00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Үйдү туура жылуулоо менен электр энергиясын канча пайызга үнөмдөсө болот?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Оверчук Кыргызстанда Россиянын катыштыгы бар 1 700 компания иштеп жатканын айттыБритания премьери Лондон Москвага санкциялардын жаңы топтомун камдаганын билдирдиЫсык-Көлдө III Россия-кыргыз медиафоруму башталды. Алдыда кененирээкКыргызстанда 1 700 россиялык компания иштейт, акыркы эки жылда 70 пайызга көбөйдү. Бул туурасында РФ өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Ысык-Көлдө өтүп жаткан Кыргыз-Россия экономикалык форумунда айтты. Ал былтыр Кыргызстанга дээрлик 200 миллион доллар көлөмүндө түз инвестиция келгенин, бул 2022-жылга салыштырмалуу 23 пайызга көп экендигин белгиледи. Оверчук форумда төмөнкүлөргө токтолду: товар алмашуунун көлөмү өсүүдө, быйыл январь-май айларындагы көрсөткүч өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 18,2 пайызга көп болду; Кыргызстан экономикалык өсүштүн рекорддук көрсөткүчүнө жетүүдө. Буга ЕАЭБдин кошкон салымы чоң; Россияда "Яндекс GPT-5" жана "ГигаЧат" ишке кирди. Кыргызстандык ишкерлерди акчаны үнөмдөп, атаандаштыкка туруштук берген ушул чаттарды колдонууга чакырам; бүгүнкү күндө санариптик көз карандысыздык экономикалык туруктуулук менен коопсуздукка гана эмес, жаңы мүмкүнчүлүктөргө дагы жол ачат. ЕАЭБде бул мүмкүнчүлүктөрдү толугу менен колдонууга бардык шарт бар.
Ысык-Көлдө III Россия-кыргыз медиафоруму башталды. Россиянын илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков форум эки өлкөнүн ортосундагы байланышты өнүктүрүүгө түрткү болоруна ишеним артты. КРСУнун ректору Сергей Волков университет кампус курууну гана эмес, Ысык-Көлдөгү билим берүү борборун реконструкциялоо менен аны студенттер үчүн заманбап реабилитациялык борборго айландырууну да пландаштырып жатканын белгилеген. III Россия-кыргыз медиафоруму жаштардын ортосундагы достукту чыңдоого багытталган билим берүүчү жана маданий программа болуп саналат.
Ош облусунун Өзгөн райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн башчысы Т.Б.К. кол алдындагы кызматкерине сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Буга чейин Ж.С.Ж аттуу жаран жетекчисинин жосунсуз аракетин айтып, чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган."Шектүү өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып, кол алдындагы кызматкерге мессенжер аркылуу ар түрдүү адепсиз билдирүүлөрдү, сүрөттөрдү жөнөтүп, ошондой эле күч колдонуу жолу менен сексуалдык зордук көрсөтүп, интимдик мамилеге мажбурлаган", — деп айтылат маалыматта. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо" беренеси менен иш козголуп, кармалган жаран атайын кызматтын тергөө абагына киргизилди.
Лондон Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү утурлай Москвага болгон кысымды күчөтүү үчүн Европа менен биргеликте Россияга каршы жаңы санкциялар топтомун даярдады. Бул тууралуу Улуу Британиянын премьери Кир Стармер билдиргенен РИА Новости жазды. "Россияга болгон басымды, айрыкча экономикалык кысымды күчөтүп, жаңы санкцияларды киргизүүгө, зарыл болсо андан да кеңейтилген чараларды колдонууга даярбыз. Улуу Британия катаал санкциялар топтомун даярдап жатат", — деген Стармер. Бул билдирүү РФ менен АКШ саммитинин алдында Европа жана АКШ лидерлеринин телефон сүйлөшүүсүнөн кийин жасалган. Премьер-министр ошондой эле ок атышуу токтотулса "каалоочулар коалициясы" Украинага өз контингентин жайгаштыруу планын ишке ашырууга даяр экенин билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0