https://sputnik.kg/20250825/1096095770.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров аптанын соңунда Кытайда өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин лидерлери чогулган саммитке катышат. Кытайдын ТИМинин жардамчысы Лю Бин... 25.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-25T19:00+0600
2025-08-25T19:00+0600
2025-08-25T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/19/1096095638_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e043bd6772730bee1009c84e80846946.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров аптанын соңунда Кытайда өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин лидерлери чогулган саммитке катышат. Кытайдын ТИМинин жардамчысы Лю Бин Тяньцзинде өтчү саммит Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) тарыхындагы эң ири иш-чара болорун билдирди. Белгилей кетсек, саммит 31-августтан 1-сентябрга чейин өтөт. Ага ондон ашуун эл аралык уюмдун жана 20 мамлекеттин башчылары катышмакчы. Кытай лидери Си Цзиньпин эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү айтылды. Дипломаттын айтымында, жолугушууда мамлекет башчылар соода, илимий-техникалык инновациялар, коопсуздук жана ШКУнун Өнүктүрүү банкынын түзүлүшү боюнча маселелерди талкуулайт.
2025-2026-окуу жылында өлкө боюнча 57 жаңы мектеп жана 20 жаңы бала бакчанын ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева радиолордун биринде билдирди. Анын айтымында, мындан тышкары айрым мектептерде ири капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыктан, алар жаңы окуу жылынын башында ачылбайт. "Мындай мектептердин окуучулары убактылуу атайын ылайыкталган имараттарда же жакынкы башка мектептерде билим алышат. Аларга шарттар түзүлөт", - деди министр.
"Паруса духа" эл аралык инклюзивдик долбооруна катышкандар алгачкы жолу Ысык-Көлдүн жээгине чогулду. Жети өлкөдөн келген спортчулар, ыктыярчылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын башы бирикти. Кыргызстанда "Паруса духа 2025" эл аралык инклюзивдик долбоору ишке ашты. Жети өлкөдөн келген катышуучулар Ысык-Көлдүн жээгине чогулду. Долбоор "Тажрыйба алмашууга умтул" деген ураан астында өтүп, спортчуларды, ыктыярчыларды, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүн бир аянтчага чогултту. Катышуучулар он күн бою жел кайык жарыштарына, катамаран менен машыгууларга катышып, мастер-класстар өтүп, экскурсияларга чыгышты. Долбоорду коммерциялык эмес автономдуу "Белая Трость" уюму "Росатом" өзөктүк энергетика боюнча мамлекеттик корпорациясынын колдоосунда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев менен бирге ишке ашырууда. Демилгенин башкы максаты — билим жана тажрыйба алмашуу үчүн аянтча түзүү, майыптуулук өсүү менен күч-кубаттын булагына айланган экстрабилити философиясын жайылтуу.
Газа секторунун түштүгүндөгү Насер ооруканасына Израиль сокку уруп, 14 киши каза болду. Бул тууралуу Al Jazeera телеканалы кабарлады. Маалыматта анын төртөө журналист экени айтылат.Аскердик аракеттер башталгандан бери, тагыраагы, 2023-жылдан тарта жалпы жонунан 244 журналист набыт болгон.Өткөн аптада Израилдин коргоо министри Исраэль Кац Газа шаарын басып алуу операциясын бекиткен. "Галей ЦАХАЛ" армиялык радиосунун маалыматы боюнча, операция 2026-жылга чейин уланат. Машыгуулардын эң жогорку чегинде ага 130 миңге чейин резервисттер тартылат. Операция "Гидеондун арабалары — 2" деген аталышка ээ болгон. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху августтун башында Газа секторунун бүткүл аймагына көзөмөл орнотуу ниетин билдирип, муну "коопсуздук периметрин камсыз кылуу" деп түшүндүргөн.
Президент Садыр Жапаров аптанын соңунда Кытайда өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин лидерлери чогулган саммитке катышат. Кытайдын ТИМинин жардамчысы Лю Бин Тяньцзинде өтчү саммит Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) тарыхындагы эң ири иш-чара болорун билдирди. Белгилей кетсек, саммит 31-августтан 1-сентябрга чейин өтөт. Ага ондон ашуун эл аралык уюмдун жана 20 мамлекеттин башчылары катышмакчы. Кытай лидери Си Цзиньпин эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү айтылды. Дипломаттын айтымында, жолугушууда мамлекет башчылар соода, илимий-техникалык инновациялар, коопсуздук жана ШКУнун Өнүктүрүү банкынын түзүлүшү боюнча маселелерди талкуулайт. 2025-2026-окуу жылында өлкө боюнча 57 жаңы мектеп жана 20 жаңы бала бакчанын ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева радиолордун биринде билдирди. Анын айтымында, мындан тышкары айрым мектептерде ири капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыктан, алар жаңы окуу жылынын башында ачылбайт. "Мындай мектептердин окуучулары убактылуу атайын ылайыкталган имараттарда же жакынкы башка мектептерде билим алышат. Аларга шарттар түзүлөт", - деди министр."Паруса духа" эл аралык инклюзивдик долбооруна катышкандар алгачкы жолу Ысык-Көлдүн жээгине чогулду. Жети өлкөдөн келген спортчулар, ыктыярчылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын башы бирикти. Кыргызстанда "Паруса духа 2025" эл аралык инклюзивдик долбоору ишке ашты. Жети өлкөдөн келген катышуучулар Ысык-Көлдүн жээгине чогулду. Долбоор "Тажрыйба алмашууга умтул" деген ураан астында өтүп, спортчуларды, ыктыярчыларды, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүн бир аянтчага чогултту. Катышуучулар он күн бою жел кайык жарыштарына, катамаран менен машыгууларга катышып, мастер-класстар өтүп, экскурсияларга чыгышты. Долбоорду коммерциялык эмес автономдуу "Белая Трость" уюму "Росатом" өзөктүк энергетика боюнча мамлекеттик корпорациясынын колдоосунда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев менен бирге ишке ашырууда. Демилгенин башкы максаты — билим жана тажрыйба алмашуу үчүн аянтча түзүү, майыптуулук өсүү менен күч-кубаттын булагына айланган экстрабилити философиясын жайылтуу.Газа секторунун түштүгүндөгү Насер ооруканасына Израиль сокку уруп, 14 киши каза болду. Бул тууралуу Al Jazeera телеканалы кабарлады. Маалыматта анын төртөө журналист экени айтылат.Аскердик аракеттер башталгандан бери, тагыраагы, 2023-жылдан тарта жалпы жонунан 244 журналист набыт болгон.Өткөн аптада Израилдин коргоо министри Исраэль Кац Газа шаарын басып алуу операциясын бекиткен. "Галей ЦАХАЛ" армиялык радиосунун маалыматы боюнча, операция 2026-жылга чейин уланат. Машыгуулардын эң жогорку чегинде ага 130 миңге чейин резервисттер тартылат. Операция "Гидеондун арабалары — 2" деген аталышка ээ болгон. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху августтун башында Газа секторунун бүткүл аймагына көзөмөл орнотуу ниетин билдирип, муну "коопсуздук периметрин камсыз кылуу" деп түшүндүргөн.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/19/1096095638_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_daf400435f04fb50d75a835a315457a1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио