https://sputnik.kg/20251030/1097534985.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын энергетика тармагындагы карызы беш жылда 137 миллиарддан 25 миллиард сомго түштү. Бул тууралуу мамлекеттин башчысы Садыр Жапаров "Кабар" улуттук... 30.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-30T19:00+0600
2025-10-30T19:00+0600
2025-10-30T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/1e/1097534819_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_cf4daca065a4c92d27d1aa0aa4512824.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын энергетика тармагындагы карызы беш жылда 137 миллиарддан 25 миллиард сомго түштү. Бул тууралуу мамлекеттин башчысы Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген комментарийинде айткан. "Азыр кырдаал беш жыл мурдагыга салыштырсак, кыйла жакшы. 2021-жылдын башында энергетика жаатындагы карыз 137 миллиард сом же 1,5 миллиард долларды түзгөн. Бул тармактагы реформанын, коррупцияны жана уурулукту жок кылганыбыздын натыйжасында азыр болгону 25 миллиард сом карыз калды", — деген президент. Жапаров энергетиктер аталган сумманы толук жоюп, киреше алганга чыгуу планында экендигин кошумчалаган.
2030-жылга чейин өлкөнүн ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмүн киши башына 4 500 долларга жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Ал Бишкекте өтүп жаткан 2030-жылга чейинки өнүгүү программасын талкуулаган Улуттук өнүктүрүү форумуна катышты. Касымалиевдин кебинин урунттуу учурлары: ИДПны киши башына 4 500 долларга чейин жеткирүү; ИДПнын көлөмүн 30 миллиард доллардан кем эмес кылуу; алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирүү; жумушсуздук 5 пайыздан ашпашы керек; мамлекеттик тышкы карыздын өлчөмүн ИДПга карата 60 пайызга чейинки деңгээлде кармоо.
Кыргызстан Россияга жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата биргелешкен кинодолбоор түзүүнү сунуштады. Мындай демилгени "Кыргызфильм" киностудиясынын башкы редактору Акылбек Мураталиев Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын маданият боюнча жумушчу тобунун жыйынында билдирди. Ага эки өлкөнүн маданият министрлери Ольга Любимова менен Мирбек Мамбеталиев да катышкан. Мураталиев 2022-жылы Санкт-Петербургда Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде даярдалган "Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт" долбоору питчингде жеңишке жеткенин эске салды. Ал ошол сценарийдин негизинде биргелешип тасма тартууну сунуштады.
Владимир Зеленский менен Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский Красноармейскидеги жоокерлерине багынып берүү буйругун бериши керек. Бул тууралуу британиялык аскердик аналитик Александр Меркурис YouTube каналындагы эфиринен айтканын РИА Новости жазды. "Ушу тапта Зеленский менен Сырский Красноармейскидеги украин аскерлерине курал таштоого буйрук бериши керек. Эң гумандуу кадам болот", — деп жазган ал. Анткен менен эксперт Зеленский буга барбайт деген пикирде. Эгер украиналык жоокерлер багынып берсе, Зеленский европалык жана америкалык өнөктөштөрүн Украина Куралдуу күчтөрүнүн дараметин ашыра айтып алдап келгенин ачыктап коет. /// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 64 тыйынга рубль 1 сом 10 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 75 сом 40 тыйындан баштап, 76 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 80 сом 40 тыйындан 81 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 79 сом 40 тыйындан тарта 80 сом 40 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 38 сом 50 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ 31-октябрга караган караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Жума күнү республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй жана Талас аймагында +18...+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17...+22, Ысык-Көл жана Нарын өрөөнүндө +10...+15 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +18…+20, Ош шаарында +19...+21 градуска көтөрүлөт.
Кыргызстандын энергетика тармагындагы карызы беш жылда 137 миллиарддан 25 миллиард сомго түштү. Бул тууралуу мамлекеттин башчысы Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген комментарийинде айткан. "Азыр кырдаал беш жыл мурдагыга салыштырсак, кыйла жакшы. 2021-жылдын башында энергетика жаатындагы карыз 137 миллиард сом же 1,5 миллиард долларды түзгөн. Бул тармактагы реформанын, коррупцияны жана уурулукту жок кылганыбыздын натыйжасында азыр болгону 25 миллиард сом карыз калды", — деген президент. Жапаров энергетиктер аталган сумманы толук жоюп, киреше алганга чыгуу планында экендигин кошумчалаган. 2030-жылга чейин өлкөнүн ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмүн киши башына 4 500 долларга жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Ал Бишкекте өтүп жаткан 2030-жылга чейинки өнүгүү программасын талкуулаган Улуттук өнүктүрүү форумуна катышты. Касымалиевдин кебинин урунттуу учурлары: ИДПны киши башына 4 500 долларга чейин жеткирүү; ИДПнын көлөмүн 30 миллиард доллардан кем эмес кылуу; алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирүү; жумушсуздук 5 пайыздан ашпашы керек; мамлекеттик тышкы карыздын өлчөмүн ИДПга карата 60 пайызга чейинки деңгээлде кармоо.Кыргызстан Россияга жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата биргелешкен кинодолбоор түзүүнү сунуштады. Мындай демилгени "Кыргызфильм" киностудиясынын башкы редактору Акылбек Мураталиев Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын маданият боюнча жумушчу тобунун жыйынында билдирди. Ага эки өлкөнүн маданият министрлери Ольга Любимова менен Мирбек Мамбеталиев да катышкан. Мураталиев 2022-жылы Санкт-Петербургда Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде даярдалган "Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт" долбоору питчингде жеңишке жеткенин эске салды. Ал ошол сценарийдин негизинде биргелешип тасма тартууну сунуштады. Владимир Зеленский менен Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский Красноармейскидеги жоокерлерине багынып берүү буйругун бериши керек. Бул тууралуу британиялык аскердик аналитик Александр Меркурис YouTube каналындагы эфиринен айтканын РИА Новости жазды. "Ушу тапта Зеленский менен Сырский Красноармейскидеги украин аскерлерине курал таштоого буйрук бериши керек. Эң гумандуу кадам болот", — деп жазган ал. Анткен менен эксперт Зеленский буга барбайт деген пикирде. Эгер украиналык жоокерлер багынып берсе, Зеленский европалык жана америкалык өнөктөштөрүн Украина Куралдуу күчтөрүнүн дараметин ашыра айтып алдап келгенин ачыктап коет. /// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 64 тыйынга рубль 1 сом 10 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 75 сом 40 тыйындан баштап, 76 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 80 сом 40 тыйындан 81 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 79 сом 40 тыйындан тарта 80 сом 40 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 38 сом 50 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ 31-октябрга караган караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Жума күнү республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй жана Талас аймагында +18...+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17...+22, Ысык-Көл жана Нарын өрөөнүндө +10...+15 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +18…+20, Ош шаарында +19...+21 градуска көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/1e/1097534819_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5e650240c7de940d4195f124a10525dc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио