https://sputnik.kg/20250801/1095639264.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Казакстандын тышкы иштер министри расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады... 01.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-01T08:59+0600
2025-08-01T08:59+0600
2025-08-01T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/01/1095639132_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_361555b3b0c2f64fc8eb9ae0bbd9e94c.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Казакстандын тышкы иштер министри расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, 1-2-августта Казакстандын премьер-министринин орун басары – тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Ал Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча келе жатат. Сапардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Казакстандын Тышкы иштер министрлеринин саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-казак мамилелерин мындан ары чыңдоого багытталган сүйлөшүүлөрү болот.
Мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн атайын адаптацияланган билим берүү программасын жана өзгөчө муктаждыктары бар балдарга бирдей жана толук кандуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган инклюзивдик билим берүү программасын иштелип чыгууда. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, программаларды иштеп чыгууга Агартуу министрлигинин буйругу менен түзүлгөн жумушчу топ – Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери жана бала бакчалардын логопеддери, дефектологдору жана башка адистер тартылган. Министрликтин бул демилгеси билим берүүдө инклюзивдүүлүктү камсыз кылуу жана өзгөчө муктаждыктары бар балдардын билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатын көздөйт.
Кыргызстандагы жырылуу коркунучу бар көлдөрдү жасалма интеллект көзөмөлдөп жатат. Бул тууралуу ӨКМнын Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыев билдирди. Анын айтымында өткөн жылы БУУнун көмөгү менен жырылуу коркунучу бар көлдөрдү көзөмөлдөгөн IT-модуль ишке кирген. Ал жасалма интеллектинин жардамы менен кооптуулукту аныктайт. "Ага өлкөдөгү жырылып кетүү кооптуулугу бар көлдөрдүн координаты, ар биринин мүнөздөмөлөрү, буга чейинки катталган өзгөрүүлөрү тууралуу маалыматтардын баарын киргизгенбиз. Ушул нерселерди талдап, эсине алат. Мисалы, космостон тартылган мурдагы жана азыркы сүрөттөрдү салыштырып, температуранын өзгөрүшүн байкап турат. Кооптуулук тууралуу маалымдаса биздин адисттер дагы кошумча анализдөө иштерин жүргүзөт", — деди Сакыев. Ошондой эле ал Зындан көлүндөгү жырылууну жасалма интеллект алдын ала кабарлап, кесепетин азайтууга мүмкүндүк түзгөнүн белгиледи. Муну менен катар ал табият кырсыктарын алдын алууда мындан башка да заманбап технологиялар активдүү колдонулуп жатканын кошумчалады.
Канаданын премьер-министри Марк Карни анын өлкөсү Палестинаны өз алдынча мамлекет катары, БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында таанууга ниет кылып жаткандыгын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. Карнинин айтымында, бул кадам Палестина администрациясынын зарыл реформаларга умтулганына негизделди. Белгилеп айтканда, президент Махмуд Аббас негизги башкаруу системасын түп-тамырынан өзгөртүү, 2026-жылы жалпы элдик шайлоо өткөрүү, Палестинаны куралсыздандыруу милдеттенмелерин алган. Канада атал
Казакстандын тышкы иштер министри расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, 1-2-августта Казакстандын премьер-министринин орун басары – тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Ал Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча келе жатат. Сапардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Казакстандын Тышкы иштер министрлеринин саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-казак мамилелерин мындан ары чыңдоого багытталган сүйлөшүүлөрү болот. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн атайын адаптацияланган билим берүү программасын жана өзгөчө муктаждыктары бар балдарга бирдей жана толук кандуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган инклюзивдик билим берүү программасын иштелип чыгууда. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, программаларды иштеп чыгууга Агартуу министрлигинин буйругу менен түзүлгөн жумушчу топ – Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери жана бала бакчалардын логопеддери, дефектологдору жана башка адистер тартылган. Министрликтин бул демилгеси билим берүүдө инклюзивдүүлүктү камсыз кылуу жана өзгөчө муктаждыктары бар балдардын билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатын көздөйт. Кыргызстандагы жырылуу коркунучу бар көлдөрдү жасалма интеллект көзөмөлдөп жатат. Бул тууралуу ӨКМнын Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыев билдирди. Анын айтымында өткөн жылы БУУнун көмөгү менен жырылуу коркунучу бар көлдөрдү көзөмөлдөгөн IT-модуль ишке кирген. Ал жасалма интеллектинин жардамы менен кооптуулукту аныктайт. "Ага өлкөдөгү жырылып кетүү кооптуулугу бар көлдөрдүн координаты, ар биринин мүнөздөмөлөрү, буга чейинки катталган өзгөрүүлөрү тууралуу маалыматтардын баарын киргизгенбиз. Ушул нерселерди талдап, эсине алат. Мисалы, космостон тартылган мурдагы жана азыркы сүрөттөрдү салыштырып, температуранын өзгөрүшүн байкап турат. Кооптуулук тууралуу маалымдаса биздин адисттер дагы кошумча анализдөө иштерин жүргүзөт", — деди Сакыев. Ошондой эле ал Зындан көлүндөгү жырылууну жасалма интеллект алдын ала кабарлап, кесепетин азайтууга мүмкүндүк түзгөнүн белгиледи. Муну менен катар ал табият кырсыктарын алдын алууда мындан башка да заманбап технологиялар активдүү колдонулуп жатканын кошумчалады. Канаданын премьер-министри Марк Карни анын өлкөсү Палестинаны өз алдынча мамлекет катары, БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында таанууга ниет кылып жаткандыгын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. Карнинин айтымында, бул кадам Палестина администрациясынын зарыл реформаларга умтулганына негизделди. Белгилеп айтканда, президент Махмуд Аббас негизги башкаруу системасын түп-тамырынан өзгөртүү, 2026-жылы жалпы элдик шайлоо өткөрүү, Палестинаны куралсыздандыруу милдеттенмелерин алган. Канада атал
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/01/1095639132_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ce65c7ce1f126e009168fc4650783c6e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио