00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Бишкекте жылуулук 3-ноябрдан тарта бериле баштайтШатдаундан улам Нью-Йорк штатында өзгөчө кырдаал режими кирдиСадыр Жапаров 92 студентке президенттик стипендия тапшырдыАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров банктар аралык мамилелерге байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүчү мыйзамга кол койду. Эми мыйзамга ылайык, Жарандык кодекстеги карыз, кредит жана товарды насыяга сатуу боюнча жалпы жоболор — керектөөчүлүк кредиттерге да колдонулат. Бул учурда керектөөчүлүк насыялоо тармагындагы өзгөчөлүктөр эске алынат. Документте көрсөтүлгөндөй, кредиттердин эң жогорку пайыздык чеги улуттук банктын ар жарым жылдыкта аныктай турган орточо номиналдык пайыздык ченине 12% кошулуу менен эсептелет. Улуттук банкка керектөөчүлөрдүн укугун бузган жана мыйзамдагы чектөөлөрдү сактабаган кредиторлорго карата чара көрүү ыйгарым укугу берилди. Мыйзам бузган кредиторлорго 65 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат — бул Кылмыш эмес, Административдик укук бузуулар кодексине ылайык колдонулат.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-октябрда, жогорку окуу жайлардын студенттерине президенттик стипендия тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, жогорку окуу жайлардын 92 студенти өлкө башчынын колунан 60 миң сомдон алышты."Президенттик стипендия — бул жөн гана материалдык колдоо эмес. Муну менен биз окуу жайлардын илимий жана коомдук турмушуна өзгөчө салым кошкон, билимге, илимге, чыгармачылыкка умтулган, коомдун жашоосуна болгон жоопкерчиликтүү мамилеси менен айырмаланган студенттерге шык берүүнү каалайбыз",— деди ал.Жапаров ошондой эле өлкөнүн билим берүү системасын эл аралык талаптарга жооп бергидей кылып жаңыртуу иштери жүрүп жатканын белгилеп, студенттердин дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүү болуусуна шарт түзүү аракети көрүлүп жатканын кошумчалады.
Кыргызстан өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү боюнча ЕАЭБде биринчи орунда турат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын сайтында кабарланды. Январдан августка чейин республиканын көрсөткүчтөрү 11,5 пайызга өскөн. Ал эми Казакстан ошол эле мезгилде 7,6 пайызга өсүү менен экинчи орунда турат.
Бишкек шаарында жылуулук 3-ноябрдан тарта бериле баштайт. Бул тууралуу мэрия билдирди. Муниципалдык ишканалардын бардыгы шаардын объектилерине жылуулукту өз убагында туташтырууга толук даяр экени белгиленди. Жылуулук алгач соцобъектилерге, андан кийин көп кабаттуу үйлөр менен жеке секторго берилет.
Нью-Йорк штатынын губернатору Кэти Хокул өкмөттүн иши токтогондон кийин азык-түлүк талондорун каржылоодо өзгөчө кырдаал режимин киргизди. Бул тууралуу ал маалымат жыйында айтканын РИА Новости кабарлады. "Нью-Йорктун тургундары ачка калбашы үчүн колдогу каражаттын баарын колдонгум келет", — деген аймактын жетекчиси. 1-ноябрдан тартып америкалыктарга азык-түлүк талондорун берүү токтойт, буга узарып кеткен шатдаун себеп. Азык-түлүк жардамы каралган программаны 42 миллион киши колдонуп келген, бул жалпы элдин сегизден бир бөлүгү. Талон менен жан багып келгендердин үч миллиону Нью-Йорк штатында жашайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0