https://sputnik.kg/20250928/1096800611.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Үстүбүздөгү жылдын 28-29-сентябрында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев расмий сапар менен Беларуска барат. Расмий сапардын алкагында... 28.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-28T15:00+0600
2025-09-28T15:00+0600
2025-09-28T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/09/1c/1096800445_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_08cbbc127674ab737d2940015c407e6d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Үстүбүздөгү жылдын 28-29-сентябрында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев расмий сапар менен Беларуска барат. Расмий сапардын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Беларусь президенти Александр Лукашенко жана Беларусь премьер-министри Александр Турчин менен жолугушат. Сапардын жыйынтыгында эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган бир катар эл аралык документтерге кол коюлат. Мындан тышкары, 29-30-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына, ошондой эле «Иннопром. Беларусь» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн пленардык жыйынына катышат.
Китептерди иштеп чыгууга жана басып чыгарууга 3 млрд сом каралат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында Адылбек Касымалиев билдирди. “Агартуу министрлиги – аймактарда бала бакчалар менен камсыздоо иши күчөтүлсүн, мугалимдерди персоналдык ноутбуктар менен камсыздоону аягына чыгарыңыздар. Китептерди иштеп чыгууга жана басып чыгарууга 3 млрд сом каржылоо жагы камсыз кылынсын. Жалпы мектептеги билим берүүнүн 12 жылдык окуу форматка өткөндүгүнө байланыштуу мугалимдердин квалификацияларын жогорулатуу боюнча иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлсүн", - деди ал. Жыйында мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу, мазмунун жаңылоо, ошону менен катар агартуу мекемелеринин имараттарынын абалын жакшыртуу жана мугалимдерге бардык ыңгайлуу шарттарды түзүү чараларын көрүүгө байланышкан протоколдук чечимдин долбоору министрлер кабинетинин мүчөлөрү тарабынан жактырылды. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө 1997 бала бакчада 257 378 бала тарбияланууда. Ал эми мектептерде 1 млн 536 633 бала билим алууда.
Кыргызстанда айдоочулук күбөлүктү онлайн алмаштырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Минкабдын тиешелүү токтому 24-сентябрда кабыл алынды.Онлайн-кызматты пайдалануу үчүн жарандар "Бирдиктүү идентификация системасынан" өтүшү керек. Ошондой эле бир жыл ичинде алынган, медициналык кароодон өткөндүгүн тастыктаган электрондук документ талап кылынат.Күбөлүктү алмаштыруу үчүн арыз ээси онлайн-арыз берип, сүрөт идентификациядан өтүп, кызмат үчүн төлөмдү QR-код аркылуу төлөйт. Документ 1-2 иш күндүн ичинде даяр болот.Жаңы айдоочулук күбөлүк почта аркылуу жеткирилет же тиешелүү органдын бөлүмдөрүнөн алынат. Токтом расмий жарыялангандан кийин 10 күндөн соң күчүнө кирет.
АКШнын президенти Дональд Трамп Европа Украинаны колдоо үчүн жоопкерчиликти өзү алышы керек деген сөздөрү менен Евробиримдик өлкөлөрүн таңдантты. Бул тууралуу Норвегиянын Steigan порталы жарыялаганын РИА Новости жазды. "Дональд Трамптын Европа өлкөлөрүн Украинадагы согушту өз алдынча чечүүгө чакырган кайрылуусу ЕБди жана Европа өлкөлөрүн нес кылды. Биримдиктин башкы дипломаты Кая Каллас аргасыз абалда калгандай көрүнүүдө", — деп жазылат маалыматта. Автор анда Трамп Украина жаңжалына кийлигишүүдөн четтөөгө, согуштагы кырдаал үчүн жоопкерчиликти НАТО өлкөлөрүнө артууга аракеттенип жатканын белгилеген. "Каллас Кошмо Штаттарсыз НАТО болбой турганын айткан. Анын айтканы туура. НАТО Кошмо Штаттарсыз башы үзүлгөн тоокко окшоп калат", — деп жазган Steigan.
