https://sputnik.kg/20250825/moskva-migrant-amina-tirkeme-ishke-kiret-1096096061.html
Москвада 1-сентябрдан тарта мигранттар үчүн “Амина” тиркемеси ишке кирет
Москвада 1-сентябрдан тарта мигранттар үчүн “Амина” тиркемеси ишке кирет
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Москвада 1-сентябрдан тарта мигранттар үчүн “Амина” тиркемеси ишке кирет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. 25.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-25T19:36+0600
2025-08-25T19:36+0600
2025-09-08T10:40+0600
кыргызстан
москва
мигрант
тиркеме
каттоо
https://sputnik.kg/img/07e7/05/0b/1075225846_0:182:3071:1910_1920x0_80_0_0_6fc49b9317a230bdd78f311bce51515d.jpg
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Москвада 1-сентябрдан тарта мигранттар үчүн “Амина” тиркемеси ишке кирет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.Маалыматка караганда, тиркеме азыркы тапта колдонулуп жаткан миграциялык каттоо тартибинин ордун басат. Аны калаага иштегени келген ар бир чет элдик жаран милдеттүү түрдө мобилдик аппаратына орнотушу керек болот.“Амина” тиркемесин чет элдик жарандар RuStore дүкөнүнөн өз алдынча орното алышат. Бул үчүн Сахарового же Россиянын ИИМинин аймактык бөлүмдөрүнө баруунун кажети жок.Колдонмого катталуу үчүн чет элдик жарандын жарактуу картасы талап кылынат. Аны алуу үчүн ММЦ Сахарово борборуна кайрылуу зарыл. Ал эми карта жоголгон учурда “Амина” колдонмосуна паспорттук маалыматтар аркылуу кирсе болот.Мобилдик тиркеме Россиянын ИИМине геолокация жөнүндө маалыматтарды жөнөтүп турат. Эгер тиркеме бир нече күн бою маалымат жөнөтпөй калса, чет элдик жаранга жашаган дарегин тастыктоо же анын өзгөрүүсү тууралуу Россиянын ИИМине кабарлоо зарылдыгы жөнүндө эскертүү келет. Бул үчүн ички иштер органдарына же ММЦ Сахарово борборуна баруунун кереги жок.Эгер акыркы мониторингден кийин үч күндөн ашык убакыт ичинде абоненттин геолокациясы тууралуу маалымат болбосо, чет элдик жаран ММЦ Сахароводогу дарек боюнча каттоодон чыгарылат. Бул нерсе көзөмөлдөгү адамдардын реестрине (РКЛ) киргизүүгө негиз болушу мүмкүн.Тиркеме менен таанышуу үчүн тажрыйба башталганга чейин аны сынамык режиминде колдонууга болот.
https://sputnik.kg/20250812/tim-rossiyada-boluusun-miyzamdashtyruuga-chakyrdy-1095826968.html
москва
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/05/0b/1075225846_340:0:3071:2048_1920x0_80_0_0_a9bb681246fe932d387f72a979f499a5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, москва, мигрант, тиркеме, каттоо
кыргызстан, москва, мигрант, тиркеме, каттоо
Москвада 1-сентябрдан тарта мигранттар үчүн “Амина” тиркемеси ишке кирет
19:36 25.08.2025 (Жаңыртылды: 10:40 08.09.2025) БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Москвада 1-сентябрдан тарта мигранттар үчүн “Амина” тиркемеси ишке кирет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, тиркеме азыркы тапта колдонулуп жаткан миграциялык каттоо тартибинин ордун басат. Аны калаага иштегени келген ар бир чет элдик жаран милдеттүү түрдө мобилдик аппаратына орнотушу керек болот.
“Мигранттар “Амина” аркылуу Москва шаарынын Миграциялык борборунун (ММЦ Сахарово) дареги боюнча каттоого туруп, түнөгөн, эс алган, туруктуу жашаган жери жөнүндө ички иштер органдарына аралыктан маалымдоого мүмкүнчүлүк алат. Жашаган жери өзгөргөн учурда чет элдик жаран тиркеменин интерфейси аркылуу тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө милдеттүү”, — деди ТИМ.
“Амина” тиркемесин чет элдик жарандар RuStore дүкөнүнөн өз алдынча орното алышат. Бул үчүн Сахарового же Россиянын ИИМинин аймактык бөлүмдөрүнө баруунун кажети жок.
Колдонмого катталуу үчүн чет элдик жарандын жарактуу картасы талап кылынат. Аны алуу үчүн ММЦ Сахарово борборуна кайрылуу зарыл. Ал эми карта жоголгон учурда “Амина” колдонмосуна паспорттук маалыматтар аркылуу кирсе болот.
Мобилдик тиркеме Россиянын ИИМине геолокация жөнүндө маалыматтарды жөнөтүп турат. Эгер тиркеме бир нече күн бою маалымат жөнөтпөй калса, чет элдик жаранга жашаган дарегин тастыктоо же анын өзгөрүүсү тууралуу Россиянын ИИМине кабарлоо зарылдыгы жөнүндө эскертүү келет. Бул үчүн ички иштер органдарына же ММЦ Сахарово борборуна баруунун кереги жок.
Эгер акыркы мониторингден кийин үч күндөн ашык убакыт ичинде абоненттин геолокациясы тууралуу маалымат болбосо, чет элдик жаран ММЦ Сахароводогу дарек боюнча каттоодон чыгарылат. Бул нерсе көзөмөлдөгү адамдардын реестрине (РКЛ) киргизүүгө негиз болушу мүмкүн.
Тиркеме менен таанышуу үчүн тажрыйба башталганга чейин аны сынамык режиминде колдонууга болот.