https://sputnik.kg/20251030/1097518776.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Манас шаарында КМШнын Чек ара аскерлеринин командачылар кеңешинин 91-отуруму өтүп жатат. Жыйынга Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия... 30.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-30T13:00+0600
2025-10-30T13:00+0600
2025-10-30T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/1e/1097518610_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_412f2d5999864651edb540274d52c871.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Манас шаарында КМШнын Чек ара аскерлеринин командачылар кеңешинин 91-отуруму өтүп жатат. Жыйынга Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын чек ара кызматтарынын делегациялары катышууда. Мындан тышкары, иш-чарага Чек ара аскерлеринин командачылар кеңешинин координациялык кызматынын өкүлдөрү, КМШ, ЖККУ, ШКУ, Чек ара кызматынын ардагерлеринин эл аралык союзунун түзүмдөрүнүн жетекчилери жана расмий өкүлдөрү да келген.
Кыргызстандыктар Москвада өтө турган "Россия жана КМШ элдери" деп аталган эл аралык фестивалга катышат. Бул туурасында РФ Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Алексей Шевцов билдирди. Ал Sputnik агенттигинин маалымат борборунда фестивалдын уюштурулушу боюнча айтып берди. "Кыргызстандын расмий мамлекеттик өкүлдөрү ишкерлик бөлүгүнө катышса, республиканын кино индустриясынын өкүлдөрү россиялык киночу кесиптештери менен кызматташат", — деди Шевцов. Иш-чара 31-октябрдан 5-ноябрга чейин үч жерде болот жана Россиядагы Элдик биримдик күнүн (4-ноябрь) майрамдоого карата уюштурулат. Фестиваль иштиктүү, билим берүү жана маданий программаларды айкалыштырат. Коноктор Россиянын тарыхый, маданий жана жаратылыштын ар түрдүүлүгүнө арналган көргөзмөлөргө барып, мастер-класстардан өтөт.
Быйыл 9 айда Кыргызстандан 798 килограмм синтетикалык баңгизат табылды, былтыр болгону 34 килограмм болгон. Бул туурасында Баңгизаттарды мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын профилактика бөлүмүнүн башчысы Каныбек Үсөнов Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда айтып берди. Кыргызстандын рыногунда негизинен Афганстандын баңгизатты, жергиликтүүлөрү (нашаа, кара куурай) жана андан сырткары, синтетикалык заттар бар. Бул убакыттын ичинде баңгизат менен аны жасоодо колдонулган 4,7 тонна заттар алынган. "Синтетиканы" жасоо дүйнөдө улам арбып бара жатат. Кыргызстанда да быйыл эле мындай максаттагы беш лаборатория табылган. Алардын төртөө Чүй облусунда, бирөө Бишкекте болуп чыкты. Бул үчүн үйдү атайылап ижарага алып, жаңы психоактивдүү заттарды синтездештирүү иштерин жасашат", — деген Үсөнов. Ал баңгизат менен алектенгендерге каршы күрөш токтобостугун, өлкөгө кирген жүктүн баары кылдат текшериле турганын, себеби бажы, почта кызматтары менен байланыш жолго коюлганын белгиледи. Мындай системадан улам шектүү товар чек арага киргизилери менен билинерин кошумчалаган.
АКШ президенти Дональд Трамп башка өлкөлөр менен "теңтайлаша" өзөктүк куралды сыноо аракеттерин баштоону буйруганын жар салды. Бул тууралуу ал соцтармагына жазганын РИА Новости кабарлады. Анын айтымында, процесс дароо башталат. Трамп АКШнын өзөктүк арсеналы кеңири экенин, бирок Кытай аны беш жылда кууп жетиши толук мүмкүн экенин белгилеген. Президент өз чечимин башка өлкөлөрдүн "сыноо программаларынын бардыгы" менен түшүндүргөн. Дүйшөмбү күнү Трамп Россиянын өзөктүк кыймылдаткычы бар "Буревестник" ракетасынын сыналышы тууралуу айтып жатып, Москва жана Вашингтон бири-бири менен оюн ойнобой турганын белгилеген. Ошону менен бирге Россиянын "жээктеринде" "дүйнөдөгү эң ири" өзөктүк суу алдында жүрүүчү кеме турганын кошумчалаган.
