00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
4-декабрь — “Манас” эпосунун күнү: Манасты жайылтуу аракеттери жетиштүүбү?
13:08
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Будущее отношений России и Центральной Азии: еще раз о переговорах Путина и лидеров ОДКБ
14:04
57 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Спорт и память о героях: что приносит Кыргызстану турнир «Кубок Победы»
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тургунбай Садыков 90 жашта: мурас, искусство жана улуу устаттын мектеби
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Судьба солдата»: как в КР возвращают имена бойцам, исчезнувшим в годы войны
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Улуттук спорт даңазаланат — эми жыл сайын “Улуттук спорт мыктылары” аныкталат
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров АКШ президенти Дональд Трамп жана Англиянын премьер министри Кир Стармерге кайрылып, экономиканы саясатташтырбоого чакырды. Бул тууралуу өлкө башчынын "Кабар" агенттигине берген кезектеги маегинде айтылат. Буга чейин Улуу Британиянын мамлекттик "Борбордук Азия Капитал Банкына" санкция киргизгени маалым болгон. Себеп катары финансылык мекеме Россияга карата батыш өлкөлөрү тарабынан киргизилген санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам бериши мүмкүн деп айтылды. Жапаров өлкөнүн каржы уюмдары Россияга каршы Батыштын чектөөлөрүн айланып өтүүгө катышканын тастыктаган бир да далил жок экенин билдирген. Ага карабай "Керемет Банкка" Америка санкция салгандай "Капитал Банкка" да Англия санкция киргизип жатканын белгилеген президент бул өлкөлөрдүн жогорку жетекчилери Дональд Трамп жана Кир Стармерге кайрылып, экономиканы саясатташтырбоого чакырган. "Биз көп векторлуу саясат жүргүзүп келе жатабыз. Силер менен да экономикалык жактан кызматташуудабыз. Мисалы, Англия мамлекетине эле жылына миллиард долларга алтын сатабыз. Бизге кылган мамилеңер адилеттүүлүккө жатпайт. Ошондуктан ишенбесеңер колуңардагы маалыматтарды көтөрүп алып келгиле. Банк бардык маалыматтарды ачык көрсөтүп бергенге даяр", — деген Жапаров.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев таштандыны тыюу салынган жерге таштагандарды тарбиялоо жолун сунуштады. Ал Кыргызстандын мыйзамдарына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү керек деп эсептейт: тиричилик таштандыларын таштагандарга эскертүү берүүнүн ордуна 20 сааттык коомдук жумушка тартуу; өндүрүш, өнөр жай жана медициналык таштандыларды таштагандарды, таштандыларды же жалбырактарды өрттөгөндөрдү 20-30 сааттык коомдук жумуштарга тартуу. Мында айып пул төлөө шарты дагы сакталып калат. Бекешев тарбиялык аракеттердин аркасында жарандар мыйзамды кайрадан бузууга барбайт деп үмүттөнөт.
Борбор калаада Zakovat Asian Cup II эл аралык интеллектуалдык турниринин ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Өзбекстан президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева катышты. Өкмөт башчы Бишкекте интеллектуалдык бул оюн боюнча II ачык Азия чемпионатын уюштуруу демилгесин көтөрүп чыккан Саида Мирзиёевага ыраазылык билдирди. Мирзиёева турнирдин Бишкекте өтүшү эки боордош мамлекеттин маданий-гуманитардык кызматташтыгынын жаркын үлгүсү экенин белгиледи. Мелдеште Өзбекстан командасы эки раундда тең артыкчылык кылып, 2:0 эсебинде Кыргызстандын командасын утуп алды. Жеңүүчүлөргө Мирзиёева тапшырды.
Израиль армиясы Газа шаарына чабуул жасай баштады. Бул тууралуу Jerusalem Post басылмасы Куралдуу күчтөрдүн өкүлү бригадалык генерал Эффи Дефринге шилтеме жасап билдиргенин РИА Новости жазды. "ЦАХАЛ Газа шаарына басып кирүү боюнча алгачкы кадамдарды баштады", — деп айтылат билдирүүдө. Куралдуу күчтөрдүн өкүлүнүн айтымында, армия шаардын чет-жакасын көзөмөлдөп турат. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху августтун башында Газа секторуна жалпы көзөмөл орнотуу ниетин билдирип, муну "коопсуздук периметрин камсыз кылуу" деп түшүндүргөн. Ал Тель-Авив кийинчерээк анклавды жарандык өкмөттүн башкаруусуна өткөрүп берүүнү пландаштырып жатканын кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0