00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Особый акцент
Будущее отношений России и Центральной Азии: еще раз о переговорах Путина и лидеров ОДКБ
15:00
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Спорт и память о героях: что приносит Кыргызстану турнир «Кубок Победы»
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тургунбай Садыков 90 жашта: мурас, искусство жана улуу устаттын мектеби
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Судьба солдата»: как в КР возвращают имена бойцам, исчезнувшим в годы войны
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Улуттук спорт даңазаланат — эми жыл сайын “Улуттук спорт мыктылары” аныкталат
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунда эл менен жолугушуу маалында "Байрактар", "Аксүңгүр", "Акынжы" дрондорун сатып алуу боюнча мамлекеттин чечимин сындаган эл өкүлүнө жооп берди. Ал белгилегендей, бул технологиялар 2022-жылы алынган. Алгач 50 миллион доллар жумшалган. Ошол эле жылы август айында ишке киргизилип, сентябрь айында чек арадагы куралдуу кагылышта натыйжалуу пайдаланылган."Ошол кезде душмандар мамлекеттин он эки жеринен кирип келген. "Байрактар" алардын оор аскердик техникаларын жок кылып, тазалаган. Бул Баткен элине жана чек ара маселесинин чечилишине чоң салым кошкон," — деди Ташиев. Анын айтымында, мындай абадан коргонуу жана чабуул кыла турган пилотсуз аппараттардын үч түрү тең Түркия менен Кыргызстанда гана бар. УКМК төрагасы чек ара маселеси 1991-жылдагы картанын негизинде чечилгенин кошумчалады.
Ички иштер министрлиги жол кыймылынын эрежелерине жана транспорт каражаттарын эксплуатацияга берүү боюнча негизги жоболорго өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат. Тийиштүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Мындай өзгөртүү президенттин "Автотранспорт каражаттарын мыйзамдаштыруу" боюнча жарлыгын ишке ашырууга багытталганы айтылат. Сунушталып жаткан жаңы эрежеге ылайык, чет элдик каттоо номери бар транспорт каражаттарынын айдоочулары жол кыймылы жөнүндө конвенцияга туура келген каттоо жана укук белгилөөчү күбөлүктөрүн, убактылуу ташып кирүүсүн тастыктаган ЕАЭБ бажы органдарынын белгиси коюлган документтерин жанында алып жүрүүгө милдеттүү. Андан тышкары, мындай транспорт каражаттары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда милдеттүү түрдө убактылуу каттоодон өтүүгө тийиш. Эгерде чек арадан өткөн күнү тууралуу маалымат базада жок болсо, анда 2024-жылдын 30-декабры импорттолгон күн деп эсептелет. Мындан тышкары, легалдаштырылган унааны каттоо күбөлүгүндө көрсөтүлбөсө деле ээсинен башка адам да айдай алат. Бул токтом 2025-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирери белгиленген.
Кыргыз-Россия Славян университетинин педагогика факультетинин 100 студенти "Евразия" бейөкмөт уюмунан стипендия алат. Мындай чечимди аталган окуу жайдын ректору Сергей Волков жана "Евразия" уюмунун башкаруучулар кеңешинин төрайымы, Мамлекеттик Думанын депутаты Алёна Аршинова кабыл алган. Жаңы колдоо мугалимдик кесиптин кадыр-баркын жогорулатууга жана жаштарга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган. 15 миң сомдук стипендия болочок мугалимдерге кийинки жылдан баштап төлөнө баштамакчы.
АКШ президенти Дональд Трамп миллиардер Жорж Соросту жана анын уулун кылмыш жоопкерчилигине тартууга чакырды. Бул тууралуу ал Truth Social социалдык түйүнүнө жазганын РИА Новости билдирди. "Жорж Сорос жана анын солчул-радикал уулу зордукчул нааразычылык акцияларын колдогону үчүн RICO мыйзамынын алкагында айыпталышы керек. Сорос жана анын "кем акылдар" тобу биздин өлкөгө чоң зыян келтирди", — деп белгилеген ал. Трамптын айтымында, "жиндилерге" Американы бөлүп-жарууга мындан ары жол берилбеши керек. Ал миллиардердин АКШнын батышындагы досторун этият болууга чакырып, өкмөт алардын ар бир кадамын байкап турганын эскертти.
Жаңылыктар түрмөгү
0