Жеңиш үчүн деп... Ала-Тоодон фронтко тынбай каттаган жардам поезддери
Жеңиш үчүн деп... Ала-Тоодон фронтко тынбай каттаган жардам поезддери
Sputnik Кыргызстан
Улуу Ата Мекендик cогуш учурунда фронтко "Жеңиш үчүн" деген ураан менен ала-тоолуктар кызыл аскерлерге 839 миң тонна нан, 177 миң тонна шекер, 128,6 миң тонна... 24.08.2025, Sputnik Кыргызстан
Тылда фронтко кеткен жоокерлердин ордуна иштеп жаткан кыз-келиндер, кары-картаңдар жана өспүрүмдөр менен кан майданга даярданып жаткан аскерлердин сейрек сүрөттөрү Борбордук кинофотофоноархивден табылды. Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын архивинде кыргызстандыктар аскердик техника курууга акчалай көмөк көрсөткөнү жана фашисттик баскынчылардан бошотулган аймактарга да жардам бергени тууралуу маалыматтар сакталып калган.
Улуу Ата Мекендик cогуш учурунда фронтко "Жеңиш үчүн" деген ураан менен ала-тоолуктар кызыл аскерлерге 839 миң тонна нан, 177 миң тонна шекер, 128,6 миң тонна эт жөнөтүшкөн.
Тылда фронтко кеткен жоокерлердин ордуна иштеп жаткан кыз-келиндер, кары-картаңдар жана өспүрүмдөр менен кан майданга даярданып жаткан аскерлердин сейрек сүрөттөрү Борбордук кинофотофоноархивден табылды. Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын архивинде кыргызстандыктар аскердик техника курууга акчалай көмөк көрсөткөнү жана фашисттик баскынчылардан бошотулган аймактарга да жардам бергени тууралуу маалыматтар сакталып калган.
Пржевальск районундагы (азыркы Ак-Суу) "Калмак" колхозунун мүчөсү, алты баланын энеси Эннигүл Кантагаева 28 панфиловчу атындагы аскердик учактардын эскадрильясын курууга 30 миң рубль бергени тууралуу кыскача маалымат. "Советская Киргизия" гезити, 1942-жыл.
Ворошилов атындагы (азыркы Лебединовка) гидроэлектростанциянын курулушчулары фашисттик баскынчылардан бошотулган шаарлардын тургундарына жардам бергени тууралуу макала. "Кызыл Кыргызстан" гезити, 1943-жыл