https://sputnik.kg/20250825/1096088143.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Жыл соңуна чейин Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 1 триллион сомдон ашат деп болжолдоп жатабыз. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек... 25.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-25T15:00+0600
2025-08-25T15:00+0600
2025-08-25T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/19/1096088011_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0c4b47ee3df1d0f2c83073c9e632ed9c.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Жыл соңуна чейин Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 1 триллион сомдон ашат деп болжолдоп жатабыз. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Ал мамлекеттик органдарга Кыргызстандан чыккан автоунааларды тапшырып жатып, өлкөнүн жетишкендиктери тууралуу маалымат берди. “Кыргыз мамлекети соңку беш жылда ыкчам жана туруктуу өнүгүүгө бет алды. Быйыл ЕАЭБде ИДПсы 10 пайыздан ашык өнүгүү темпин туруктуу сактаган мамлекет болдук. Акыркы жети айдагы өсүү темпибиз 11,5 пайызды түздү. 2025-жылы чек арабыз толук чечилди. Жылдын аягына чейин консолидацияланган бюджетибиз 1 триллиондон ашат деп болжолдоп жатабыз”, — деди ал. Касымалиев Энергетика министрлигинде да реформалар болуп жатканын билдирди. “Энергетика тармагы мамлекеттин өзгөчө көзөмөлүндө турат. Мисалы, 2021-жылы 14,8 миллиард сом бөлүнсө, 2024-жылы капиталдаштыруу менен бирге 91,3 миллиард сом салынды. Борбор Азия масштабындагы ири долбоор Камбар-Ата-1 ГЭСи башталды. Токтогул ГЭСинин акыркы гидроагрегаты реконструкцияга жөнөтүлдү. Ат-Башы ГЭСинин төрт гидроагрегаты алмаштырылды. Үч-Коргон ГЭСинин 3-агрегаты модернизацияга берилди”, — деди минкаб төрагасы.
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн жээгиндеги таштандыны тазалап таанылган экоактивист Андрей Панаевди кабыл алып, автоунаа белек кылды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Кабарда Жапаров экоактивистти интернеттен көрүп, ага ыраазычылык билдирүүнү туура көргөнү айтылат.Экоактивист өлкөгө саякаттап келип, былтыр көлгө эс алганы барганын, жээкти акыр-чикирден тазалап, мындай аракети менен башкаларды тазалыкты сактоого чакырганын айтып берген.Өлкө башчысы Панаевге кыргыз элинин, ыктыярчылардын, экоактивисттердин атынан ыраазычылык билдирип, ата мекендик өндүрүштөн чыккан машина берген. Активист Кыргызстанда биротоло калууну чечкенин билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөдөгү үч министрлик менен бир катар мамлекеттик органдарга жаңы автоунаалардын ачкычын тапшырды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Маалыматка караганда, Кыргызстанда жасалган 30 даана Chevrolet үлгүсүндөгү автоунаа Энергетика, Айыл чарба жана Ички иштер министрликтерине берилсе, 21 машина "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасына, 12 авто "Кыргызкөмүргө" тапшырылды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өрттөлгөн акчанын күлүнө экспертиза жүргүздү. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Оштун Кызыл Октябрь айылынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Эске салсак, июль айынын аягында Башкы прокуратура көзөмөл органынын кызматкери 4 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. Дагы бир шектүү бар экени аныкталып, ал Ош шаардык сотунун судьясы болуп чыккан.Ташиевдин айтымында, Фемида кызматкери далилдерди жок кылууга аракет кылса дагы жоопкерчиликтен качып кутула албайт."Башкы прокурорго пара беришкен, ал акчанын бир бөлүгүн судьяга берген. УКМК кызматкерлери сотту кармоо үчүн келгенде, ал үйүнүн эшигин ачпай, далилдерди дааратканада өрттөп жиберген. Биз айыпталуучуну жоопкерчиликке тартуу үчүн Судьялар кеңешине сунуш киргиздик", — деди мамлекеттик комитеттин башчысы.
Жыл соңуна чейин Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 1 триллион сомдон ашат деп болжолдоп жатабыз. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Ал мамлекеттик органдарга Кыргызстандан чыккан автоунааларды тапшырып жатып, өлкөнүн жетишкендиктери тууралуу маалымат берди. “Кыргыз мамлекети соңку беш жылда ыкчам жана туруктуу өнүгүүгө бет алды. Быйыл ЕАЭБде ИДПсы 10 пайыздан ашык өнүгүү темпин туруктуу сактаган мамлекет болдук. Акыркы жети айдагы өсүү темпибиз 11,5 пайызды түздү. 2025-жылы чек арабыз толук чечилди. Жылдын аягына чейин консолидацияланган бюджетибиз 1 триллиондон ашат деп болжолдоп жатабыз”, — деди ал. Касымалиев Энергетика министрлигинде да реформалар болуп жатканын билдирди. “Энергетика тармагы мамлекеттин өзгөчө көзөмөлүндө турат. Мисалы, 2021-жылы 14,8 миллиард сом бөлүнсө, 2024-жылы капиталдаштыруу менен бирге 91,3 миллиард сом салынды. Борбор Азия масштабындагы ири долбоор Камбар-Ата-1 ГЭСи башталды. Токтогул ГЭСинин акыркы гидроагрегаты реконструкцияга жөнөтүлдү. Ат-Башы ГЭСинин төрт гидроагрегаты алмаштырылды. Үч-Коргон ГЭСинин 3-агрегаты модернизацияга берилди”, — деди минкаб төрагасы. Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн жээгиндеги таштандыны тазалап таанылган экоактивист Андрей Панаевди кабыл алып, автоунаа белек кылды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Кабарда Жапаров экоактивистти интернеттен көрүп, ага ыраазычылык билдирүүнү туура көргөнү айтылат.Экоактивист өлкөгө саякаттап келип, былтыр көлгө эс алганы барганын, жээкти акыр-чикирден тазалап, мындай аракети менен башкаларды тазалыкты сактоого чакырганын айтып берген.Өлкө башчысы Панаевге кыргыз элинин, ыктыярчылардын, экоактивисттердин атынан ыраазычылык билдирип, ата мекендик өндүрүштөн чыккан машина берген. Активист Кыргызстанда биротоло калууну чечкенин билдирди.Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөдөгү үч министрлик менен бир катар мамлекеттик органдарга жаңы автоунаалардын ачкычын тапшырды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Маалыматка караганда, Кыргызстанда жасалган 30 даана Chevrolet үлгүсүндөгү автоунаа Энергетика, Айыл чарба жана Ички иштер министрликтерине берилсе, 21 машина "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасына, 12 авто "Кыргызкөмүргө" тапшырылды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өрттөлгөн акчанын күлүнө экспертиза жүргүздү. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Оштун Кызыл Октябрь айылынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Эске салсак, июль айынын аягында Башкы прокуратура көзөмөл органынын кызматкери 4 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. Дагы бир шектүү бар экени аныкталып, ал Ош шаардык сотунун судьясы болуп чыккан.Ташиевдин айтымында, Фемида кызматкери далилдерди жок кылууга аракет кылса дагы жоопкерчиликтен качып кутула албайт."Башкы прокурорго пара беришкен, ал акчанын бир бөлүгүн судьяга берген. УКМК кызматкерлери сотту кармоо үчүн келгенде, ал үйүнүн эшигин ачпай, далилдерди дааратканада өрттөп жиберген. Биз айыпталуучуну жоопкерчиликке тартуу үчүн Судьялар кеңешине сунуш киргиздик", — деди мамлекеттик комитеттин башчысы.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/19/1096088011_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_873404b65cf8687b400e83fac27e074e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио