https://sputnik.kg/20251026/1097409485.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети өзүнүн кылымдык тарыхында 192 миңден ашык бүтүрүүчүнү Кыргызстандын ар кайсы тармактарына адис катары... 26.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-26T08:59+0600
2025-10-26T08:59+0600
2025-10-26T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/1a/1097409319_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e732129b6710e5940c36be78f1831c3b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети өзүнүн кылымдык тарыхында 192 миңден ашык бүтүрүүчүнү Кыргызстандын ар кайсы тармактарына адис катары даярдады. Бул тууралуу окуу жайдын ректору Догдурбек Чонтоев 100 жылдык мааракеде сөз сүйлөп жатып билдирген. Анын айтымында, бүгүнкү күндө улуттук университетте 30 миңден ашык студент билим алат. “Бул студенттердин ичинен 1,5 миңдейи сырттан келген студенттер. Белгилүү болгондой, жаңы тиешелүү жарлык менен Нарын, Талас, Баткен мамлекеттик университеттеринин улуттук университетке кошулуусу менен бардыгы 45 миң студент болот. Ал эми окуу жайда бардыгы 3 миңден ашык кызматкерлер анын ичинде 2 миң 200 окутуучу эмгектенет. Алардын арасында 570 илимдин кандидаты, 180 илимдин доктору, 4 академик, 6 мүчө-корреспондент, 2 Кыргыз эл баатыры жана бир олимпиада чемпиону бар”, -деди ректор. Эскерте кетсек, кечээ Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракеси министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусу менен белгиленди.
Контент жаратууда мыйзамды бузгандарга жоопкерчилик каралган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин эскертүүсүндө айтылган. Шаардык милиция коомдук тартипке шек келтирген, жарандардын коопсуздугуна коркунуч жараткан жана адам укуктарын бузган пранктар, түз эфирлер жана атайын сахналаштырылган видеолор көбөйгөнүн белгиледи.Тартип сакчылары мыйзамды бузган материалдарды таркатууга жол берилбей турганын эске салып, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартыларын билдирди. Шаардык милиция бардык блогерлерди, стримерлерди жана контент жаратуучуларды коомдук тартипти урматтоого, жарандардын укуктарына этият мамиле кылууга жана жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Ошондой эле сөз эркиндиги мыйзам алдындагы жоопкерчиликтен бошотпой турганы белгиленди.
Кыргызстанда туристтик жыйым киргизүү сунушталууда. Каржы министрлиги даярдаган мыйзамдын долбоору коомдук талкууга илинди. Жыйым мейманкана, отель, жатакана, санаторий, эс алуу жана конок үйлөрү сыяктуу объектилерде убактылуу жашаган жеке адамдардан алынат. Ал салыктык эмес төлөм катары каралып, түшкөн каражат туризм инфратүзүмүн өнүктүрүүгө жана маданий мурастарды сактоого багытталары көрсөтүлгөн. "Акыркы жылдары Кыргызстанда туризм тармагы активдүү өнүгүүдө. Эгерде 2012-жылы өлкөгө 300 миң чет элдик жаран келген болсо, 2024-жылы бул көрсөткүч 9 миллионго жеткен", — деп айтылат документтин негиздемесинде. Андан тышкары, былтыр эле туристтик объектилерди курууга жана жаңылоого 23 миллиард сомдон ашык инвестиция жумшалганы белгиленген.
Эксперттер Россия Борбор Азия өлкөлөрүнө суу кризисинен чыгууга кандай жардам бере аларын Sputnik маалымат борборунда өткөн "Коопсуздук маселелерин чечүүдөгү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн интеграциялык потенциалы" аттуу видеоконференцияда талкуулашты. МГИМОнун аспиранты Назар Курбанов Россия айыл чарбасына жаңы технологияларды киргизүүгө көмөктөшө аларын белгиледи."Аму-Дарыядан ал
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети өзүнүн кылымдык тарыхында 192 миңден ашык бүтүрүүчүнү Кыргызстандын ар кайсы тармактарына адис катары даярдады. Бул тууралуу окуу жайдын ректору Догдурбек Чонтоев 100 жылдык мааракеде сөз сүйлөп жатып билдирген. Анын айтымында, бүгүнкү күндө улуттук университетте 30 миңден ашык студент билим алат. “Бул студенттердин ичинен 1,5 миңдейи сырттан келген студенттер. Белгилүү болгондой, жаңы тиешелүү жарлык менен Нарын, Талас, Баткен мамлекеттик университеттеринин улуттук университетке кошулуусу менен бардыгы 45 миң студент болот. Ал эми окуу жайда бардыгы 3 миңден ашык кызматкерлер анын ичинде 2 миң 200 окутуучу эмгектенет. Алардын арасында 570 илимдин кандидаты, 180 илимдин доктору, 4 академик, 6 мүчө-корреспондент, 2 Кыргыз эл баатыры жана бир олимпиада чемпиону бар”, -деди ректор. Эскерте кетсек, кечээ Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракеси министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусу менен белгиленди.Контент жаратууда мыйзамды бузгандарга жоопкерчилик каралган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин эскертүүсүндө айтылган. Шаардык милиция коомдук тартипке шек келтирген, жарандардын коопсуздугуна коркунуч жараткан жана адам укуктарын бузган пранктар, түз эфирлер жана атайын сахналаштырылган видеолор көбөйгөнүн белгиледи.Тартип сакчылары мыйзамды бузган материалдарды таркатууга жол берилбей турганын эске салып, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартыларын билдирди. Шаардык милиция бардык блогерлерди, стримерлерди жана контент жаратуучуларды коомдук тартипти урматтоого, жарандардын укуктарына этият мамиле кылууга жана жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Ошондой эле сөз эркиндиги мыйзам алдындагы жоопкерчиликтен бошотпой турганы белгиленди.Кыргызстанда туристтик жыйым киргизүү сунушталууда. Каржы министрлиги даярдаган мыйзамдын долбоору коомдук талкууга илинди. Жыйым мейманкана, отель, жатакана, санаторий, эс алуу жана конок үйлөрү сыяктуу объектилерде убактылуу жашаган жеке адамдардан алынат. Ал салыктык эмес төлөм катары каралып, түшкөн каражат туризм инфратүзүмүн өнүктүрүүгө жана маданий мурастарды сактоого багытталары көрсөтүлгөн. "Акыркы жылдары Кыргызстанда туризм тармагы активдүү өнүгүүдө. Эгерде 2012-жылы өлкөгө 300 миң чет элдик жаран келген болсо, 2024-жылы бул көрсөткүч 9 миллионго жеткен", — деп айтылат документтин негиздемесинде. Андан тышкары, былтыр эле туристтик объектилерди курууга жана жаңылоого 23 миллиард сомдон ашык инвестиция жумшалганы белгиленген.Эксперттер Россия Борбор Азия өлкөлөрүнө суу кризисинен чыгууга кандай жардам бере аларын Sputnik маалымат борборунда өткөн "Коопсуздук маселелерин чечүүдөгү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн интеграциялык потенциалы" аттуу видеоконференцияда талкуулашты. МГИМОнун аспиранты Назар Курбанов Россия айыл чарбасына жаңы технологияларды киргизүүгө көмөктөшө аларын белгиледи."Аму-Дарыядан ал
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/1a/1097409319_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_65d0c03a8d8bbdb656babdf6dac731d7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио