шек келтирген деген айып тагууга даярданып жатканын Politico журналы маалымат булагына таянып жазды. Оппозиция Зеленский электр энергиясынын узакка өчүрүлүшүнө же жылуулуктун жоктугуна жол бербөө үчүн алдын ала сактык чараларын көрүшү керек болчу деп билдирүүнү көздөп жатканы белгиленди. Киевде жана Украинанын бир нече аймактарында электр жарыгын көп саатка өчүрүүлөр 10-октябрда башталган. Бийлик энергетикалык тармактар жана коммуналдык системалар жабыркаганын билдирди. Киев режиминин башчысы натыйжасыз чечимдери үчүн бир нече жолу сынга кабылган. Ал эми "Страна.ua" басылмасы оппозиционерлер Зеленскийдин позициясын алсыратуу үчүн иштеп жатканын жазган. Андагы маалыматка караганда, ал үчүн фронттогу татаал кырдаал эң кооптуу.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/02/1097583037_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_4c57358eba35e6ccebdb8eb7df0df010.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио