https://sputnik.kg/20250821/1096019960.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ЖККУнун "Рубеж — 2025" машыгуулары өтөтЗеленский Украинага коопсуздуктун кандай кепилдиктерин каалай турганын айттыЭгемендүүлүк күнүнө карата... 21.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-21T17:00+0600
2025-08-21T17:00+0600
2025-08-21T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/15/1096019828_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_60c47889a10a67cbcf92d55de11fa812.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ЖККУнун "Рубеж — 2025" машыгуулары өтөтЗеленский Украинага коопсуздуктун кандай кепилдиктерин каалай турганын айттыЭгемендүүлүк күнүнө карата негизги майрамдык иш-чаралар Жалал-Абадда өтөтАлдыда кененирээк31-август – Эгемендүүлүк күнүнө карата негизги майрамдык иш-чаралар Жалал-Абад облусунда өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына караганда, Жалал-Абад шаарынын эски аянтында күндүзгү концерттик программалар уюштурулат. Ошондой эле 30-31-август күндөрү Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында төкмө акындардын эл аралык айтышы болот. Мындан тышкары, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн жаңы имаратынын ачылышына карата мамлекет башчысынын жана өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда кечки чоң концерттик программа өтөт. Министрликтен майрам жакындаганда дагы кошумча маалыматтар берилерин айтышты.
Лейлекте чек арадан көчүрүлүп чыккандар үчүн 76 турак үйдүн курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Бүгүн облус башчысы Айбек Шаменов турак үйлөрдүн курулушунан кабар алды. Учурда Кулунду айыл аймагынын Раззаков айылында 60 үй, Максат айылында 16 үй курулууда. Мында 200гө жумушчу иштеп жатат. Белгилей кетсек, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгында Баткен облусунун айрым аймактарын Тажикстан менен алмашуунун натыйжасында жергиликтүү тургундарды көчүрүү үчүн жаңы турак үйлөрдүн курулушу башталган. Жалпы Лейлек жана Баткен району боюнча облуста 257 үй курулууда.
Ысык-Көлдө сентябрь айынын ортосунда ЖККУнун "Рубеж — 2025" командалык-штабдык машыгуулары өтөт. Бул тууралуу уюмдун Бириккен штабынын башчысы Андрей Сердюков брифингде билдирди. Жоокерлер "Эдельвейс" борборунун базасында машыгышат. Максаты — башкаруу органдарынын кызматташуусун өркүндөтүү жана согуштук операцияларды пландоо, жүргүзүү учурунда биргелешкен аракеттерди иштеп чыгуу. Даярдыктын алкагында тез жайгаштыруучу жамааттык күчтөрдүн командачылыгы менен ыкчам жыйын өткөрүлөт. Окуулардын практикалык бөлүгү төмөнкүлөрдү камтыйт: Тоолуу рельефтин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жок кылуу боюнча согуштук аракеттерди пландаштыруу жана жүргүзүү; бардык этаптарда контингенттерди абадан коргоо; согуштук аракеттер жүргүзүлүп жаткан аймакты көлдүн акваториясынан бөгөттөө, белгиленген райондо ыкчам режимди түзүү жана колдоо. Ошондой эле аскерлердин практикалык аракеттеринин жүрүшүндө согуштук авиацияны колдонуу пландалууда.
Владимир Зеленский Украина үчүн АКШ Израилге бергендей коопсуздук кепилдигин каалайт. Бул туурасында украиналык УНИАН агенттиги жазды. "Мисал катары АКШнын Израиль үчүн алган кепилдиктерин келтирди", — деп айтылган маалыматта. Франс Пресс агенттиги жазгандай, Зеленский Украина 7–10 күндүн ичинде коопсуздук кепилдигин ким, кандай жол менен жана кандай шарттарда берери так белгиленген келишимди каалайт. Мурдараак АКШ президенти Дональд Трамп РФ лидери Владимир Путин менен Владимир Зеленскийдин жолугушуусун даярдап жатканын, анын артынан өзү да катышкан үч тараптуу сүйлөшүүлөр болорун айткан.
