https://sputnik.kg/20250928/1096803741.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Салык, Бажы кызматтарын жана алкоголду көзөмөлдөө агенттигин эми минкаб тескейт. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койгон. Ага ылайык, Салык... 28.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-28T17:00+0600
2025-09-28T17:00+0600
2025-09-28T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/09/1c/1096803575_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_710d837579419f8093603a62ddca3cff.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Салык, Бажы кызматтарын жана алкоголду көзөмөлдөө агенттигин эми минкаб тескейт. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койгон. Ага ылайык, Салык кызматы менен этил спирти жана алкоголдук продукциянын өндүрүлүшүн, жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө агенттиги бириктирилип, Мамлекеттик салык кызматы болуп кайра түзүлөт.Ошондой эле Бажы кызматы Финансы министрлигинин курамынан чыгарылып, эки кызмат тең минкабга карап калды. Реформа алкагында Финансы министрлиги, минкаб жана тиешелүү ведомстволордун ортосунда функциялар кайра бөлүштүрүлөт. Тактап айтканда, Экономика жана комерция министрлиги алкоголдук ичимдиктердин, биоэтанолдун жана баалуу металлдардын өндүрүшү менен жүгүртүүсү боюнча бирдиктүү саясатты иштеп чыгуу ыйгарым укуктарын алат.
Жыл этегине чейин Кыргызстанга электромобилдерди алып кирүүдө бажы алымын төлөө керек. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Мекеме транспорттун аталган түрүн бажы алымы жок алып кирүү лимити бүткөнүн кабарлады. Төлөм унаанын бажы наркынын 15 пайызын түзөт.
Кыргызстанда бир адамга орто эсеп менен алганда 13,1 чарчы метр турак жай туура келерин Улуттук статистика комитети билдирди Айылдарда бул аянт чоңураак — 13,9 чарчы метр Шаар жергесинде — 12,6 чарчы метр. Көрсөткүчтөр былтыркы эсептер менен берилген, бул 2018-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч. Анда орто эсеп менен алганда ар бир жаранга 13,1 чарчы метрден туура келген. Комитет эң чоң аянт 2012-жылдагы эсептөөлөрдө чыкканын, анда киши башына 14,8 чарчы метрден туура келгенин белгилеген.
Казакстанда өткөн жарым марафондо кыргызстандык жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков биринчи келип, жаңы рекорд койду.Спортчу 21,1 чакырымды 1 саат 2 мүнөт 44 секундада чуркап өтүп, Кыргызстандын быйылкы рекордун жаңылаган. Мурдагы рекорд дагы Кеңешбековго таандык, анда убактысы 1 саат 2 мүнөт 48 секунд болгон. Аны Түркстандагы жарышта койгон. Эске салсак, кыргызстандык спортчу үчүн жемиштүү болгон бул жарыш Казакстандын Алматы шаарында өттү.
Гагауз башчысы Евгения Гуцул Молдовадагы парламенттик шайлоодо кулдай кылып сырттан башкарууга каршы добуш берүүгө чакырды. Бул туурасында РИА Новости жазды. Молдовада бүгүн шайлоо болуп жатат. Элдин үчтөн бири келсе бул саясий жараян өттү деп эсептелмекчи. Өлкөнүн башчылары оппозицияны бийликке жеткирбөө үчүн ар кандай ыкмаларды колдонгон. Мисалы, добуш берүүдөн бир күн мурда БШК оппозициялык партияны тизмеден чыгарган. Ошондой эле бийлик РФ жана Приднестровьедеги шайлоо тилкелеринин санын кыскартып, жарандардын оппозицияга добуш бере албай калышына аракеттенген. Ал эми Европа тарапта алардын санын кескин көбөйткөн. Парламентке өтүү укугу үчүн 23 тарап күрөшүүгө даяр. Алар: 15 партия, төрт блок жана көз каранды эмес төрт талапкер. Парламентте 101 орун бар.
Салык, Бажы кызматтарын жана алкоголду көзөмөлдөө агенттигин эми минкаб тескейт. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койгон. Ага ылайык, Салык кызматы менен этил спирти жана алкоголдук продукциянын өндүрүлүшүн, жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө агенттиги бириктирилип, Мамлекеттик салык кызматы болуп кайра түзүлөт.Ошондой эле Бажы кызматы Финансы министрлигинин курамынан чыгарылып, эки кызмат тең минкабга карап калды. Реформа алкагында Финансы министрлиги, минкаб жана тиешелүү ведомстволордун ортосунда функциялар кайра бөлүштүрүлөт. Тактап айтканда, Экономика жана комерция министрлиги алкоголдук ичимдиктердин, биоэтанолдун жана баалуу металлдардын өндүрүшү менен жүгүртүүсү боюнча бирдиктүү саясатты иштеп чыгуу ыйгарым укуктарын алат. Жыл этегине чейин Кыргызстанга электромобилдерди алып кирүүдө бажы алымын төлөө керек. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Мекеме транспорттун аталган түрүн бажы алымы жок алып кирүү лимити бүткөнүн кабарлады. Төлөм унаанын бажы наркынын 15 пайызын түзөт.Кыргызстанда бир адамга орто эсеп менен алганда 13,1 чарчы метр турак жай туура келерин Улуттук статистика комитети билдирди Айылдарда бул аянт чоңураак — 13,9 чарчы метр Шаар жергесинде — 12,6 чарчы метр. Көрсөткүчтөр былтыркы эсептер менен берилген, бул 2018-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч. Анда орто эсеп менен алганда ар бир жаранга 13,1 чарчы метрден туура келген. Комитет эң чоң аянт 2012-жылдагы эсептөөлөрдө чыкканын, анда киши башына 14,8 чарчы метрден туура келгенин белгилеген. Казакстанда өткөн жарым марафондо кыргызстандык жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков биринчи келип, жаңы рекорд койду.Спортчу 21,1 чакырымды 1 саат 2 мүнөт 44 секундада чуркап өтүп, Кыргызстандын быйылкы рекордун жаңылаган. Мурдагы рекорд дагы Кеңешбековго таандык, анда убактысы 1 саат 2 мүнөт 48 секунд болгон. Аны Түркстандагы жарышта койгон. Эске салсак, кыргызстандык спортчу үчүн жемиштүү болгон бул жарыш Казакстандын Алматы шаарында өттү.Гагауз башчысы Евгения Гуцул Молдовадагы парламенттик шайлоодо кулдай кылып сырттан башкарууга каршы добуш берүүгө чакырды. Бул туурасында РИА Новости жазды. Молдовада бүгүн шайлоо болуп жатат. Элдин үчтөн бири келсе бул саясий жараян өттү деп эсептелмекчи. Өлкөнүн башчылары оппозицияны бийликке жеткирбөө үчүн ар кандай ыкмаларды колдонгон. Мисалы, добуш берүүдөн бир күн мурда БШК оппозициялык партияны тизмеден чыгарган. Ошондой эле бийлик РФ жана Приднестровьедеги шайлоо тилкелеринин санын кыскартып, жарандардын оппозицияга добуш бере албай калышына аракеттенген. Ал эми Европа тарапта алардын санын кескин көбөйткөн. Парламентке өтүү укугу үчүн 23 тарап күрөшүүгө даяр. Алар: 15 партия, төрт блок жана көз каранды эмес төрт талапкер. Парламентте 101 орун бар.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/1c/1096803575_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3e4875ccecfc1bcbe21812adeae33381.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио