https://sputnik.kg/20251008/arshinova-evraziya-fondunun-siylygynyn-nominanttary-tuuraluu-aytyp-berdi-1097021996.html
Аршинова: "Евразия" фондунун сыйлыгын алам дегендердин саны 3,7 миң киши болду
Аршинова: "Евразия" фондунун сыйлыгын алам дегендердин саны 3,7 миң киши болду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. "Евразия" автономдук коммерциялык эмес уюмунун кеңешинин төрайымы Алена Аршинова мурда жарыяланган "Евразия" сыйлыгы жана сынакка... 08.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-08T16:35+0600
2025-10-08T16:35+0600
2025-10-08T16:35+0600
дүйнөдө
россия
кыргызстан
"евразия" уюму
сыйлык
сынак
алена аршинова
видео
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/08/1097019501_0:251:3071:1978_1920x0_80_0_0_2f69a43b5f5124b6b4e9e03a265fa14e.jpg
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. "Евразия" автономдук коммерциялык эмес уюмунун кеңешинин төрайымы Алена Аршинова мурда жарыяланган "Евразия" сыйлыгы жана сынакка катышкандар боюнча айтып берди. Катышуу үчүн арыз баарынан көп Россиядан, Кыргызстандан, Казакстандан, Өзбекстандан, Беларустан жана Армениядан түшкөн. Сыйлык орус тили менен маданиятын жайылтуу, евразиялык аймак боюнча айтып берүү, тарыхый эстеликтерди сактоо жаатында түзүлгөн. Ага катышкандарга добуш берүү 19-октябрга чейин уланат. Байге фонду — 25 миллион рубль. Бул сынакка Sputnik Кыргызстан агенттиги жана радиосунан да төрт журналист катышууда. Ал эми уюм тууралуу жалпы маалымат берсек, "Евразия" автономиялуу коммерциялык эмес уюму окуучуларды, студенттерди жана жаш адистерди колдоо максатында түзүлгөн. Долбоорлорунун арасында билим берүү программалары, тажрыйба алмашуу, ири мамлекеттик жана жеке компанияларда стажировкадан өтүү, медиамектеп бар. Муну менен бирге "Евразия" — мектеп жана ЖОЖ окутуучулары үчүн кесиптик платформалар, журналист жана блогерлер үчүн гранттар, ишкерлер үчүн өнөктөш издөө, продукцияны сатуу боюнча бизнес-миссиялар, тарыхты сактоо жана маданият багытындагы долбоорлор.
https://sputnik.kg/20250604/yevraziya-synak-ele-aralyk-mamile--1094407071.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/08/1097019501_408:204:2595:1844_1920x0_80_0_0_93f3d904a8ae5bb7fcaf32e22e9bf18f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, кыргызстан, "евразия" уюму, сыйлык, сынак, алена аршинова, видео
дүйнөдө, россия, кыргызстан, "евразия" уюму, сыйлык, сынак, алена аршинова, видео
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. "Евразия" автономдук коммерциялык эмес уюмунун кеңешинин төрайымы Алена Аршинова мурда жарыяланган "Евразия" сыйлыгы жана сынакка катышкандар боюнча айтып берди.
"27 өлкөдөн 3,7 миң адам "Евразия" фондунун сыйлыгын алуучулардын тизмесине кирди", — деди төрайым.
Катышуу үчүн арыз баарынан көп Россиядан, Кыргызстандан, Казакстандан, Өзбекстандан, Беларустан жана Армениядан түшкөн. Сыйлык орус тили менен маданиятын жайылтуу, евразиялык аймак боюнча айтып берүү, тарыхый эстеликтерди сактоо жаатында түзүлгөн. Ага катышкандарга добуш берүү 19-октябрга чейин уланат. Байге фонду — 25 миллион рубль.
Бул сынакка Sputnik Кыргызстан агенттиги жана радиосунан да төрт журналист катышууда.
Ал эми уюм тууралуу жалпы маалымат берсек, "Евразия" автономиялуу коммерциялык эмес уюму окуучуларды, студенттерди жана жаш адистерди колдоо максатында түзүлгөн. Долбоорлорунун арасында билим берүү программалары, тажрыйба алмашуу, ири мамлекеттик жана жеке компанияларда стажировкадан өтүү, медиамектеп бар.
Муну менен бирге "Евразия" — мектеп жана ЖОЖ окутуучулары үчүн кесиптик платформалар, журналист жана блогерлер үчүн гранттар, ишкерлер үчүн өнөктөш издөө, продукцияны сатуу боюнча бизнес-миссиялар, тарыхты сактоо жана маданият багытындагы долбоорлор.