https://sputnik.kg/20251003/aksh-bazhy-alymynan-200-mlrd-dollar-payda-kordu-1096927501.html
Трамп: АКШ бажы алымынан 200 млрд. доллар пайда көрдү, 1 триллионго жеткиребиз
Трамп: АКШ бажы алымынан 200 млрд. доллар пайда көрдү, 1 триллионго жеткиребиз
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп One America News телеканалына маек куруп, бажы алымдарынан улам соода таңсыктыгы эки эсе кыскарганын... 03.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-03T15:35+0600
2025-10-03T15:35+0600
2025-10-03T15:35+0600
дүйнөдө
акш
бажы алымы
пайда
дональд трамп
киреше
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/03/1096917981_0:334:3047:2048_1920x0_80_0_0_887078a990588aa53bc3ed2c7a4c474b.jpg
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп One America News телеканалына маек куруп, бажы алымдарынан улам соода таңсыктыгы эки эсе кыскарганын айтты. Өлкө башчысы АКШ бажы алымын алуудан 200 миллиард доллар пайда көргөнүн, эми аны бир триллионго жеткирүүнү көздөп жатканын белгилеген. Трамптын бажы алымын киргизиши Эскерте кетсек, жаз айларында Трамп сырттан келген товардын баарына 10 пайыздык базалык ставка киргизип, кийинчерээк айрым мамлекеттер жана товарлардын категориясы үчүн бажы алымын 20дан 50 пайызга чейин жогорулаткан. Андан соң ортодо сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн 90 күндүк тыныгуу жарыялаган. Августта 65 мамлекетке карата киргизилген бажы алымы күчүнө кирген. 39 өлкө жана Евробиримдиктен алынган товарга 15 пайыздык төлөм бекип, дагы 26 мамлекеттин продукциясына 18ден 41 пайызга чейинки тариф колдонулмай болгон. Кытай менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Вашингтон Пекиндин товарына 30 пайыздык төлөм карады. 6-августта Трамп Россиядан мунай алганы үчүн Индияга 25 пайыздык пошлинанын үстүнө кошумча 25 пайыз кошкон. Ошол эле айда өлкө башчысы соода пошлиналарынын мыйзамсыз экенин айткан АКШнын Апелляциялык сотун сынга алган болчу. Сот тариф саясатын жүргүзүү учурунда президент ыйгарым укуктарынан аша чапты деп тапкан. Ал эми Трамп өзү бажы алымы америкалык жумушчулар менен компанияларды колдоонун "мыкты инструменти" экенин айтып келет.
https://sputnik.kg/20251003/shatdaundan-ulam-tramp-mindegen-kishilerdi-ishten-kyskartyshy-mumkun-1096916260.html
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/03/1096917981_460:243:2542:1805_1920x0_80_0_0_e059f36bb23a39551e2100c02bccd564.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, бажы алымы, пайда, дональд трамп, киреше
дүйнөдө, акш, бажы алымы, пайда, дональд трамп, киреше
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп
One America News телеканалына маек куруп, бажы алымдарынан улам соода таңсыктыгы эки эсе кыскарганын айтты.
Өлкө башчысы АКШ бажы алымын алуудан 200 миллиард доллар пайда көргөнүн, эми аны бир триллионго жеткирүүнү көздөп жатканын белгилеген.
"Соода балансынын таңсыктыгы эки эсе кыскарды, бажы алымынан жүздөгөн миллиард доллар келип жатат. Буга менден башка эч ким ишенген эмес", — деди президент.
Трамптын бажы алымын киргизиши
Эскерте кетсек, жаз айларында Трамп сырттан келген товардын баарына 10 пайыздык базалык ставка киргизип, кийинчерээк айрым мамлекеттер жана товарлардын категориясы үчүн бажы алымын 20дан 50 пайызга чейин жогорулаткан. Андан соң ортодо сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн 90 күндүк тыныгуу жарыялаган.
Августта 65 мамлекетке карата киргизилген бажы алымы күчүнө кирген. 39 өлкө жана Евробиримдиктен алынган товарга 15 пайыздык төлөм бекип, дагы 26 мамлекеттин продукциясына 18ден 41 пайызга чейинки тариф колдонулмай болгон.
Кытай менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Вашингтон Пекиндин товарына 30 пайыздык төлөм карады.
6-августта Трамп Россиядан мунай алганы үчүн Индияга 25 пайыздык пошлинанын үстүнө кошумча 25 пайыз кошкон.
Ошол эле айда өлкө башчысы соода пошлиналарынын мыйзамсыз экенин айткан АКШнын Апелляциялык сотун сынга алган болчу. Сот тариф саясатын жүргүзүү учурунда президент ыйгарым укуктарынан аша чапты деп тапкан.
Ал эми Трамп өзү бажы алымы америкалык жумушчулар менен компанияларды колдоонун "мыкты инструменти" экенин айтып келет.