Манас шаарында КМШнын Чек ара аскерлеринин командачылар кеңешинин 91-отуруму өтүп жатат. Жыйынга Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын чек ара кызматтарынын делегациялары катышууда. Мындан тышкары, иш-чарага Чек ара аскерлеринин командачылар кеңешинин координациялык кызматынын өкүлдөрү, КМШ, ЖККУ, ШКУ, Чек ара кызматынын ардагерлеринин эл аралык союзунун түзүмдөрүнүн жетекчилери жана расмий өкүлдөрү да келген.Кыргызстандыктар Москвада өтө турган "Россия жана КМШ элдери" деп аталган эл аралык фестивалга катышат. Бул туурасында РФ Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Алексей Шевцов билдирди. Ал Sputnik агенттигинин маалымат борборунда фестивалдын уюштурулушу боюнча айтып берди. "Кыргызстандын расмий мамлекеттик өкүлдөрү ишкерлик бөлүгүнө катышса, республиканын кино индустриясынын өкүлдөрү россиялык киночу кесиптештери менен кызматташат", — деди Шевцов. Иш-чара 31-октябрдан 5-ноябрга чейин үч жерде болот жана Россиядагы Элдик биримдик күнүн (4-ноябрь) майрамдоого карата уюштурулат. Фестиваль иштиктүү, билим берүү жана маданий программаларды айкалыштырат. Коноктор Россиянын тарыхый, маданий жана жаратылыштын ар түрдүүлүгүнө арналган көргөзмөлөргө барып, мастер-класстардан өтөт. Быйыл 9 айда Кыргызстандан 798 килограмм синтетикалык баңгизат табылды, былтыр болгону 34 килограмм болгон. Бул туурасында Баңгизаттарды мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын профилактика бөлүмүнүн башчысы Каныбек Үсөнов Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда айтып берди. Кыргызстандын рыногунда негизинен Афганстандын баңгизатты, жергиликтүүлөрү (нашаа, кара куурай) жана андан сырткары, синтетикалык заттар бар. Бул убакыттын ичинде баңгизат менен аны жасоодо колдонулган 4,7 тонна заттар алынган. "Синтетиканы" жасоо дүйнөдө улам арбып бара жатат. Кыргызстанда да быйыл эле мындай максаттагы беш лаборатория табылган. Алардын төртөө Чүй облусунда, бирөө Бишкекте болуп чыкты. Бул үчүн үйдү атайылап ижарага алып, жаңы психоактивдүү заттарды синтездештирүү иштерин жасашат", — деген Үсөнов. Ал баңгизат менен алектенгендерге каршы күрөш токтобостугун, өлкөгө кирген жүктүн баары кылдат текшериле турганын, себеби бажы, почта кызматтары менен байланыш жолго коюлганын белгиледи. Мындай системадан улам шектүү товар чек арага киргизилери менен билинерин кошумчалаган. АКШ президенти Дональд Трамп башка өлкөлөр менен "теңтайлаша" өзөктүк куралды сыноо аракеттерин баштоону буйруганын жар салды. Бул тууралуу ал соцтармагына жазганын РИА Новости кабарлады. Анын айтымында, процесс дароо башталат. Трамп АКШнын өзөктүк арсеналы кеңири экенин, бирок Кытай аны беш жылда кууп жетиши толук мүмкүн экенин белгилеген. Президент өз чечимин башка өлкөлөрдүн "сыноо программаларынын бардыгы" менен түшүндүргөн. Дүйшөмбү күнү Трамп Россиянын өзөктүк кыймылдаткычы бар "Буревестник" ракетасынын сыналышы тууралуу айтып жатып, Москва жана Вашингтон бири-бири менен оюн ойнобой турганын белгилеген. Ошону менен бирге Россиянын "жээктеринде" "дүйнөдөгү эң ири" өзөктүк суу алдында жүрүүчү кеме турганын кошумчалаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/1e/1097518610_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_d0f0a0d8bc35d9a2e2ac22b8d70352af.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио