00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев таштандыны тыюу салынган жерге таштагандарды тарбиялоо жолун сунуштады. Ал Кыргызстандын мыйзамдарына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү керек деп эсептейт: тиричилик таштандыларын таштагандарга эскертүү берүүнүн ордуна 20 сааттык коомдук жумушка тартуу; өндүрүш, өнөр жай жана медициналык таштандыларды таштагандарды, таштандыларды же жалбырактарды өрттөгөндөрдү 20-30 сааттык коомдук жумуштарга тартуу. Бекешев тарбиялык аракеттердин аркасында жарандар мыйзамды кайрадан бузууга барбайт деп үмүттөнөт.
Ош шаардык билим берүү башкармалыгында мектеп директорлоруна мыйзамсыз айлык акы берген коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматта башкармалыктын мурдагы эсепчиси бир катар жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен жең ичинен сүйлөшүп, аларга мыйзамсыз маяна чегерип, башка төлөмдөрдү которгону айтылат. "№24 Фрунзе орто мектеби, №42 Керме-Тоо орто мектеби, №17 Гагарин орто мектеби, "Олимп" мектеп-гимназиясы, №18 Навои мектеп-лицейи жана №52 Кыргыз–Түрк достугу мектеп-лицейинин директорлору мыйзамсыз берилген каражаттарды алышкан. Алдын ала эсеп боюнча 9 миллион сомго жакын зыян келгени аныкталды", — деп айтылат маалыматта. Учурда күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу жана келтирилген чыгымды кайтарып алуу боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы белгиленди.
Эртеңден баштап Бишкектеги Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн бөлүктөрү эки багыттуу болот. Бул тууралуу мэрия билдирди. Маалыматка караганда, Чүй проспекти менен Фрунзе көчөсүнүн айрым бөлүктөрү ремонтко убактылуу жабылгандыктан Киев көчөсү Эркиндик бульварынан Абдрахмановго чейин, ал эми Токтогул көчөсү Эркиндиктен Ибраимовго чейин эки тараптуу болот. Бул көчөлөрдө унаа токтотууга тыюу салган белгилер орнотулат.
Эмне талап кылынып жаткандыгын так билмейин, АКШ Украина боюнча коопсуздук кепилдиги жаатында эч кандай милдеттенме албайт. Бул туурасында америка вице-президенти Жей Ди Вэнс айтканын РИА Новости Fox News телеканалына таянып жазды. "Кошмо Штаттар диалогго дайыма ачык. Бирок биз согушту токтотуу үчүн биринчи иретте эмне зарыл экендигин так аныктамайын жоопкерчиликти өзүбүзгө албайбыз", — деген ал. Вэнс кеп алардын коопсуздугу жана континенти тууралуу жүрүп жаткандыктан, болочоктогу кепилдиктердин арбын бөлүгүн европалыктардын алышы керектигине токтолду. Ошондой эле ал Киевге коопсуздук кепилдиктерин берүү боюнча иш уланып жатканын жана Путин менен Зеленский экөө жолукканда аймактар жана коопсуздук маселелери боюнча тил табышарын айтты. //// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 44 тыйынга евро 101 сом 77 тыйынга рубль 1 сом 8 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 68 сом 40 тыйындан баштап, 69 сом 80 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 90 тыйындан 75 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 75 сом 40 тыйындан тарта 75 сом 80 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 38 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 22-августка караган караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. БИШКЕК, 03-Авг. — Sputnik. 22-август, республиканын көпчүлүк аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +29...+34, Талас аймагында +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +22...+27, Нарын өрөөнүндө +24...+29 градус ысык болот. Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарында +31…+33, Чолпон-Ата шаарында +22...+24 градуска көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0