00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кыргызстан жарандары Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуштаган нормадан 3,5 эсе көп туз керектешет. Бул тууралуу «Биринчи радио» эфиринде Республикалык саламаттыкты чыңдоо борборунун дарыгери Марина Дүйшонкулова билдирди. Анын айтымында, туздун күнүмдүк нормасы — 5 граммдан ашпоосу керек, бул болжол менен бир чай кашыкка барабар. ДССУнун 2018-жылдагы маалыматына ылайык, Кыргызстан Борбор Азиядагы эң көп туз керектеген өлкө болуп чыккан. Норма 5 грамм болсо, кыргызстандыктар орто эсеп менен 17,24 грамм тузду күн сайын колдонушат. Дүйшонкулова белгилегендей, тузду ашыкча колдонуу жүрөк-кан тамыр системасына күч келтирет жана кан басымды жогорулатат, бул болсо инфаркт же инсульт сыяктуу ооруларды жаратышы мүмкүн. Дарыгер жарандарды ашыкча туздан баш тартып, тамактануу маданиятын сактоого чакырды.
Бишкек шаарында 18-октябрдан 1-декабрга чейин мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын арасында Инклюзивдүү спартакиада өтүп жатат. Анда шахмат, шашки, стол үстүндөгү тенниси, кичи футбол, волейбол, сууда сүзүү сыяктуу жалпы 10 спорттун туру камтылган. Иш-чаранын максаты – инклюзивдүү спортту өнүктүрүү жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды активдүү, сергек жашоо образына үндөө. Спартакиада Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти тарабынан уюштурулууда. Мелдештер чоңдор, жаштар жана балдар арасында жеке эсеп боюнча өтүүдө. Спартакиадага көрүүсү, угуу жөндөмү, кыймыл-аракет системасы, борбордук нерв системасы бузулган жана жеңил деңгээлдеги акыл-эс өзгөчөлүгү бар спортчулар катышууда.
Баткен окуясынын аякташына 25 жыл болду Бүгүн Баткен согушунда көз жумган жоокерлер эскерилип, алардын эстелигине гүлчамбар коюлду. Иш-чарага генералдар, офицерлер, жоокерлер, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев, отставкадагы полковник Сатыбек Молдалиев катышты.
Өзбекстандын борборунда “Талкуудан — практикалык өзгөрүүлөргө” урааны астында бешинчи Ташкент антикоррупция форуму болуп өттү. Иш-чара эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана коррупцияга каршы күрөштө заманбап ыкмаларды жайылтууга арналды. Форумдун негизги максаты — коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык диалогду жаңы деңгээлге чыгаруу, тажрыйба жана инновациялык ыкмалар алмашууну күчөтүү, алдын алуу механизмдерин өркүндөтүү жана натыйжалуу саясий чечимдерди иштеп чыгуу болду. Быйылкы форумда “Жасалма интеллект коррупцияга каршы”, “Комплаенс көзөмөлүнүн жаңы деңгээли” жана “Антикоррупциялык билим берүү” темалары талкууланып, жыйынтыгында саясатты өркүндөтүү жана кызматташууну чыңдоо боюнча сунуштар иштелип чыкты. Форумдун соңунда V Ташкент антикоррупция форумунун декларациясы кабыл алынды. Иш-чарага 250дөн ашык чет элдик делегациялардын, мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.
АКШнын президенти Дональд Трамп Малайзияга барганда аны салттуу бий менен тосуп алган жергиликтүү тургундарга кошулду. Бул тууралуу Magno News жазды. Президентти премьер-министр Анвар Ибрагим тосуп алган. Трамп жергиликтүү тургундар менен кошо бийлеп, аларды кубандырды.Андан соң Таиланд менен Камбоджанын өкүлдөрү АКШ президентинин катышуусунда чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча декларацияга кол коюшту. Трамп АСЕАН саммитине да катышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0