Кыргызстанда ЖККУнун "Рубеж — 2025" машыгуулары өтөтЗеленский Украинага коопсуздуктун кандай кепилдиктерин каалай турганын айттыЭгемендүүлүк күнүнө карата негизги майрамдык иш-чаралар Жалал-Абадда өтөтАлдыда кененирээк31-август – Эгемендүүлүк күнүнө карата негизги майрамдык иш-чаралар Жалал-Абад облусунда өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына караганда, Жалал-Абад шаарынын эски аянтында күндүзгү концерттик программалар уюштурулат. Ошондой эле 30-31-август күндөрү Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында төкмө акындардын эл аралык айтышы болот. Мындан тышкары, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн жаңы имаратынын ачылышына карата мамлекет башчысынын жана өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда кечки чоң концерттик программа өтөт. Министрликтен майрам жакындаганда дагы кошумча маалыматтар берилерин айтышты.Лейлекте чек арадан көчүрүлүп чыккандар үчүн 76 турак үйдүн курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Бүгүн облус башчысы Айбек Шаменов турак үйлөрдүн курулушунан кабар алды. Учурда Кулунду айыл аймагынын Раззаков айылында 60 үй, Максат айылында 16 үй курулууда. Мында 200гө жумушчу иштеп жатат. Белгилей кетсек, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгында Баткен облусунун айрым аймактарын Тажикстан менен алмашуунун натыйжасында жергиликтүү тургундарды көчүрүү үчүн жаңы турак үйлөрдүн курулушу башталган. Жалпы Лейлек жана Баткен району боюнча облуста 257 үй курулууда.Ысык-Көлдө сентябрь айынын ортосунда ЖККУнун "Рубеж — 2025" командалык-штабдык машыгуулары өтөт. Бул тууралуу уюмдун Бириккен штабынын башчысы Андрей Сердюков брифингде билдирди. Жоокерлер "Эдельвейс" борборунун базасында машыгышат. Максаты — башкаруу органдарынын кызматташуусун өркүндөтүү жана согуштук операцияларды пландоо, жүргүзүү учурунда биргелешкен аракеттерди иштеп чыгуу. Даярдыктын алкагында тез жайгаштыруучу жамааттык күчтөрдүн командачылыгы менен ыкчам жыйын өткөрүлөт. Окуулардын практикалык бөлүгү төмөнкүлөрдү камтыйт: Тоолуу рельефтин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жок кылуу боюнча согуштук аракеттерди пландаштыруу жана жүргүзүү; бардык этаптарда контингенттерди абадан коргоо; согуштук аракеттер жүргүзүлүп жаткан аймакты көлдүн акваториясынан бөгөттөө, белгиленген райондо ыкчам режимди түзүү жана колдоо. Ошондой эле аскерлердин практикалык аракеттеринин жүрүшүндө согуштук авиацияны колдонуу пландалууда.Владимир Зеленский Украина үчүн АКШ Израилге бергендей коопсуздук кепилдигин каалайт. Бул туурасында украиналык УНИАН агенттиги жазды. "Мисал катары АКШнын Израиль үчүн алган кепилдиктерин келтирди", — деп айтылган маалыматта. Франс Пресс агенттиги жазгандай, Зеленский Украина 7–10 күндүн ичинде коопсуздук кепилдигин ким, кандай жол менен жана кандай шарттарда берери так белгиленген келишимди каалайт. Мурдараак АКШ президенти Дональд Трамп РФ лидери Владимир Путин менен Владимир Зеленскийдин жолугушуусун даярдап жатканын, анын артынан өзү да катышкан үч тараптуу сүйлөшүүлөр болорун айткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/15/1096019828_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_96d5efa026c255ac8113ff128b795b95.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио