00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан жумушчу күчүнүн жетишсиздигине туш болууда — бийлик бул боюнча кандай чараларды көрүүдө?
11:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Бизнес и контроль: как защититься от незаконных проверок в Кыргызстане
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Наука как госстратегия: китайский путь к технологическому лидерству — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кант диабети жүрөк кан-тамыр системасын кандайча талкалайт? Кардиолог менен маек
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Диплом или навыки: проректор СКФУ — о том, каким должно быть образование сегодня
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Балдарды туура тарбиялайлы: Сөгүнүүнүн адам жашоосуна тийгизген таасири
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Вырубки не будет: что «зашито» в загадочных бирках на деревьях бульвара Эркиндик
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стопкадр
Документалдык кинонун бүгүнкү абалы: билим берүүдө көйгөйлөр жана жетишкендиктер
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Максимальный репост
Безопасная весна: Джумадиль Шералиев об усилении патрулей в парках и зонах отдыха Бишкека
20:06
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кант диабети жүрөк кан-тамыр системасын кандайча талкалайт? Кардиолог менен маек
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Өлкөдө китептерди иштеп, басып чыгарууга 3 млрд сом каралатТрамптын БУУдагы сөздөрү европалык саясатчыларды тынчсыздандырдыМинистрлер кабинетинин төрагасы расмий сапар менен Беларуска баратАлдыда кененирээкҮстүбүздөгү жылдын 28-29-сентябрында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев расмий сапар менен Беларуска барат. Расмий сапардын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Беларусь президенти Александр Лукашенко жана Беларусь премьер-министри Александр Турчин менен жолугушат. Сапардын жыйынтыгында эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган бир катар эл аралык документтерге кол коюлат. Мындан тышкары, 29-30-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына, ошондой эле «Иннопром. Беларусь» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн пленардык жыйынына катышат.
Китептерди иштеп чыгууга жана басып чыгарууга 3 млрд сом каралат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында Адылбек Касымалиев билдирди. “Агартуу министрлиги – аймактарда бала бакчалар менен камсыздоо иши күчөтүлсүн, мугалимдерди персоналдык ноутбуктар менен камсыздоону аягына чыгарыңыздар. Китептерди иштеп чыгууга жана басып чыгарууга 3 млрд сом каржылоо жагы камсыз кылынсын. Жалпы мектептеги билим берүүнүн 12 жылдык окуу форматка өткөндүгүнө байланыштуу мугалимдердин квалификацияларын жогорулатуу боюнча иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлсүн", - деди ал. Жыйында мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу, мазмунун жаңылоо, ошону менен катар агартуу мекемелеринин имараттарынын абалын жакшыртуу жана мугалимдерге бардык ыңгайлуу шарттарды түзүү чараларын көрүүгө байланышкан протоколдук чечимдин долбоору министрлер кабинетинин мүчөлөрү тарабынан жактырылды. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө 1997 (286 жеке менчик) бала бакчада 257 378 бала тарбияланууда. Ал эми мектептерде 1 млн 536 633 бала билим алууда.
Манас шаарынын күнү эми 27-сентябрда белгиленет Бүгүн Жалал-Абад шаарынын атын Манас деп өзгөртүү боюнча мыйзам күчүнө кирди. Калаа башчысы Эрнисбек Ормоков шаардык кеңешке бул датаны бекитүүнү сунуштап, депутаттар макул болушту. Адатта Жалал-Абад шаарынын күнү 26-октябрда белгиленчү.
АКШ президенти Дональд Трамптын БУУнун Башкы Ассамблеясындагы сөзү бир катар европалык саясатчыларды тынчсыздандырды. Бул тууралуу Reuters агенттигине шилтеме кылып РИА Новости жазды. Анда европалыктар Трамптын билдирүүсүн жалпы демократиялык баалуулуктарга кооптуулук катары кабыл алышканы айтылат. Трамп кайрылуусунда миграция менен энергетика маселелерин "Европаны кыйраткан эки баштуу ажыдаар" деп атаган. Ошондой эле ал Европа өлкөлөрү көзөмөлсүз иммиграциядан улам “тозокту” көздөй бара жатканын, ал эми климат өзгөрүп жатат дегени адаштыруу экенин белгиледи. "Бул сөз Европада көпчүлүктү тынчсыздандырды. Айрымдар анын тонунан эле эмес жалпы баалуулуктарга жарака кетирүү аракетин көрүштү", — деп жазат агенттик. Еврокеңештин төрагасы Антониу Кошта Европа сөз эркиндиги сыяктуу негизги баалуулуктарды сактап каларын белгилеп, бирок АКШдагы айрым саясатчылардан ал көрүнбөй жатканын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0