Үстүбүздөгү жылдын 28-29-сентябрында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев расмий сапар менен Беларуска барат. Расмий сапардын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Беларусь президенти Александр Лукашенко жана Беларусь премьер-министри Александр Турчин менен жолугушат. Сапардын жыйынтыгында эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган бир катар эл аралык документтерге кол коюлат. Мындан тышкары, 29-30-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына, ошондой эле «Иннопром. Беларусь» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн пленардык жыйынына катышат.Китептерди иштеп чыгууга жана басып чыгарууга 3 млрд сом каралат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында Адылбек Касымалиев билдирди. “Агартуу министрлиги – аймактарда бала бакчалар менен камсыздоо иши күчөтүлсүн, мугалимдерди персоналдык ноутбуктар менен камсыздоону аягына чыгарыңыздар. Китептерди иштеп чыгууга жана басып чыгарууга 3 млрд сом каржылоо жагы камсыз кылынсын. Жалпы мектептеги билим берүүнүн 12 жылдык окуу форматка өткөндүгүнө байланыштуу мугалимдердин квалификацияларын жогорулатуу боюнча иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлсүн", - деди ал. Жыйында мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу, мазмунун жаңылоо, ошону менен катар агартуу мекемелеринин имараттарынын абалын жакшыртуу жана мугалимдерге бардык ыңгайлуу шарттарды түзүү чараларын көрүүгө байланышкан протоколдук чечимдин долбоору министрлер кабинетинин мүчөлөрү тарабынан жактырылды. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө 1997 бала бакчада 257 378 бала тарбияланууда. Ал эми мектептерде 1 млн 536 633 бала билим алууда.Кыргызстанда айдоочулук күбөлүктү онлайн алмаштырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Минкабдын тиешелүү токтому 24-сентябрда кабыл алынды.Онлайн-кызматты пайдалануу үчүн жарандар "Бирдиктүү идентификация системасынан" өтүшү керек. Ошондой эле бир жыл ичинде алынган, медициналык кароодон өткөндүгүн тастыктаган электрондук документ талап кылынат.Күбөлүктү алмаштыруу үчүн арыз ээси онлайн-арыз берип, сүрөт идентификациядан өтүп, кызмат үчүн төлөмдү QR-код аркылуу төлөйт. Документ 1-2 иш күндүн ичинде даяр болот.Жаңы айдоочулук күбөлүк почта аркылуу жеткирилет же тиешелүү органдын бөлүмдөрүнөн алынат. Токтом расмий жарыялангандан кийин 10 күндөн соң күчүнө кирет.АКШнын президенти Дональд Трамп Европа Украинаны колдоо үчүн жоопкерчиликти өзү алышы керек деген сөздөрү менен Евробиримдик өлкөлөрүн таңдантты. Бул тууралуу Норвегиянын Steigan порталы жарыялаганын РИА Новости жазды. "Дональд Трамптын Европа өлкөлөрүн Украинадагы согушту өз алдынча чечүүгө чакырган кайрылуусу ЕБди жана Европа өлкөлөрүн нес кылды. Биримдиктин башкы дипломаты Кая Каллас аргасыз абалда калгандай көрүнүүдө", — деп жазылат маалыматта. Автор анда Трамп Украина жаңжалына кийлигишүүдөн четтөөгө, согуштагы кырдаал үчүн жоопкерчиликти НАТО өлкөлөрүнө артууга аракеттенип жатканын белгилеген. "Каллас Кошмо Штаттарсыз НАТО болбой турганын айткан. Анын айтканы туура. НАТО Кошмо Штаттарсыз башы үзүлгөн тоокко окшоп калат", — деп жазган Steigan.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/1c/1096800445_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_049ea4e9e3e8d58df4dd4712a56db1d1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио