00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:00
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Генплан Бишкека: что поддерживают строители и что их тревожит
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
“Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу идеологиялык документ боло алабы?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Красные и зелёные книги уходят? Юрист о том, что значит кадастровый план
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Алтын менен камсыздалган улуттук стейблкоин — артыкчылыктары жана келечеги
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара жаңжалында эки көзүнөн жаракат алган Элдияр Төлөновго каржылык колдоо көрсөттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Ал 2022-жылы Баткенде чек ара жаңжалында жарадар болуп, алгач Түркияда, андан кийин Россияда дарыланган.I топтогу майыптыгы аныкталгандан кийин Төлөновго мамлекет тарабынан 1 миллион 794 миң сом өлчөмүндө акчалай жардам көрсөтүлүп, Бишкектен батир берилген. Учурда ага майыптыгы боюнча төлөмдөр жана пенсия төлөнөт. Ташиев Төлөновду "эл-жерин коргогон чыныгы офицер жана патриот уул" деп атап, ата-энесине ыраазычылык билдирди.
Кыргызстанга россиялык дарыгерлер "Жакшылык" миссиясынын алкагында келишет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Бул маселе министр Эркин Чечейбаевдин Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев менен болгон жолугушуусунда талкууланган. “Миссиянын алгачкысы 17-августта башталат. "РЖД-Медицинасынын" адистери консультацияларды, хирургиялык операцияларды, тегерек столдорду жана окутуу модулдарын өткөрүү үчүн келишет”, — деп айтылат маалыматта. Октябрь айында экинчи миссия пландаштырылууда, анын алкагында россиялык дарыгерлердин көп тармактуу командасы республиканын медициналык жогорку окуу жайларынын жана колледждеринин окутуучуларынын потенциалын жогорулатуу боюнча иш жүргүзөт. Аутист, ДЦП жана Даун синдрому бар балдарды диагностикалоо жана коштоо, ошондой эле ата-энелер менен натыйжалуу иштешүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Саламаттыкты сактоо министри мындай кызматташуунун стратегиялык маанисин белгиледи. Гуманитардык жана билим берүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө маанилүү кадам жасалды. Өз кезегинде Зульхарнеев биргелешкен демилгелердин практикалык баалуулугун белгиледи.
Россия менен АКШ президенттери Владимир Путин жана Дональд Трамп жума күнү Алясканын Анкориж шаарында жолугарын Ак үйдүн маалымат катчысы Каролин Левитт билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Жума күнү Трамп өлкөнүн аймагы аркылуу Алясканын Анкорижине Россиянын президенти Владимир Путин менен болуучу эки тараптуу жолугушууга аттанат", — деген ал журналисттерге. Буга чейин эки президенттин 15-августта Аляскада жолугарын Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков ырастаган. Ал эки мамлекеттин башчылары украин кризисин тынчтык жолу менен жөнгө салууну талкуулоого басым жасай турганын айткан.
Ал арада Владимир Зеленский журналисттер менен сүйлөшүү маалында Россия жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамптын жолугушуусун Россия лидеринин жеке жеңиши экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Путин АКШнын аймагында жолугушуу өткөрөт. Мен муну анын жеке жеңиши катары көрөм", — деген Зеленский. Киев режиминин башчысы өтө турган саммитти Россиянын кайсы бир деңгээлде "обочолонуудан" чыгышы деп атаган. Ал чет элдик лидерлердин Москвага келип-кетишин жана Путиндин чет өлкөгө болгон сапарларын этибарга албагандай. Зеленский Аляскада боло турган жолугушуунун аркасы менен Россия жаңы санкциялардан кутулуп кеткенине нааразы болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0