https://sputnik.kg/20250809/1095788588.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына өлкө боюнча жайлоолорду кыдырып жүргөнүн жазып, Каркыра, Ат-Башы, Ала-Бука, Чаткал, Алай... 09.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-09T13:00+0600
2025-08-09T13:00+0600
2025-08-09T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/09/1095788456_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_620302d38192227591209e6714d9b3f1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына өлкө боюнча жайлоолорду кыдырып жүргөнүн жазып, Каркыра, Ат-Башы, Ала-Бука, Чаткал, Алай, Чоң-Алай сыяктуу бардык жайлоолордо жайыттарды техникалар тебелеп, жолдорду пайда кылып салганына нааразы болгон. "Анысы аз келгенсип жайлоолор такыр боло баштаган. 1970-жылдардан бери жайлоолорго урук себилген эмес. 4-5 жылдан бери урук себүү иштерин жүргүзүп келебиз. Бирок бир жылда эле бардык жайлоолорду камтуу мүмкүн эмес. Ошондуктан, урматтуу жайлоочулар, турист болобу же өзүңөрбү, жайлоолорду, көк шиберлерди техника менен тебелебегиле. Таштанды таштатпагыла, тазалап тургула", — деген президент Ысык-Көлгө барып жергиликтүү тургундар менен жолукканда.Мамлекет башчы ошондой эле малдын саны да өтө көбөйүп кеткенин белгилеп, бул дагы жайыттарга терс таасирин тийгизип жатканын кошумчалады.
Соттун чечимисиз жарандардын эсеби тууралуу маалыматты банктардан талап кылган норма алып салынды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты. Тиешелүү норма Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорунда каралган. “Норма башкалардын эсептерин же электрондук капчыктарын колдонгон ак ниетсиз ишкерлер менен күрөшүүгө багытталган. Ал эми ишкерлик менен алектенбегендерге тиешеси жок. Бирок коомдук талкууда бул норма сын-пикирлерди жаратып, натыйжада мыйзам долбоорунан алып салуу чечими кабыл алынды”, — деп айтылат маалыматта. Ошону менен бирге мекеме учурдагы салык мыйзамдарында банктардын салык органдарына маалымат берүү милдети каралгандыгын эскерткен. Бирок ал уюм жана ишкерлерди текшерүүгө байланыштуу болуп, жеке жактардыкы соттун чечимисиз алынбай турганын кошумчалаган.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы чет өлкөлүк номурлуу унааларды легалдаштырууну эскертет. Мекеме Абхазия жана Армения өңдүү чет өлкөлүк номурлуу унааларды айдап жүргөн айдоочуларга кайрылып, легалдаштырууну эртелетүүгө чакырды. Ошондой эле жакынкы күндөрү текшерүү иштери жүрөөрү белгиленди.
Россия президенти Владимир Путин менен АКШ лидери Дональд Трамптын жолугушуусу 15-августта Аляскада өтөрүн Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков ырастаганын РИА Новости жазды. "Америка тарап Россия менен АКШ президенттеринин жолугушуусун жума күнү, 15-августта, Аляскада уюштуруу боюнча келишимди жаңы эле жарыялады. Россия менен АКШ — бири-бири менен чектешкен жакын коңшулар. Биздин делегациянын Беринг кысыгы аркылуу учуп өтүшү жана эки өлкөнүн лидерлеринин мындай маанилүү жана күтүлгөн саммитинин Аляскада өтүшү айкын нерсе", — деген Кремлдин өкүлү. Ушаков жолугушууда лидерлер украин кризисин узак мөөнөттүү тынчтык жолу менен жөнгө салууга жетишүүнүн варианттарын талкуулоого басым жасашарын белгилеген. Ошондой эле Россия кийинки саммит Россияда өтүшү мүмкүн экенин, Трампка чакыруу берилгенин кошумчалаган. Белгилей кетсек, Путин Аляскага барган биринчи Россия лидери болот.
Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына өлкө боюнча жайлоолорду кыдырып жүргөнүн жазып, Каркыра, Ат-Башы, Ала-Бука, Чаткал, Алай, Чоң-Алай сыяктуу бардык жайлоолордо жайыттарды техникалар тебелеп, жолдорду пайда кылып салганына нааразы болгон. "Анысы аз келгенсип жайлоолор такыр боло баштаган. 1970-жылдардан бери жайлоолорго урук себилген эмес. 4-5 жылдан бери урук себүү иштерин жүргүзүп келебиз. Бирок бир жылда эле бардык жайлоолорду камтуу мүмкүн эмес. Ошондуктан, урматтуу жайлоочулар, турист болобу же өзүңөрбү, жайлоолорду, көк шиберлерди техника менен тебелебегиле. Таштанды таштатпагыла, тазалап тургула", — деген президент Ысык-Көлгө барып жергиликтүү тургундар менен жолукканда.Мамлекет башчы ошондой эле малдын саны да өтө көбөйүп кеткенин белгилеп, бул дагы жайыттарга терс таасирин тийгизип жатканын кошумчалады.Соттун чечимисиз жарандардын эсеби тууралуу маалыматты банктардан талап кылган норма алып салынды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты. Тиешелүү норма Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорунда каралган. “Норма башкалардын эсептерин же электрондук капчыктарын колдонгон ак ниетсиз ишкерлер менен күрөшүүгө багытталган. Ал эми ишкерлик менен алектенбегендерге тиешеси жок. Бирок коомдук талкууда бул норма сын-пикирлерди жаратып, натыйжада мыйзам долбоорунан алып салуу чечими кабыл алынды”, — деп айтылат маалыматта. Ошону менен бирге мекеме учурдагы салык мыйзамдарында банктардын салык органдарына маалымат берүү милдети каралгандыгын эскерткен. Бирок ал уюм жана ишкерлерди текшерүүгө байланыштуу болуп, жеке жактардыкы соттун чечимисиз алынбай турганын кошумчалаган.Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы чет өлкөлүк номурлуу унааларды легалдаштырууну эскертет. Мекеме Абхазия жана Армения өңдүү чет өлкөлүк номурлуу унааларды айдап жүргөн айдоочуларга кайрылып, легалдаштырууну эртелетүүгө чакырды. Ошондой эле жакынкы күндөрү текшерүү иштери жүрөөрү белгиленди. Россия президенти Владимир Путин менен АКШ лидери Дональд Трамптын жолугушуусу 15-августта Аляскада өтөрүн Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков ырастаганын РИА Новости жазды. "Америка тарап Россия менен АКШ президенттеринин жолугушуусун жума күнү, 15-августта, Аляскада уюштуруу боюнча келишимди жаңы эле жарыялады. Россия менен АКШ — бири-бири менен чектешкен жакын коңшулар. Биздин делегациянын Беринг кысыгы аркылуу учуп өтүшү жана эки өлкөнүн лидерлеринин мындай маанилүү жана күтүлгөн саммитинин Аляскада өтүшү айкын нерсе", — деген Кремлдин өкүлү. Ушаков жолугушууда лидерлер украин кризисин узак мөөнөттүү тынчтык жолу менен жөнгө салууга жетишүүнүн варианттарын талкуулоого басым жасашарын белгилеген. Ошондой эле Россия кийинки саммит Россияда өтүшү мүмкүн экенин, Трампка чакыруу берилгенин кошумчалаган. Белгилей кетсек, Путин Аляскага барган биринчи Россия лидери болот.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/09/1095788456_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_fc39f9d901a74ff527e37d3f58af4ce4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио