00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

АКШ соода согушун баштады. БРИКС лидерлери Трамптын кадамдарын талкуулашты

© Sputnik / Вячеслав Прокофьев / Медиабанкка өтүүБРИКС лидерлери Трамптын кадамдарын талкуулашты
БРИКС лидерлери Трамптын кадамдарын талкуулашты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. АКШнын экинчи санкциясы достук өлкөлөр арасындагы сооданы чыңдоо эркиндигибизди чектейт. Бул тууралуу Бразилиянын лидери Луис Инасиу Лула да Силва БРИКСтин онлайн саммитинде билдиргенин РИА Новости жазды.
Белгилей кетсек, бүгүнкү иш-чара Лула да Силванын демилгеси менен уюштурулду. Анда Дональд Трамптын соода саясаты талкууланып жатат. Бразилиялык лидердин айтымында, АКШ киргизип жаткан бажы алымдары БРИКС өлкөлөрүнүн экономикасына каршы багытталган.
“Биздин институттарга экстерриториалдык чараларды киргизүү коркунуч туудурат. Экинчи ирет салынган санкциялар достук өлкөлөрдүн ортосундагы сооданы чыңдоо эркиндигин чектейт. Элдерди алгач бөлүп-жарып алып анан башкаруу алардын жаңы стратегиясына айланды. Бирок БРИКС күч биримдикте экенин көрсөтүшү керек”, — деди Лула да Силва.
Ал эми Кытай лидери Си Цзиньпин БРИКСтин күчтүү жактарын пайдаланууга жана ишкердик кызматташтыкты тереңдетүүгө чакырды. Ал бирикме ачыктыкты жактап, эл аралык экономикалык жана соода тартибин коргошу керектигин кошумчалады.
“Айрым өлкөлөр тынымсыз соода жана тарифтик согуштарды баштап, бул дүйнөлүк экономикага олуттуу зыян келтирип, эл аралык сооданын эрежелерин бузууда”, — деди ал.
Си бирикме эл аралык дүрбөлөңдүн сыноосуна туруштук бере аларына жана өнүгүүсүн уланта берерине ишенээрин белгиледи.
Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси БУУнун Коопсуздук кеңешине болгон ишеним жоголгонун, бул орган талаш-тартыштарды чечүүдө өз ролун аткарбай калганын айтты. Ал эми Түштүк Африка Республикасынын президенти Сирил Рамафоса дүйнө бир уюлдуудан көп уюлдуу дүйнөгө өтүп жатканын эске салды. Ошол эле учурда саясатчы БРИКС өлкөлөрү көп тараптуу институттарды реформалоону жактоодо алдыңкы сапта экенин кошумчалады.
Эскерте кетсек, Ак үйдүн кожоюну 30-июль күнү "АКШ үчүн кооптуулук жаратканы" үчүн Бразилияга 50 пайыздык бажы алымын киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. Анын айтымында, БРИКСтин "антиамерикалык" саясатын колдогон мамлекеттин баарына кошумча тариф киргизилмекчи.
Өз кезегинде Лула да Силва башка соода өнөктөштөрүн издөөгө дит койгонун билдирген. Мындан тышкары, өлкө аталган талаш маселени Дүйнөлүк соода уюмунун алкагында чечүүнү максаттап жатат.
Globo гезитинин жазганына караганда, Бразилия өкмөтү тышкы соода палатасына өлкө экспортуна чектөө киргизген мамлекеттерге контрчара көрүүгө жол ачкан мыйзамды колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү тапшырган.
Ведомство 30 күндүн ичинде АКШга чара көрүүгө болор-болбосун аныктап чыгышы керек. Латын Америка өлкөсү мындай аракеттер диалог жана сүйлөшүүлөрдү ыкчамдатат деген пикирде.
Кытай лидери Си Цзиньпин жана Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2025
Глобалдуу трансформациянын башаты. ШКУ саммити дүйнөнү өзгөртүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0