https://sputnik.kg/20250815/1095885744.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-Россия экономикалык форумунда 270 миллион долларлык 30 документке кол коюлду. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков... 15.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-15T09:00+0600
2025-08-15T09:00+0600
2025-08-15T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/0f/1095885612_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_50ba835fc46ef3fa4534bef7b93cd466.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-Россия экономикалык форумунда 270 миллион долларлык 30 документке кол коюлду. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков билдирди. Анын айтымында, документтердин арасында "Кыргызстан аэропорттору" үчүн учак алуу жана "Кыргыз темир жолу" ишканасынын базасында өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча келишимдер бар. Мындан тышкары, Россиядан металл алып келүү, РКӨФ тарабынан Евразия өнүктүрүү банкы менен биргелешкен жаңы долбоорлорду каржылоо макулдашылды. Фонд жетекчиси форумдун катышуучу өлкөлөрүнүн географиясы, долбоорлордун саны жана кол коюлган келишимдердин көлөмү мындан ары дагы өсөрүн белгиледи. Ошондой эле Афганстан делегациясы менен кыргыз продукциясын жеткирүү мүмкүнчүлүгү талкууланганын кошумчалады.
Россиянын экономикасы океандай, россиялыктардын сатып алуу мүмкүнчүлүгү абдан жогору. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев Ысык-Көлдө өтүп жаткан Петербург эл аралык экономикалык форумунун биринчи сессиясында билдирди. Ал Россиядагылар эски дос, ишенимдүү өнөктөш экенин түшүнүп жатканын белгиледи. "Биз силерди эч качан жолго таштабайбыз, керектүү жерде жардам берип, кол сунабыз. Бири-бирибизди жакшы тааныйбыз. Россияда биздин товарларга суроо-талап күч. Тил жактан да кыйынчылык жок. Көбүбүз Советтер Союзунда калыптанганыбыздан менталитетибиз, ой жүгүртүүбүз да окшош", — деди Сариев. Ал эки өлкөнүн бизнес-өкүлдөрүн тыгыз кызматташтык түзүү үчүн жеңилдиктерди иштеп чыгып, тоскоолдуктарды жоюуга чакырды.
Жарандардын 12 миллиард сомдой карызы кечилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди. Анын айтымында, кеп 2022-жылга чейинки төлөнбөй келген каражаттар тууралуу болууда. Алсак, мүлк салыгы, анын ичинде транспорт каражаттары боюнча карыздар жоюлат. Мындан тышкары, салык төлөөчүнүн арызынын негизинде 2024-2025-жылдарга чейинки айрым багыттар боюнча карыздар да эсептен чыгарылышы мүмкүн. Ошол эле учурда соттун айыптоо чечими же салык кылмыштары боюнча бүтпөгөн иштер болсо карыз кечилбейт. Ысабеков төлөнүшүнө үмүт артылбай калган салык 12 миллиард сомдой экенин белгилеген. Бул акча алты жылдан ашык төлөнбөй келгени айтылды. "Эсептен чыгаруу Салык кызматына базаны тазалоого жана ишти ак барактан баштоого мүмкүндүк берет", — деди ал. Ысабеков карызды кечүү алдамчылык фактылары менен карызга баткан салык төлөөчүлөрдүн көйгөйүн чечүүгө жардам берерин кошумчалады.
Аляскадагы Россия – АКШ саммитинде Украина өз аймагындагы балдар арбын болгон жерде чагым жасашы мүмкүн. Бул туурасында саясат таануучу Ростислав Ищенко Sputnik Ближнее зарубежье агенттигине айтып берген. "Россия – АКШ сүйлөшүүлөрүнүн фонунда Украина Куралдуу күчтөрү аймагындагы бала бакчаларында жана санаторийлеринде, тагыраагы, балдар көп болгон жерде чагым иштерин жасашы мүмкүн", — деген пикирин билдирген Ищенко.
Кыргыз-Россия экономикалык форумунда 270 миллион долларлык 30 документке кол коюлду. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков билдирди. Анын айтымында, документтердин арасында "Кыргызстан аэропорттору" үчүн учак алуу жана "Кыргыз темир жолу" ишканасынын базасында өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча келишимдер бар. Мындан тышкары, Россиядан металл алып келүү, РКӨФ тарабынан Евразия өнүктүрүү банкы менен биргелешкен жаңы долбоорлорду каржылоо макулдашылды. Фонд жетекчиси форумдун катышуучу өлкөлөрүнүн географиясы, долбоорлордун саны жана кол коюлган келишимдердин көлөмү мындан ары дагы өсөрүн белгиледи. Ошондой эле Афганстан делегациясы менен кыргыз продукциясын жеткирүү мүмкүнчүлүгү талкууланганын кошумчалады. Россиянын экономикасы океандай, россиялыктардын сатып алуу мүмкүнчүлүгү абдан жогору. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев Ысык-Көлдө өтүп жаткан Петербург эл аралык экономикалык форумунун биринчи сессиясында билдирди. Ал Россиядагылар эски дос, ишенимдүү өнөктөш экенин түшүнүп жатканын белгиледи. "Биз силерди эч качан жолго таштабайбыз, керектүү жерде жардам берип, кол сунабыз. Бири-бирибизди жакшы тааныйбыз. Россияда биздин товарларга суроо-талап күч. Тил жактан да кыйынчылык жок. Көбүбүз Советтер Союзунда калыптанганыбыздан менталитетибиз, ой жүгүртүүбүз да окшош", — деди Сариев. Ал эки өлкөнүн бизнес-өкүлдөрүн тыгыз кызматташтык түзүү үчүн жеңилдиктерди иштеп чыгып, тоскоолдуктарды жоюуга чакырды.Жарандардын 12 миллиард сомдой карызы кечилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди. Анын айтымында, кеп 2022-жылга чейинки төлөнбөй келген каражаттар тууралуу болууда. Алсак, мүлк салыгы, анын ичинде транспорт каражаттары боюнча карыздар жоюлат. Мындан тышкары, салык төлөөчүнүн арызынын негизинде 2024-2025-жылдарга чейинки айрым багыттар боюнча карыздар да эсептен чыгарылышы мүмкүн. Ошол эле учурда соттун айыптоо чечими же салык кылмыштары боюнча бүтпөгөн иштер болсо карыз кечилбейт. Ысабеков төлөнүшүнө үмүт артылбай калган салык 12 миллиард сомдой экенин белгилеген. Бул акча алты жылдан ашык төлөнбөй келгени айтылды. "Эсептен чыгаруу Салык кызматына базаны тазалоого жана ишти ак барактан баштоого мүмкүндүк берет", — деди ал. Ысабеков карызды кечүү алдамчылык фактылары менен карызга баткан салык төлөөчүлөрдүн көйгөйүн чечүүгө жардам берерин кошумчалады. Аляскадагы Россия – АКШ саммитинде Украина өз аймагындагы балдар арбын болгон жерде чагым жасашы мүмкүн. Бул туурасында саясат таануучу Ростислав Ищенко Sputnik Ближнее зарубежье агенттигине айтып берген. "Россия – АКШ сүйлөшүүлөрүнүн фонунда Украина Куралдуу күчтөрү аймагындагы бала бакчаларында жана санаторийлеринде, тагыраагы, балдар көп болгон жерде чагым иштерин жасашы мүмкүн", — деген пикирин билдирген Ищенко.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/0f/1095885612_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1410ffdf319ebb1afeeac3d87524a706.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио