https://sputnik.kg/20251007/1096989662.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда туруктуу жашаган энелерге "Бала береке" жөлөк пулун берүүнүн тартиби бекитилгенин министрлер кабинетинен билдиришти... 07.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-07T13:00+0600
2025-10-07T13:00+0600
2025-10-07T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/07/1096989496_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_421dc5e69e9ea3c1f127d60dbdb468bf.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда туруктуу жашаган энелерге "Бала береке" жөлөк пулун берүүнүн тартиби бекитилгенин министрлер кабинетинен билдиришти. Өкмөт кабыл алган токтомго ылайык, бир жолку жөлөк пул 2026-жылы төртүнчү болуп төрөлгөн балага берилет: 4-балага — 100 миң сом; 5-балага — 600 миң сом; 6-балага — 800 миң сом; 7-балага — 1 миллион сом; 8-балага — 1 миллион 200 миң сом; 9-балага — 1 миллион 500 миң сом; 10-бала жана андан кийинки ар бир балага — 2 миллион сом. Белгилей кетсек, 2024-жылдын 23-декабрында президент Садыр Жапаров көп балалуу энелерди колдоо максатында "Бала береке" төлөмү жөнүндө жарлыкка кол койгон.
Автоунаалардын кузовун өлкөгө ташып келүүгө 6 айлык мөөнөткө тыюу салынды. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды.Өкмөт ушул жылдын март айынын башында да дал ушундай эле чектөө киргизген. Анда мындай тыюу салуунун себеби катары чет өлкөлөрдөн жасалма документ жана мамлекеттик номерлер менен унаа алып келүү фактылары көбөйүп жатканы айтылган. Жыйынтыгында бажы төлөмдөрүн төлөбөй ташылган автоунаалардын саны арбып, акыры аларды легалдаштырууга туура келген.Белгилей кетсек, чектөө чаралары өлкөдөгү автоунаа чогулткан ишканаларга колдонулбайт. Өкмөт андай ишканалардан учурда бешөө иштеп жатканын кошумчалады.
Шейшемби күнү эртең менен алтындын биржалык баасы көтөрүлүп, тарыхый жогорку чекке жетти. Тагыраагы, трой унциясы төрт миң доллардан ашканын РИА Новости жазды. Саат 10:27ге карата Нью-Йорктун Comex биржасында алтын фьючерстери мурдагыга салыштырмалуу 19,75 долларга же 0,5 пайызга өсүп, бир трой унциясы үчүн 3 996,5 долларды түздү. Бул көрсөткүч сооданын жүрүшүндө 4 000,05 долларга чейин жетип, жаңы тарыхый рекорд коюлду.
Мугалимдердин ден соолугун чыңдоо үчүн атайын курулган "Ак-Суу" борбору толугу менен мамлекеттин карамагына өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.Маалыматка караганда, аталган санаторий Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетине тиешелүү болгон. 2012-жылы жеке тарапка сатылып кеткен."УКМК тарабынан жүргүзүлгөн атайын ыкчам тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгында борбордун наркы аныкталып, 54 миллион сомго баалаган ден соолукту чыңдоо борбору толугу менен мамлекетке өткөрүп берилди", — деп айтылат маалыматта.Белгилей кетсек, аталган борбор Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ак-Суу айылында жайгашкан.
АКШ президенти Дональд Трамп Украинага канаттуу "Томагавк" ракеталарын берүү боюнча бир чечимге келгенин, бирок Киев аны кандайча колдонорун билгиси келерин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Трамп анткен менен Украинада абалдын чыңалышын каалабай турганын белгилеген. Сентябрда АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Ак үй администрациясы Украинага "Томагавк" ракеталарын берүү ыктымалдыгын талкуулап жатканын, бирок акыркы чечимди Трамп кабыл аларын билдирген болчу. Ал эми америкалык лидердин атайын өкүлү Кит Келлог азырынча бул боюнча так чечим жок экенин айткан.Telegraph гезитинин маалыматы боюнча, Владимир Зеленский АКШ президентинен сентябрдагы жолугушууда канаттуу ракета сураган. Axios порталы бул Трамп Киевдин өтүчүнүнүн баш тарткан жалгыз пункту экенин, калган сурамы канааттандырылганын жазган эле.
Бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда туруктуу жашаган энелерге "Бала береке" жөлөк пулун берүүнүн тартиби бекитилгенин министрлер кабинетинен билдиришти. Өкмөт кабыл алган токтомго ылайык, бир жолку жөлөк пул 2026-жылы төртүнчү болуп төрөлгөн балага берилет: 4-балага — 100 миң сом; 5-балага — 600 миң сом; 6-балага — 800 миң сом; 7-балага — 1 миллион сом; 8-балага — 1 миллион 200 миң сом; 9-балага — 1 миллион 500 миң сом; 10-бала жана андан кийинки ар бир балага — 2 миллион сом. Белгилей кетсек, 2024-жылдын 23-декабрында президент Садыр Жапаров көп балалуу энелерди колдоо максатында "Бала береке" төлөмү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Автоунаалардын кузовун өлкөгө ташып келүүгө 6 айлык мөөнөткө тыюу салынды. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды.Өкмөт ушул жылдын март айынын башында да дал ушундай эле чектөө киргизген. Анда мындай тыюу салуунун себеби катары чет өлкөлөрдөн жасалма документ жана мамлекеттик номерлер менен унаа алып келүү фактылары көбөйүп жатканы айтылган. Жыйынтыгында бажы төлөмдөрүн төлөбөй ташылган автоунаалардын саны арбып, акыры аларды легалдаштырууга туура келген.Белгилей кетсек, чектөө чаралары өлкөдөгү автоунаа чогулткан ишканаларга колдонулбайт. Өкмөт андай ишканалардан учурда бешөө иштеп жатканын кошумчалады. Шейшемби күнү эртең менен алтындын биржалык баасы көтөрүлүп, тарыхый жогорку чекке жетти. Тагыраагы, трой унциясы төрт миң доллардан ашканын РИА Новости жазды. Саат 10:27ге карата Нью-Йорктун Comex биржасында алтын фьючерстери мурдагыга салыштырмалуу 19,75 долларга же 0,5 пайызга өсүп, бир трой унциясы үчүн 3 996,5 долларды түздү. Бул көрсөткүч сооданын жүрүшүндө 4 000,05 долларга чейин жетип, жаңы тарыхый рекорд коюлду.Мугалимдердин ден соолугун чыңдоо үчүн атайын курулган "Ак-Суу" борбору толугу менен мамлекеттин карамагына өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.Маалыматка караганда, аталган санаторий Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетине тиешелүү болгон. 2012-жылы жеке тарапка сатылып кеткен."УКМК тарабынан жүргүзүлгөн атайын ыкчам тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгында борбордун наркы аныкталып, 54 миллион сомго баалаган ден соолукту чыңдоо борбору толугу менен мамлекетке өткөрүп берилди", — деп айтылат маалыматта.Белгилей кетсек, аталган борбор Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ак-Суу айылында жайгашкан.АКШ президенти Дональд Трамп Украинага канаттуу "Томагавк" ракеталарын берүү боюнча бир чечимге келгенин, бирок Киев аны кандайча колдонорун билгиси келерин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Трамп анткен менен Украинада абалдын чыңалышын каалабай турганын белгилеген. Сентябрда АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Ак үй администрациясы Украинага "Томагавк" ракеталарын берүү ыктымалдыгын талкуулап жатканын, бирок акыркы чечимди Трамп кабыл аларын билдирген болчу. Ал эми америкалык лидердин атайын өкүлү Кит Келлог азырынча бул боюнча так чечим жок экенин айткан.Telegraph гезитинин маалыматы боюнча, Владимир Зеленский АКШ президентинен сентябрдагы жолугушууда канаттуу ракета сураган. Axios порталы бул Трамп Киевдин өтүчүнүнүн баш тарткан жалгыз пункту экенин, калган сурамы канааттандырылганын жазган эле.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/07/1096989496_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_476cadcaca08c676467852e6f9d0fcc5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио