https://sputnik.kg/20251003/esep-palatasy-osh-meriya-karzhy-1096924779.html
Эсеп палатасы: Ош шаарынын бюджетинде 5,7 млрд. сомдук мыйзам бузуу аныкталды
Эсеп палатасы: Ош шаарынын бюджетинде 5,7 млрд. сомдук мыйзам бузуу аныкталды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Ош шаарынын бюджетинде 5,7 миллиард сомдук мыйзам бузуу жана финансылык кемчиликтер аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасы билдирди. 03.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-03T13:49+0600
2025-10-03T13:49+0600
2025-10-03T13:49+0600
кыргызстан
ош
бюджет
эреже
бузуу
жетишсиз
финансы
аудит
эсеп палатасы
https://sputnik.kg/img/07e8/07/0f/1087031907_149:308:1499:1067_1920x0_80_0_0_64018ecb2f2789c2ab1d4afa81b39024.png
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Ош шаарынын бюджетинде 5,7 миллиард сомдук мыйзам бузуу жана финансылык кемчиликтер аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасы билдирди. КР Эсеп палатасы Ош шаарынын 2023-жылдагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, ошондой эле муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө аудит жүргүздү. Натыйжаларга ылайык, шаардык бюджеттин такталган көлөмү 3,2 миллиард сомду түздү, бирок киреше бөлүгү болгону 92,7 пайызга аткарылып, пландаштырылгандан 235,6 миллион сомго аз болгон. Айрыкча киреше салыгы жана ижара акысы боюнча көрсөткүчтөр төмөн болуп чыккан. Чыгым бөлүгү да толугу менен аткарылган эмес жана болгону 91,8 пайызды түзгөн. Социалдык коргоо жана билим берүү тармактарындагы каражаттар толук көлөмдө пайдаланылган эмес. "Аудиттин жүрүшүндө жалпысынан 5 миллиард 658,9 миллион сомдук мыйзам бузуу жана финансылык кемчиликтер аныкталды. Алардын ичинен 1 миллиард 952,6 миллион сом калыбына келтирилүүгө тийиш, бирок бүгүнкү күндө 31,2 миллион сом гана кайтарылган", — деп айтылат маалыматта. Эсеп палатасынын кеңеши Ош шаарынын мэриясына жана тиешелүү органдарга аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштарды жөнөттү. Текшерүү материалдары укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратурага дагы берилди.
https://sputnik.kg/20250324/madaniyat-audit-karzhylyk-buzuu-1092850892.html
ош
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/07/0f/1087031907_194:166:1395:1067_1920x0_80_0_0_9e810ac3582a4a54503ce20a068a8862.pngSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ош, бюджет, эреже, бузуу, жетишсиз, финансы, аудит, эсеп палатасы
кыргызстан, ош, бюджет, эреже, бузуу, жетишсиз, финансы, аудит, эсеп палатасы
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Ош шаарынын бюджетинде 5,7 миллиард сомдук мыйзам бузуу жана финансылык кемчиликтер аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасы билдирди.
КР Эсеп палатасы Ош шаарынын 2023-жылдагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, ошондой эле муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө аудит жүргүздү. Натыйжаларга ылайык, шаардык бюджеттин такталган көлөмү 3,2 миллиард сомду түздү, бирок киреше бөлүгү болгону 92,7 пайызга аткарылып, пландаштырылгандан 235,6 миллион сомго аз болгон. Айрыкча киреше салыгы жана ижара акысы боюнча көрсөткүчтөр төмөн болуп чыккан.
Чыгым бөлүгү да толугу менен аткарылган эмес жана болгону 91,8 пайызды түзгөн. Социалдык коргоо жана билим берүү тармактарындагы каражаттар толук көлөмдө пайдаланылган эмес.
"Аудиттин жүрүшүндө жалпысынан 5 миллиард 658,9 миллион сомдук мыйзам бузуу жана финансылык кемчиликтер аныкталды. Алардын ичинен 1 миллиард 952,6 миллион сом калыбына келтирилүүгө тийиш, бирок бүгүнкү күндө 31,2 миллион сом гана кайтарылган", — деп айтылат маалыматта.
"Негизги бузуулар бухгалтердик эсепке алууну жана отчеттуулукту так жүргүзбөө, сатып алуулар чөйрөсүндөгү кемчиликтер, мүлктү максатсыз пайдалануу жана 2,9 миллион сомдук товардык-материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги менен байланыштуу", — деди Эсеп палатасы.
Эсеп палатасынын кеңеши Ош шаарынын мэриясына жана тиешелүү органдарга аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштарды жөнөттү. Текшерүү материалдары укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратурага дагы берилди.