https://sputnik.kg/20250725/1095520226.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Тышкы иштер министрлиги Таиланд менен Камбоджада жүргөн жана ал жакка бара турган кыргызстандыктарга кайрылды. Мекеме жогорудагы эки өлкөнүн чек арасындагы... 25.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-25T11:00+0600
2025-07-25T11:00+0600
2025-07-25T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/07/19/1095520094_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5c9c40449accba0ed343128b2acd2661.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Тышкы иштер министрлиги Таиланд менен Камбоджада жүргөн жана ал жакка бара турган кыргызстандыктарга кайрылды. Мекеме жогорудагы эки өлкөнүн чек арасындагы куралдуу кагылышууларга байланыштуу мекендештерди ал жактагы жаңжал чыккан жерлерден алыс болууну эскертти. Ал эми аталган эки өлкөдө жашап жаткан кыргызстандыктарды коопсуздуктун эрежелерин сактап, сак болууну өтүнөт. Эске салсак, кечээ Таиланддын аскердик күчтөрү Камбоджага сокку уруп, ага берки тарап жооп бергени кабарланган. Ага чейин эки өлкөнүн такталбаган чек ара бөлүгүндө мина жарылып, таиланддык беш аскер жаракат алган. Таиланд андан кийин өзүнүн Камбоджадагы элчисин чакыртып, алардыкын артка кайтарган.
Борбор калаада сентябрга пландалган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бет ачары өттү. Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанда дүйнөлүк бул иш-чараны өткөрүүгө даярдык активдүү башталганын айтты. "Кийинки жылы бизде илимий-маданий жана спорттук иш-чараларга бай программа болот. Бул этноспортту, элдик өнөрдү жана көчмөн цивилизациясын даңазалоого багытталган иш-чара болот. Учурда 100гө жакын өлкөгө чакыруулар жөнөтүлдү", — деди Байсалов. Ал бул оюндар жаңы деңгээлге чыгып дүйнөлүк масштабда болору күтүлүп жатканын айтып, ага көбүрөөк каражат бөлүнөрүн белгиледи. Маданият, маалымат жана туризм министри Мирбек Мамбеталиев оюндарга дүйнөлүк жылдыздар, анын ичинде казак ырчысы Димаш Кудайберген чакырыларын айтты. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий сайты августтун ортосуна чейин ишке кирип, анда ар бир спорт түрү жана иш-чара тууралуу толук маалымат берилет.
Кыргызстан Кореядан эки тик учак сатып алат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди. Министрдин айтымында Кыргызстанга Түштүк Кореядан расмий делегация келип, тик учактарды сатып алуу боюнча келишимдин деталдары менен Техникалык-экономикалык негиздеменин тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Бул көп этаптуу сүйлөшүүлөрдүн соңку баскычы. Эки тик учактын баасы 71 млн доллардын тегерегинде.Ошондой эле ал Корея аба транспортун эң төмөнкү пайыздык чен менен жеңилдетилген шартта жана 40 жылга берип жатканын айтты. Анын 10 жылы — жеңилдетилген мөөнөт экенин белгиледи.
Россия НАТО менен чатакташууга умтулбайт, бирок өзүнүн жарандарынын коопсуздугу менен кызыкчылыгын коргойт жана альянстын Россиянын аскердик даярдыгын сынагысы келген аракеттерине токтоосуз, кескин жооп алат. Бул туурасында Россия президентинин жардамчысы, Деңиз коллегиясынын төрагасы Николай Патрушев айтканын РИА Новости жазды. Июндун соңунда Блумберг агенттиги НАТО менен Россиянын ортосундагы катуу чатактын ыкмалдыгын жазган. Ал жасалма уюштурулган, маселен, Москвадан Калининградга чейинки темир жолдо болот деген түкшүмөл менен берген. "Россия тирешүүгө умтулбайт, бирок улуттук кызыкчылыктарын жана жарандарынын коопсуздугун бардык жеткиликтүү каражаттар, ыкмалар менен коргойт. Аскердик даярдыгыбызды сыноо аракеттерине токтоосуз жана кескин жооп берилет. Кесепеттер болуп кетсе, ал жоопкерчилик толугу менен альянстын жетекчилигинин мойнунда болот", — деп белгилеген ал.
Тышкы иштер министрлиги Таиланд менен Камбоджада жүргөн жана ал жакка бара турган кыргызстандыктарга кайрылды. Мекеме жогорудагы эки өлкөнүн чек арасындагы куралдуу кагылышууларга байланыштуу мекендештерди ал жактагы жаңжал чыккан жерлерден алыс болууну эскертти. Ал эми аталган эки өлкөдө жашап жаткан кыргызстандыктарды коопсуздуктун эрежелерин сактап, сак болууну өтүнөт. Эске салсак, кечээ Таиланддын аскердик күчтөрү Камбоджага сокку уруп, ага берки тарап жооп бергени кабарланган. Ага чейин эки өлкөнүн такталбаган чек ара бөлүгүндө мина жарылып, таиланддык беш аскер жаракат алган. Таиланд андан кийин өзүнүн Камбоджадагы элчисин чакыртып, алардыкын артка кайтарган.Борбор калаада сентябрга пландалган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бет ачары өттү. Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанда дүйнөлүк бул иш-чараны өткөрүүгө даярдык активдүү башталганын айтты. "Кийинки жылы бизде илимий-маданий жана спорттук иш-чараларга бай программа болот. Бул этноспортту, элдик өнөрдү жана көчмөн цивилизациясын даңазалоого багытталган иш-чара болот. Учурда 100гө жакын өлкөгө чакыруулар жөнөтүлдү", — деди Байсалов. Ал бул оюндар жаңы деңгээлге чыгып дүйнөлүк масштабда болору күтүлүп жатканын айтып, ага көбүрөөк каражат бөлүнөрүн белгиледи. Маданият, маалымат жана туризм министри Мирбек Мамбеталиев оюндарга дүйнөлүк жылдыздар, анын ичинде казак ырчысы Димаш Кудайберген чакырыларын айтты. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий сайты августтун ортосуна чейин ишке кирип, анда ар бир спорт түрү жана иш-чара тууралуу толук маалымат берилет.Кыргызстан Кореядан эки тик учак сатып алат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди. Министрдин айтымында Кыргызстанга Түштүк Кореядан расмий делегация келип, тик учактарды сатып алуу боюнча келишимдин деталдары менен Техникалык-экономикалык негиздеменин тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Бул көп этаптуу сүйлөшүүлөрдүн соңку баскычы. Эки тик учактын баасы 71 млн доллардын тегерегинде.Ошондой эле ал Корея аба транспортун эң төмөнкү пайыздык чен менен жеңилдетилген шартта жана 40 жылга берип жатканын айтты. Анын 10 жылы — жеңилдетилген мөөнөт экенин белгиледи. Россия НАТО менен чатакташууга умтулбайт, бирок өзүнүн жарандарынын коопсуздугу менен кызыкчылыгын коргойт жана альянстын Россиянын аскердик даярдыгын сынагысы келген аракеттерине токтоосуз, кескин жооп алат. Бул туурасында Россия президентинин жардамчысы, Деңиз коллегиясынын төрагасы Николай Патрушев айтканын РИА Новости жазды. Июндун соңунда Блумберг агенттиги НАТО менен Россиянын ортосундагы катуу чатактын ыкмалдыгын жазган. Ал жасалма уюштурулган, маселен, Москвадан Калининградга чейинки темир жолдо болот деген түкшүмөл менен берген. "Россия тирешүүгө умтулбайт, бирок улуттук кызыкчылыктарын жана жарандарынын коопсуздугун бардык жеткиликтүү каражаттар, ыкмалар менен коргойт. Аскердик даярдыгыбызды сыноо аракеттерине токтоосуз жана кескин жооп берилет. Кесепеттер болуп кетсе, ал жоопкерчилик толугу менен альянстын жетекчилигинин мойнунда болот", — деп белгилеген ал.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/19/1095520094_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1743f2123ae04ef605547f33e21cf7fc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио